Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:47

Кыргызстандагы Орозо айт


Эски аянттагы айт намаз, Бишкек, 29-июль, 2014.
Эски аянттагы айт намаз, Бишкек, 29-июль, 2014.

Ордо калаа Бишкекте айт намазы адаттагыдай эле борбордук эски аянтта окулду.

Республиканын бүт аймагында айт намазы эртең мененки саат 7:30да башталды. Бишкекте жамааттык намаз эски аянтта окулду. Облус борборлорунда да майрамдык ибадатты негизги аянттарда, айыл жерлеринде мечиттерде аткарышты.

Миңдеген адамдардын катышуусунда Бишкекте окулган намазга бийлик өкүлдөрүнөн Жогорку Кеңештин спикери Асылбек Жээнбеков, биринчи вице-премьер-министр Тайырбек Сарпашев жана шаар мэри Кубанычбек Кулматов катышты.

Тасмада: Аянттагы айт намаз
Бишкектеги Орозо айт
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:41 0:00

Президент Алмазбек Атамбаев Орозо айттагы майрамдык айт намазды Аламүдүн районундагы Арашан айылынын мечитинде окуду. Бул тууралуу мамлекет башчынын маалымат кызматынан кабарлашты.

Намаздан соң президент «Ата-Бейит» мемориалдык комплексинде 2010-жылдын 7-апрелинде курман болгондорду эскерди.

Атамбаев ар жыл сайын айт намаздарын өзү туулуп-өскөн Арашан айылындагы мечитте окуйт

Орозо айтка байланыштуу Кыргызстанда 28-29-июль күндөрү дем алыш деп жарыяланган.

Орозо айт көпчүлүк мусулман өлкөлөрүндө бир күн мурда белгиленген. Кыргызстандын муфтияты Орозо айт бир күнгө кеч калышын айдын көрүнүшү менен байланыштырууда.

Аянттагы айт намаздан сүрөт баян

XS
SM
MD
LG