Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 17:29

Фронтбек кызы: Кыздар үйүнө батпаганда Сирияга кетип жатат


Аялдардын коомдук “Мутакаллим” диний уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы.
Аялдардын коомдук “Мутакаллим” диний уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы.

Атайын кызматтардын иликтөөлөрүнө караганда аялдар арасында диний экстремизм менен алектенгендердин катары өсүп баратат.

Анын себептери эмнеде жана кантип алдын алуу керек? Аялдардын коомдук “Мутакаллим” диний уюмунун башчысы Жамал Фронтбек кызы “Азаттык” менен ой бөлүштү.

“Азаттык”: Азыр аялдар арасында бала-чакасына телевизор көрсөтпөй, гезит окутпай, агартуучулук иштерден караманча алыстаткандар бар. Шариятта ушундай тыюу салуу барбы?

Ж. Фронтбек кызы: Балдарга терс таасир эте турган айрым берүүлөр бар. Бирок, илимге караманча тыюу салуу динде жок десем болот. Азыр интернеттен деле, теледен деле Куранды, тафсирлерди окуп атышат. Бул өтө керек. Гезит окуш керек. Дүйнөнүн илимин окутпайбыз, мектепке барбайт деп койгон ата-энелер да бар. Бул туура эмес. Биз энелер менен жолукканда дайым түшүндүрөбүз. Балдар дүйнө илимин албаса, акырет илимин үйрөнө албайт. Ага жетүү үчүн өнүгүү керек деп айтабыз. Албетте, бул өтө чоң тенденция. Динге жаңы киргенде ушундай бир фанатча мамиле жасаган учур болот. Ошол учурдан өткөндөн кийин адам машиненин да, самолеттун да кереги барын түшүнө баштайт. Ажыга самолет менен учуп атпайбызбы.

Кыздар эмнеге Сирияга кетишет?
please wait

No media source currently available

0:00 0:12:34 0:00
Түз линк

“Азаттык”: Тескерисинче, кыз-келиндер радикалдык кадамдарды жасап, алды Сирияга барып жатканы тууралуу фактылар келтирилип, сүрөттөр тарап атпайбы. Ошонун себептерин талдап көрөлүбү, кыз-келиндер эмне үчүн ушундайга барып атышат?

Ж. Фронтбек кызы: Маалыматтын жетишсиздиги – биринчиси. Теледе жеткиликтүү маалымат бере турган бир дагы телеберүү жок. КТРК 15-20 минута "Жума кутпасын" берип коет. Бул жетишсиз. Жыйырма жылдан бери вакуум болуп калды. Экинчиден, аялдарга диний билим берүүнүн бирдиктүү системасы жок. Ар ким каалаганын кылат. Мен муфтиятта иштеп жүргөндө түштүк аймакты кыдырсам, бири атасынын 200 жыл мурунку китебин окуп атат, бири өзбекче, бири тажикче окуп атат. Мисалы, диний ишеним менен жашагандар басымдуулук кылган түштүк тарапта бир эле Кара-Сууну же Араванды аралап чыксаңыз динди окуган 500дөй аялды жолуктурасыз. Анын 50сү “мен атынчамын” деп сабак берип жаткан болот. Аялдардын тыюу салынган, салынбаган уюмдар жөнүндө түшүнүгү жок. Биргелешкен тренинг маалында бизге “тыюу салынган - салынбаган дегенди билбейт экенбиз” дешти.

Менин баамымда аялдар, адатта, төрөгөндөн кийин диний билим алууга кызыга баштайт экен. Динди окугусу келгендер алыска каттай алышпайт дагы, тегерегинде ким сабак берсе, ошол жердеги диний окууларга ылгабай бара беришет. Буларды системага салбаса, артында эмне болуп атканын эч ким билбейт. ИИМ менен Коопсуздук комитети болсо чара колдонуудан башканы жасай албайт.

“Азаттык”: Анткен менен билимдүү аялдар деле экстремисттик-радикалдык багытты көздөп кетип жатышпайбы.

Ж. Фронтбек кызы: Аны далилдеш кыйын. Диний, светтик билими барлар жолдон адашты дешке болбойт. Андайлар, балким, акчага кызыгып кетиши мүмкүн. Сирияга кеткендер билимсиздиктен кетиши мүмкүн. Көпчүлүгү күйөөгө тийүүнү максат кылышат. Андайлар 24-25 жаштан ашкандар болушат. Күйөөгө тий, чоңоюп кеттиң деп демиткен ата-энелер кыздарынын кайда, ким менен кетип атканына кайдигер карап коюшат. Кетип аткандар, адатта, динге катуу берилген фанатик үй-бүлөлөрдөн да эмес болушат. Өздөрү намаз окуй баштаганы бир-эки ай эле болгондор. Үйүнө батпай калган кыздар кетип атышат. Маселенин ушул өңүтүнө да атайын кызматтар көңүл бурганы оң болот. Айрыкча жаш кыздарга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү керек.

  • 16x9 Image

    Бурулкан Сарыгулова

    "Азаттык" радиосунун Бишкек кеңсесинин баш редактору. Кыргыз Мамлекеттик улуттук университетинин журналистика факультетин бүтүргөн.
XS
SM
MD
LG