Шейшемби, Сентябрь 02, 2014 Бишкек убакыты: 22:37

Дин

Чубак ажы Жалилов: 2 жылдык эмгегиме ыраазы болгула

Муфтий Чубак ажы Жалилов кызматтан кетүү тууралуу арыз жазды. Анын арызын 17-июлда Уламалар кеңеши карайт.

Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл
Чубак ажы Жалилов "Азаттыктын" студиясында, 10-ноябрь, 2011-жыл
"Азаттык": Азирети муфтий, сиздин олуттуу билдирүү жасай турганыңыз маалым болуп турат. Ал билдирүүнүн мазмуну кандай?

Чубак ажы Жалилов: Менин билдирүүмдүн негизги өзөгү - мен муфтийлик аманаттан-кызматтан кетүү боюнча Уламалар кеңешине арыз жаздым. Арызымда "мен эки жыл иштедим, ушул мезгилде жасаган иштериме ыраазы болуңуздар, мындан ары башка иштер менен алек болоюн, мага уруксат бериңиздер" деп сурандым. 

"Азаттык": Мындан ары эмне менен алектенесиз?

Жалилов: (күлүп) Ислам университетинин ректору Абдышүкүр Нарматовго кайрылабыз. Эгер кабыл алса, анда ал жерде мударистик иш менен алектенебиз. Же болбосо диний чөйрөдө өз билимиме жараша кайсы бир иш менен, же башка ошол сыяктуу чыгармачылык менен алек болом.

"Азаттык": Ал эми муфтийлик кызматтан кетүүңүздүн негизги себептери эмнеде?

Жалилов: Албетте "шамал болбосо, теректин башы кыймылдабайт"… Мен эки  жыл кызмат кылдым. Эки жыл тарыхтын алдында көз ирмем убакыт болгону менен, чындыгында узак мезгил. Бул аралыкта көп нерсеге жетиштик. Ушул кызматта кыргыздын башка да белдүү жигиттери өз күчүн сынап көрсүн деп жатам. Мындан тышкары ден соолугум да бир аз начар болгонуна байланыштуу ушундай кадамдарга бардым.

x
"Азаттык": Бүгүн түштөн кийин Уламалар кеңеши 17-июлда жыйналыш өткөрө турганы белгилүү болду эле. Эми ал жыйын өтөбү, өтсө ал кандай шартта өтүшү мүмкүн?

Жалилов: Эртең Уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны болот. Мен арыз жазардан мурда ал жыйындын өтүшүн чакырып, кол койдум. Менин арызым да эртең Уламалар кеңешинин жыйынында кабыл алынат. Буга чейин Уламалар кеңешинин жаңы курамдагы жыйыны май айында Чолпон-Ата шаарында өткөн. Ошол жаңы курамдагы Уламалар кеңеши эртең буйруса толугу менен чогулат.

"Азаттык": Демек Уламалар кеңешинин жыйынында жаңы муфтийдин талапкерлиги каралышы мүмкүнбү?

Жалилов: Уламалар кеңешинин кезексиз жыйыны болгондо бир гана маселе каралат: бул - Уламалар кеңеши менин арызымды канааттандырган соң жаңы муфтийди шайлашы керек.

Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



"Азаттык": Ал эми жаңы муфтий ким болушу мүмкүн? Балким талапкерлигин таптап жаткан адамдар бардыр?

Жалилов: Бул боюнча азырынча эч кандай маалыматым жок. Мен бир дагы талапкерге басым койгум келбейт. Себеби Уламалар кеңеши акыркы эки жылда көптөгөн өзгөрүүлөргө жетишти, көптөгөн түшүнүктөрдү алды. Кудайдын алдындагы жоопкерчилик эмне экенин сезе билебиз деп ойлойм. Ошондуктан Уламалар кеңеши өзү чечет.

Айта кетүүчү нерсе, Уламалар кеңешинин жыйынына сырттан эч бир органдын кызматкери катышпайт. Алар "өз киндигин өздөрү кесет". Буга Уламалар кеңеши толук кудуреттүү.

Айтылбаган себептер

"Азаттык": Буга чейин атандаш муфтият түзөбүз деген демилге менен бир топ адамдар чыгып, атүгүл мурдагы муфтий Руслан ажы Жумагуловду өздөрүнүн муфтийи кылып шайлап алышканын да айтышкан. Бул атаандаш муфтияттын макамы кандай деп ойлойсуз?

Жалилов: Бул күлкүнү келтире турган маселе. Үч адам айылда чогулуп алып, же жаш балдардын "кел, сени президент шайлайбыз" деген оюнундай эле нерсе. Эртең да төрт аксакал чыгып, "биз Эшматты президент шайладык" десе, ал президент болуп калбайт. Ошондой эле Уламалар кеңешинде алардын үчтөн экисинин добушун алган адам гана муфтий болуп шайланат. Каалагандар муфтий шайлап, каалагандар спикер шайлай бере тургандай бул оюнчук маселе эмес. Бул таптакыр мыйзамга туура келбеген жана акылга сыйбаган иш.

"Азаттык": Буга чейин ММКда муфтият менен айрым бийлик органдарынын ортосунда бирин-бири айыптаган сөздөр айтылды эле. Маселен, «кара чакмак», ошондой эле «көгүлтүр үч бурчтук» дегендей. Сиздин кызматтан кетишиңизге ушул нерселер негиз болдубу?

x
Жалилов: Бул нерселер негиз болгон жок деп эми азыркы учурда айтсам болот го деп ойлойм. Андан сырткары жумуш учурунда ар кандай нерсеге жол берилиши мүмкүн. Анын бардыгы элибиздин эгемендигин сактоо, өлкөбүздүн биримдигин бекемдөө, туура динди жайылтуу иштеринде болду.

Бул боюнча учурдан пайдаланып, жумуш үчүн кимдир бирөөгө жаман айткан болсом, мейли, ал ММК кызматкери болсун, мейли, ал катардагы диний кызматкер болсун, ошолордун баарынан кечирим сурайм. Менин да көңүлүмдү оорутуп алдым деп жүргөн адамдар болсо, ошолордун баарын мен да кечирем. Анткени кечиришип жүргөн жакшы.

Андан сырткары ушул эки жылдык аманат кызматта турганда мени колдоп келген Жогорку Кеңештин депутаттарына, өкмөттүн мүчөлөрүнө, өлкөнүн жетекчилигине,  журналисттерге жана карапайым кыргыз калкыма ыраазычылык билдирем.
  
"Азаттык":
Мен бул суроону жогоруда да бердим эле. Дагы бир ирет тактап, сурагым келип турат. Сиздин кызматтан кетүүңүз саясатка байланыштуубу?

Жалилов: Мен ушул суроого жооп бербей коюуну туура көрүп жатам. Себеби сөзсүз эле бардык суроого жооп берүү кажет эмес деп ойлойм.

Заирбек Бактыбаев

 “Азаттыктын” Бишкектеги кабарчысы, журналист. Саясат, дин темалары боюнча адис.

Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Энесайлык кыргыз
22.07.2012 01:52
Күнөө иштен пендени
Кайрып турат Бул Намаз
Кылып койгон күнөөнү
Жууп турат бул Намаз
Каргыш тийген шайтанды
Кууп турат бул Намаз.
* * * *
Жан дүйнөңдү тазалап
Тындап турат бул Намаз
Ден соолукту бекемдеп
Чыңдап турат бул Намаз!
* * * *
Жан берерде жаныңа
Барып турат бул намаз
Ак келмени дилиңе
Салып турат бул Намаз.
ОРОЗОҢОР КАБЫЛ БОЛСУН!!!

кимден: musulman Ruslan каяктан: Korea
20.07.2012 11:03
Tuugandar islam dini taza din dindi taza karmaylychy

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.07.2012 05:27
chubak ajy bircheti tuura kildi, ech kim kyla albagan ishterdi kylsada koro alyshpady.

кимден: Кыргыз адам
18.07.2012 20:43
Ажы жакшы эле адамго. Эми аны колунар менен кармап алгандан кийин куноого батпасанарчы. Негизи кыргыздардын кобу (ишенгени деле, ишенбегени деле, билгени деле, билбегени деле) чиновниктин мыйзамды жана должностной инструкцияны аткарганы менен анын инсандык сапатынын айырмасын билбейт. Ооой, жаман, кетириш керек, минтиш керек, тигинтиш керек деп эле басып журобуз. Мен Кудайга ишенем, цнетральныфй мечитке деле байрбайм бирок Чубак ажы жакшы адамдай корунот. Озунор бири биринерди тытып жеп саласынар ас кундо!

кимден: Талгат каяктан: Токтогул
18.07.2012 17:03
Чубак ажы сизди элдин копчулугу жакшы корот жана сыйлайт.Азыркы бийликтегилерге сизге окшогон туура жолдо жургон инсандарды жактырышпайт.ошондуктан азыркы бийликтин оздоруно окшогон канкор арам ач коз адамдарды колдойт.Элдин кобу сизди колдойт.Мына азыркы бийлик келгенден бери кайсыл жакшы кундорду кордук.Эл озун -озу багып жатат.Сизди каралап жалгандан жалаа жапкандарды АЛЛАХ озу жазасын берсин.Сизге АЛЛАА ыраазы болсун.

кимден: Максат каяктан: Бишкек
18.07.2012 15:48
Мечиттерден коро мектептерди салыш керек!
Мечит, диний "билим"ден бир тыйын да пайда жок.
Андан коро жаштарга чыныгы илим, билим бериш керек. Молдо, ажыларды. коррупцияга, терроризмге, криминалга текшериш керек.
Алардын кобунчосу мурдагы бандит, алкаш, уурулар.
Негизи эле дин фанатизмден кыргыздар алыс болуп, маданият, илимге жакын болбосок,
Афганистанга айланып, дикарь эл болуп калабыз.
Пикирге жооп

кимден: Калыбек каяктан: Красноярск
22.07.2012 00:46
Максат, мечеттердин аркасы менен, мусулманчылыктын жардамы менен бутун кыргыз улуту сакталып отурат. Сенин айтканындай болуп, арак-шараптарга малынып кеткенибизде азыркы бурят, хакас улуттарынан дагы аз санда болуп, жок болуп кетуу коркунучуна кептелмекпиз.
Сенин акылын менен болсок Бутун Кыргызстан эчак жок болмок. Ошол сен айткан алкаштар акырындап мусулманчылыктын жардамы менен акылына келип, арактын зыяндуулугунан кутулушту.
Сенин тагдырын да татаал жолдо турат: Эртедил-кечтир мусулманчылыктан четтеген сенин тууган уруктарын тилин тиштеп, мусулманчылыкка ото баштайт. Сен каапыр бойдон кала турган болсон, олгонундон кийин тозоктун отуна туш болуп, азабын тартасын, аркы дуйнодо омур бою куйуп, чок болуп отосун.
Мечиттер да, мектептер да салынышы керек. Балдарыбыз мектептен созсуз билим алышы керек. Сенин коргонундон коро элегин коп. Ыймандуу бол Максат, каалаган жерге тукуруно бербей. Аллага тообо кыл!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
21.07.2012 16:16
Ozun ele dikar bolup juro berchi meilibi,biz kyrgyzbyz avgan emesbiz.tak shto dumai horosho.
Пикирге жооп

кимден: жайнак каяктан: ноокат
18.07.2012 21:44
ээй мусулман бир тууганым.мээн иштейби,мечиттеги дуа менен журосун,ойноп суйлосонда ойлоп суйло?!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
19.07.2012 10:21
Мечеттеги кайсы дуа бачабаздык ,баңгилик ,курал-жарактын баары мечеттен табылып жатат.
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
18.07.2012 22:58
Мусулмандар биринчи озулорун сыйлап, анан башкаларды сыйлап, соз кылса жакшы болот эле.

кимден: Бишкек
18.07.2012 14:12
Молдонун айтканын да кылганын да кылба. Ажы Турсунбек менен Турсунбойлор ажылдашканы аз келгенсип, эми булар чыгышты. Да пошли вы все...

кимден: janar каяктан: kg
18.07.2012 10:49
Assalamu aleikum musulmandar! Oto jaman kabar eken men ketishinizdi kaalbaiym ulamar akylga kelip alypkalar degen umuttomun.Mamleketti aldyga kadam tawtoosuna en 4on salym kowkon kiwilerdin biri ele, bul akmaktar ka4antan beri uwinte beriwet biz onukpoibuzbu!? sizdei adamdar bizge oto kerek. rahmat Allah razy bolsun sabyr kylabyz.

кимден: Toolos каяктан: Misr
18.07.2012 03:40
Аллах ыраазы болсун
Пикирге жооп

кимден: Окумуштуу
19.07.2012 09:36
Аллах это самый большой камень Абдуллы в Мекке

кимден: Omorov
17.07.2012 21:31
Aman bolunuz Chubak Aji Myrza!
"Balkim sizge jakpagan nersenin arkasinda bir jakshilik bardir, a siz suygon nersenin arkasinda jamandik bardir munu jaratkandan bashka ech kim bile albas"(Bakara-216).
chechiminiz en mykty. izi chuudan alys bolup ilimiy emgek jaratiniz. al da bolso kyrgyz kalkym uchun en maaniluu kyzmat boloor.
Жалпы 4 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга