Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:39

Эркиндик

Абактарда ачкачылык акциясы токтоду

Акыйкатчы Турсунбек Акундун "Азаттыкка" билдиришинче, бийлик түрмөдөгүлөрдүн саясий талаптарын аткарган жок, бирок алардын жашоо шарттарын жакшыртуу жагы каралмай болду.

Турсунбек Акун Оштогу абак жайлардын биринде. 20-январь, 2012-жыл
x
Турсунбек Акун Оштогу абак жайлардын биринде. 20-январь, 2012-жыл
Текст көлөмү - +
“Азаттык”: Абак жайларындагы ачкачылык качан, кандай шартта токтоду?

Турсунбек Акун: Көп күндүк сүйлөшүүлөрдөн кийин кечээ кечки саат он жарымда ачкачылыкты токтотуу боюнча чечим кабыл алынды.

“Азаттык”: Абактагылар буга чейин бир нече талаптарды коюп келишкен эле. Ал талаптар эмне болду?

Турсунбек Акун: Бийлик абактагылардын “Байзаков кетсин, өзгөчө камералар ачык болсун” деген саясий талаптарын аткарган жок. Эч бир камера ачылбайт, Шейшенбек Байзаков кызматтан кетпейт.

Мамлекеттин өкүлдөрү “башка саясий талаптарды койбош керек, тартип бардыгына бирдей болуш керек” деген чечимде калышты. Бирок абактагылардын шарттарын, тамак-ашын карап, төшөнчүлөрүн жакшыртып, туугандары менен жолугушууну жолго коюп, мөөнөтү келгендердин ишин эртерээк карап, аларга гумандуу мамиле кылуу жактары каралмай болду.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:

Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
30.01.2012 23:38
Emi Tursunbek Akun Akyikatchy bolgondon kiyin al da ishin jasap jatat da! Tuura tyshynysh kerek ani da. Tuurasin tuura jogun jok dep jatat.

кимден: Максат каяктан: Бишкек
29.01.2012 17:05
Бул Турсунбек Акун кайсы жерде журбосун бойроктон шыйрак чыгарат!

кимден: Бек каяктан: Нарын
29.01.2012 14:45
Эми турмодо отурган кылмышкерлер саясый талап койгонго эч акысы жок , Акунду турмо башчысы кылып шайлап койюш керек окшойт, тоок урдап колго тушуп кесилгендин кызыкчылыгын коргобой , бут кыргызстан эли билген кылмышкерлердин талабын талашканына аябай тангалын ,Акунду как укук коргочу катары эч бир сыйлабай калдым,

кимден: даана акыйкатчы каяктан: бишкектен
28.01.2012 20:01
эй, ушу турсунбек акун барса эле эле болду, чуу чыгарат, баарын жышып. эки жакка тең ойнойт. баягүнү "дело" туура жазды. тигиндей-мындай кылса да, баары бир турсунбекке жакпайбыз. "акыйкатчы" эместе эле баарына кыпчыла берчү. бул оору. "азаттык" бир иликтөөгө алып көргүлөчү? симптомдору бар, бул балада.

кимден: Рысбек каяктан: Ноокат
28.01.2012 16:55
Эң туура чечим! "Өгүз өлбөдү, араба да сынбады"

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине