Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:41

Коопсуздук

Милиция элдик экенин көрсөтүүгө умтулууда

Бишкекте жана Ошто 8-майда “Милициянын адилет, таза иши эл үчүн” деп аталган салтанаттуу акция өткөрүлдү. Тартип коргоочулар ушундай акциялар менен элге жакындап, ишенимин чыңдап, анын колдоосун алууну максат кылышууда.

Текст көлөмү - +
Бишкекте Ала-Тоо аянтында болгон салтанатта улуу ата мекендик согуштун жана милициянын ардагерлерине куттуктоолор айтылып, милициянын кызматтык бөлүктөрү кесиптик чеберчиликтин атайын ыкмаларын көрсөтүштү, жаш инспекторлор, кыз-келиндер взводу жана башкалар болуп тизилип параддан өтүштү.

Акция ошондой эле “Милиция балдардын көзү менен” деген аталыштагы балдардын асфальтка тартылган сүрөттөрүнүн конкурсу, спорттук жана музыкалык иш-чаралар менен коштолду.

Зарылбек Рысалиев
Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев бул акция милицияга элдин жана жарандык коомдун ишенимин чыңдоо үчүн пландалган көп иш-чаралардын бири экенин “Азаттыкка” курган маегинде айтты.

- Эл милицияга, милиция элге ишениши керек. Милиция менен элдин ортосундагы мамилени мындай акциялар чыңдайт деп ойлойбуз.

Милициянын ишин кай жагынан караба, бүт жагында оркойгон кемчиликтер көп болуп жатканы коомчулукту беймаза кылган маселе болуп келатат.

Көчөдөгү милиция кызматкери болобу, жол тоскон МАИ инспектору болобу, бүт эле алып-жулууга кынык алган деген нааразы кепти биринчи эле жолуккан кишиден угасың.

Ал аз келгенсип милиция кызматкерлери кармаган жарандарды сабап, кыйноого алган көрүнүштөр күчөп кеткенин укук коргоочулар утур-утур айтып жатышат.

5-Майда президент Р. Отунбаева менен болгон жолугушууда укук коргоочулар ушул көйгөйдү өзгөчө бөлүп айтышкан болчу.

“Эркиндик үнү” укук коргоо уюму жарыялаган маалыматтарга карасак, акыркы беш жылда тартип коргоочулар кыйноо көрсөткөндүгү жөнүндө жарандардан прокуратура органдарына 778 арыз түшкөн. Бирок прокуратура түшкөн арыздарды үстүртөн текшерген үчүн кыйноо фактылары боюнча 91 кылмыш иши козголуп, калгандары каралган эмес.

Акыйкатчы Турсунбек Акун Жогорку Кеңеште берген отчетунда 2010-жылы 97 кыйноо факты катталып, прокуратура 70 иш козгогонун, бирок соттордун “сокур” иштеринин айынан бир гана тартип коргоочу жоопко тартылганын айткан эле.

Кыйноо фактыларына тартип коргоо органдары жоопкерчиликтүү карабай жатканын Сокулук районунун тургуну Бекболот уулу Көчкөнбайдын башына келген окуя даана көрсөтүп турат. Милиция кызматкерлери аны компьютер уурдады деген шек менен кармап, милиция бөлүмүнө алып барып, байлап коюп, кылмышты мойнуна алдырыш үчүн таяк менен уруп сабаганын Көчкөнбай “Азаттыкка” өзү айтып берген эле.

Көчкөнбай милиция кызматкерлеринин уруп сабаганы жөнүндө прокуратурага арыз бергенин, бирок ишти жаап салууга көп аракет болуп жатканын, ошондой эле уруп-сабалгандан кийин саламаттыгы начарлап, башы ооруп, мурду бат-бат канап, эмгекке жарамсыз болуп калганын билдирген.

Ички иштер министри Зарылбек Рысалиев милиция кызматкерлери кармаган жарандарды уруп сабаган фактылар жөнүндө сын-дооматтардын негизи бар экенин танбайт, бирок мындай арыздардын көбү текшере келгенде далилденбей калып жатканын да белгилейт.

Кыргыз милициясынын ишин реформалоо боюнча айтылуу Аксы трагедиясынан кийин башталган иштердин жүрүп жатканына мына сегиз жылга кетти. ЕККУнун каржылык колдоосу менен 2008-2010-жылдары жүргүзүлгөн милицияны реформалоо программасында да тартип коргоочулардын эл менен иштөө деңгээлин жакшыртууга, кесиптик даярдыгын күчөтүүгө орчундуу көнүл бурулган. Бирок байкоочулардын баамында реформалык иш-аракеттердин оң натыйжаларын коомчулук көрө элек.

2005-жылдагы, 2010-жылдагы бийлик алмашкандагы тополоң-тоз окуялар кыргыз милициясын моралдык алсыроого, чүнчүүгө алып келди. Убактылуу өкмөт кыйчалыш шартта милицияны шал болуп калган абалдан чыгаруу үчүн эң биринчи алардын эмгек акысын көтөргөн.

Ички иштер тармагынын жетекчилери милиция эми элге карамдуу иштейт деп кезектеги реформанын план-программасын жарыя кылышууда. 2011-2015-жылдарга карай ички иштер органдарынын ишин өнүктүрүү концепциясында Грузиянын, Түркиянын тажрыйбасынын алгылыктуу жактарын алуу каралган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Кылымбек каяктан: Кытай
09.05.2011 11:21
Эми шоу - милийсаларга жеттиби...? Шоу менен алектенбей мыйзамдын негизинде эле иштегенди уйрошунсунчу, ошондо жыйынтык чыгат.

кимден: 09.09.2011 TEZEKBAY каяктан: ROSSIA
09.05.2011 08:58
Kirgizskay milichia raskriuaet prestuplenie tolko izbieniem ugrozoy popavshih vmilichiy lydey.A tak oni ni chto ne umeeyt.Da im bi tolko vzytka chest sovest oni zabivayt kogda dengi.narod ne kogda ne verit milichiy oni poteryli DOVERIE lydey.Chtobi narod veril i doveryl v milichiy nado postupat kak GRUZIA postupil vseh uvolit i zanova brat kadrov a u nas tak ne mogut. A esli ih vseh uvolyt kto nachalstvu VZYTKI prinosit. Kak govoritchy BALIK BASHIDAN SASIT. Na schet POLICI ostavte policiy v pokoe i tak ves mir nad nami smeytsy. Kulku bolboyluchuu tuugandar.

кимден: Император каяктан: Ыплас Ыстамбул
09.05.2011 05:28
Садагасы кетейиндер адегенде силер тиги порманарды жанылоодон баштасанар болмок.Эл милийсаны коргондо ушунун бир балээсине илинип калбайын деп качканга жан далбастайт.Анан тиги койнок,шым менен силердин ыкчам кыймылдашынарга тоскоол болот.Утуктолгон койнокту,шымды ким эле кирдетип жугургусу келсин.Ошондуктан спорттук улгудогу порма берилиши керек жана тусу да озгортулуусу керек.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.05.2011 03:22
antip ko4ogo 4ikpai ele elge boorukerlik kilip po formu emes po suwestvu dalildew kerek da

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.05.2011 01:14
Бул деген саясат ошто милиция акча алам деб иштеб журотда булардын бардыгын алыш кэрек карам акча тааып баласын уе булосуна жегизет ал карамды жеп чонойгон бала ким болот бул милиция кизматинда иштеген адамдарди уйлорин барип карагилачи балдарин журуш турушин айдап жургон машинасин карагилачы узбек тугандарди азиргачэен алип келиб мойнуна акча жуктоп акча алишат ошондойэлэ пракратура кизматкерлерин айтпасада болот айлык акисин эч бирина кизиги жок кандай деген жашо бул Отунбаева призидент эмес ошто бул жерди башка адамдар башкарат калагандай эй муслман эл бырдамдык мнен жашо керек эле Турсунбай Акун ал адамда акыкаты тура жазбайт ал саясатчи азатык макул болсо чыгарып койгылачи. Ракмат
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
09.05.2011 13:27
ошол озбек тууган наркотик сатып тымызын иш кылса кармайта анан! Менда не штатта иштегем алардын арасында жакшыларыда бар,пара алышат айлык аз болсо кантсин? мисалы маи кызматкерлерине машинесине бензин куйуп бербейт,тамак аш толонбойт айлыгы 8-10мин' сом!

кимден: tash каяктан: too
08.05.2011 22:47
милиция алгач атын өзгөртсүн! себеби милиция деген түшүнүк элде терс маанай калтырган. полиция деген аталышка өтсүн, андыктан кыйын. биринчи элдеги жаман түшүнүктү жок кылуу керек. анкета жүргүзсүн: милиция дегенде эмнени түшүнөсүң? жанан полиция дегенде эмнени түшүнөсүн? деген аталышта. сөзсүс барак менен элди кыдыруу керек эмес, интернет деген деле бар. анан полиция деген атты да милиция дегендей мааниге алып келип коюшса, анда өздөрүнүн күнөөсү болот.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)