Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:00

Гезиттер: Сөөктү өрттөш керекпи?


Көрүстөн
Көрүстөн

Бүгүн жарык көргөн кыргыз гезиттеринин баары шайлоо күчтүү атаандаштык менен өткөнүн жазып чыгышты.

Эң башкысы, шайлоонун арты ызы-чуу менен аяктабаганын, шайлоого катышкандардын баары жыйынтыгы менен бир ооздон макул болушканын, шайлоону таза өткөрүү менен Кыргызстан бул ирет коңшуларга үлгү болгонун жазып чыгышты.

“Баягы асаба” гезити “Бүтүн Кыргызстан Эмгек” партиясынын төрагасы Адахан Мадумаров өзү туулуп-өскөн Куршабдан утулуп калып, добуштар фальсификация болгонун айтса, эң артта калган “Азаттык” партиясынын лидери Исмаил Исаков бардык добуштар КСДПга кетти деп саймедирегенин, эми утулуп калгандар ушинтип айтып чыгары белгилүү экендигин жазды.

Ушул эле гезит кийинки кездери өзүнүн прозасы менен таанылып калган жазуучу Арслан Койчиев “Шаман жана Чыңгызхан” романы үчүн “Арча” адабий сыйлыгын диплому жана 100 миң сому менен утуп алганын, буга чейин Койчиев “Мисмилдирик” жана “Айта бар менин кебимди” деген чыгармалары менен таанымал экендигин кабарлады. Таланттуу акын кызыбыз Афина Бакированын жаңы ырлары да ушул санда.

“Жаңы агым” гезити “Алма айылда арзан, шаарда кымбат” деген, “Төөбуурчак баасы төмөн” деген, “Мал арзан, азык-түлүк кымбат” деген, “Баткенде жаңгак, өрүк жок” деген майда маалыматтарды басты. Асанбек Мамырбаевдин “КГБга кысмаланган Аман Токтогуловдун тагдыры кейитет” деген эскерүүсү жарыяланды. Мелис Совет уулунун макаласы “Сомду соолутпай өстүрсөк гана өнүгөбүз” деп аталды.

“Искра” гезити “Шайлоо жыйынтыгы: кимдер депутат болот?” деген теманын алдында парламентке өткөн партиялардан депутат болчулардын болжолдуу тизмесин жарыя кылды. Гезит мурдагысындай эле Акматбек Келдибековдун сотунан стенограмма басууну улантты. “Өлгөн адамдарды кордобосок” деген макалада өтө ойлоно турган маселе көтөрүлдү. Гезит өлгөн адамдын сөөгүн өрттөөгө эмне үчүн болбосун, анткени оттон улуу, оттон таза эч нерсе жоктугун, адамдын денеси көр ичинде курт-кумурскага таланып азап тарткандан көрө Индиядагыдай күйүп, күлү калбай өрттөнүп кетсе дурус болмогун, антпесе көрүстөндөр гранит, мраморго же жер үстүндөгү экинчи “шаарга” толуп баратканын, кыргыздар эстелик деп жанталашып жатып, башка элдердин жаман сапатын адат кылып алышканын, өлгөн адамга алтындан эстелик тургузсаң дагы кайра тирилип келбестигин, минте берсек кыргызга өлгөндөн кийин жатарга эмес, басарга жер жок каларын жазып кайрылды.

“ПолитКлиника” гезитине Анара Дауталиеванын “Сиңдимдин каза болгонуна тиешеси бар врачтар жазага тартылсын!” деген аталыштагы каты жарык көрдү. Анара төрөттөн каза болгон сиңдисине врачтар күнөөлүү экендигин баяндоо менен: “Урматтуу президент! Мен сотторго да, милицияларга да ишенбейм. Сиңдим эми кайрылып келбейт. Бирок мындан кийин Кыргызстанда мындай окуялар кайталанбай, шалаакылык кылган дарыгерлер жазаланса, башкалары коркуп, өз иштерине жоопкерчилик менен мамиле жасайт беле деген үмүтүм бар. Эч бир кыргызстандыктын бир тууганы каза болбосун!” деп жазды.

“ПолитКлиника” гезити “Канткен менен Атамбаев таза шайлоону камсыз кылгандыгы үчүн тарыхта калат” деген макаланы тартуулады. Гезит андан ары 2010-жылы бир депутаттык мандаттын баасы 2 млн. 96 миң сом болсо, быйылкы мандаттын баасы орто эсеп менен 5 млн. 18 миң сомго чыкканын маалымдады. БШКнын төрагасы Туйгуналы Абдраимов Адахан Мадумаров түштүктө анын партиясына салынган 37 миң добуш табылды дегенине токтолуп, андай болушу мүмкүн эместигин, олуттуумун деген саясатчылар мынчалык калпты айтпашы керектигин билдиргенин кабарлады. Фарид Ниязов президенттин буйругу менен кеңешчилик кызматтан президенттик аппараттын башчылыгына дайындалганын, ал эми жакында эле бул кызматка келген Темир Жумакадыров Коргоо Кеңешинин катчылыгына кеткенин жазып чыкты.

“Асман плюс” гезити бул санын “Шайлоого нааразылар жана ыраазылар” аттуу макала менен ачты. Аталган басылма Ош шаарындагы 133 миң шайлоочудан “Ата Мекен” партиясы 4 миң 437 гана добуш алганын, ал эми ага чейин Мелис Мырзакматов тууралуу ушул партиянын айланасында ар кандай кеп-сөздөр уу-дуу болуп турганын, эми буга чекит коюлганын, мындан улам эки бүтүм чыгарса болорун, же укмуш деп күпүлдөтө даңктап келген Мырзакматовдун Ошто кадыр-баркы жок, же Мырзакматов Текебаевди “кидать” этти” деп жазды.

XS
SM
MD
LG