Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:47

Ажылык: сексендеги карыянын арманы


Сауд Арабия -- Кыргызстандык зыяратчылар Медина шаарында. 3-октябрь, 2013.
Сауд Арабия -- Кыргызстандык зыяратчылар Медина шаарында. 3-октябрь, 2013.

Ажылыкты уюштуруу боюнча штаб республика боюнча район- шаарларда өткөрүлгөн чүчү кулакты жыйынтыктады.

Бирок анын жыйынтыгына нааразы болгондор, өткөрүлгөн чүчү кулактын калыстыгынан шекшигендер чыгууда. Ажыга барууну ниет кылгандарды чүчү кулак жолу менен тандап алуу Кыргызстанда биринчи жолу киргизилип отурат. Ага Мекеге барууну ниет кылгандардын санынын көптүгү себеп болгон.

Чүчү кулакка ичи чыкпагандар

Баткендин Кызыл-Жол айылынын 80 жаштагы тургуну Тажибай Кадыров 10 жылга жакын убакыттан бери Мекеге ыйык сапарга барууга даярданып жүргөн. Бирок быйыл чүчү кулактан жыдып калып, ажыга баруу ниети таш каап отурат.

76 жаштагы кемпири менен барууган ниеттенген Тажибай аксакал ыйламсырап, нааразычылыгын мындайча билдирди:

- Беш-он жыл даярданып, быйыл араң мүмкүнчүлүгүм болду эле. Азыр жашым 80де, эмдиги жылы бар боломбу, жок боломбу, билбейм. Ошону ойлоп корком да. Ыйлагым келип, ичимден эзилип турам. Кемпирим да 76да, барбай калсак кандай болот деп ыйлап отурат элем.

Тажибай Кадыров бир ылаажы болуп калар деген ниетте кызы Минаварды атайын Бишкекке жөнөткөн. Аксакалдын кызы “Азаттыкка” буларды айтты:

- Атам 80 жашта. Ажылыкка апам экөө барыш керек болчу. Чүчү кулактан өтпөй калып, быйыл да барбай кала тургандай болуп турат. Атам “жашым 80де, эмдиги жылга жакшы күч-кубатым жок, чүчү кулакка кошпой эле мени өзүнчө өткөрүп койгулачы” десе болушпаптыр. Азыр капа болуп отурат. Президент Атамбаевге чейин барам деп аябай оолукту эле, отуруп туруңуз, биринчи мен барайынчы, болбосо анан сиз барасыз деп өзүм Бишкекке келдим.

Мекеге зыяратчыларды тандап алуу боюнча чүчү кулак тартибине Ош облусунда да адамдар нааразычылык билдирген. Алардын бири Кара-Суу районунун тургуну Мамат Арынов:

- Ажылык боюнча Оштун райондорунда өткөн чүчү кулак кармоону биз гипноз, алдамчылык, көз боёмочулук деп эсептейбиз. Компьютер дешип эптеп башты айлантышты дагы, бүт ажыга барчуларды алдап уюштуруп жиберишти. Биз компьютерге ишенбейбиз. Бул иштерди өткөргөн казы, казынын орун басары, дин иштер боюнча комиссия жетекчиси бүт кызматтарынан кетиши керек. Чүчү кулак сөзсүз түрдө кайрадан өтүүсү зарыл.

Нааразы болууга себеп жокпу?

Ал аралыкта Ажылыкты уюштуруу боюнча штаб компьютер аркылуу жүргүзүлгөн электрондук чүчү кулактын жыйынтыгын чыгарды. Быйыл негизи ажылыкка баруу ниетин 8200дөй адам билдирген экен. Бирок Кыргызстанга Сауд Арабиясы ажылык орун үчүн быйыл 3685 орун бөлгөндүктөн, бир орунга эки-үч адам туура келген.

Муфтийдин орун басары, ажылык штабдын башчысы Замир Ракиев чүчү кулак таза өттү деп ишендирүүдө. Ал буга ар кайсы аймакта бир топ аттуу-баштуу адамдар ажылыкка илинбей калганын негиз келтирди:

- Токмок шаарынын имамы өзүнүн аялы менен жазылып, бирок өтпөй калды. Лейлек районунан кээ бир айыл өкмөт башчылары жазылган экен, алар да өткөн жок. Өзгөн шаардык кеңешинин төрагасы өтпөй калды. Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жетекчисинин ата-энеси, Ош шаарынын вице-мэринин үч бир тууганы жана ата-энеси жазылып, алар да тизмеге кирбей калды.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комссиянын бөлүм башчысы Бакытбек Осмонов да нааразычылыкка себеп жок деген ойдо. Ал электрондук чүчүкулак өткөрүүнү ажылыкты уюштуруу ишинде алдыга жылуу деп сыпаттады:

- Биз чүчү кулакты Түркиянын моделин колдонуп өткөрдүк. Мындан жогору заманбап модел менен өткөрсөк да, өтпөй калган адамдар баары бир нааразы болмок. Кыргыз коому качанкыга чейин эле таш доорунда жүрө беребиз. Мына жаныбыздагы Кытай космоско учуп жатат. Компьютерге ишенбесек, башкага ишенбесек, анда көтөрүп жүргөн кол телефонубузду да ыргытып жиберип, илгерки жашоого өтөлү.

Ажылыкты уюштуруу боюнча штаб мүчөлөрүнүн айтымында, быйыл тизмеге кирбей калгандарга эмдиги жылы жеңилдик берүү жагы талкууланып жатат. Быйыл Мекеге зыяратчылар сентябрдан баштап аттанышат. Аларды эл аралык Fly Dubai авиакомпаниясы ташымакчы. Ажылыктын баасы быйыл 2400 доллар деп бычылган.

XS
SM
MD
LG