Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:54

Депутат Түлеев 2 айга камалды


Сот Түлеевдин баш коргоо чарасын кароодо
please wait

No media source currently available

0:00 0:01:35 0:00

Биринчи май райсоту депутат Нариман Түлеевди УКМК тергөө абагына эки айга камакка алуу чечимин чыгарды.

Депутат Нариман Түлеевдин баш коргоо чарасын караган Бишкектеги Биринчи май райондук соту депутат Нариман Түлеевди Улуттук коопсуздук комитетинин тергөө абагына эки айга - 21-августка чейин камакка алуу чечимин чыгарды. Сот мындай чечимин 25-июнда кечки саат жети жарымдар чамасында угузду.

Мамлекеттик айыптоочу тарап Түлеевди Бишкектеги №1 тергөө абагына камакка алууну өтүнгөн болчу. Түлеевдин адвокаты Султан Баратов соттун чечимине макул эместигин билдирип, беш күн ичинде жогорку инстанцияга доо арыз менен кайрыларын кабарлады.

Депутаттын сот имаратынын алдына чогулган жүздөн ашуу тарапкери бул чечимдин саясий өңүтү бар экенин айтышып, кескин айыптоо менен кабыл алышты.

Түлеевдин адвокатынын айтымында, соттун мындай чечимин депутаттын өзү да саясий чечим катары баалаган. Бул тууралуу Нариман Түлеевдин пикирин адвокаты Султан Баратов мындайча айтып берди:

- Нариман Түлеев сот чечимин окуган соң, анын уруксаты менен билдирүү жасады. Анда ал бул саясий чечим экенин билдирди. Түлеев ишти караган Жаналиев аттуу судьяга саясий чечимди аткарып жатканын ачык эле айтты.

Ошондой эле Түлеевдин эки күндөн бери ачкачылык кармап жатканын кабарлаган адвокат депутат бул акцияны токтотпой турганын билдирүүдө. Бирок буга чейин депутаттын дарыгери анын камакта кала бериши жана ачкачылык жарыялашы анын ден-соолугуна олуттуу залакасын тийгизээрин билдирген эле.

Ал ортодо Нариман Түлеевдин жердештери бул күнү Нарын шаарынын борбордук аянтында да аны колдогон митинг өткөрүштү. Уюштуруучулар 1000ден ашык, милиция 500 тегерегенинде деп эсептеген митингдин катышуучулары Түлеевди бошотууну талап кылышып, талап аткарылбаса жөө жүрүш уюштуруп, ачкачылык жарыялаарын эскертишти.

Митингдин катышуучуларынын бири, Нарын шаарынын тургуну Аскар Эгенбаевди угалы:

- Мен силерге мындайча кайрыламын. Бул сөз бойдон калбасын. Керек болсо биз Бишкекке чейин жөө жүрүш кылабыз. Биз ал жакка барбасак болбойт.

Ошол эле учурда Биринчи май райондук соту Түлеевдин баш коргоо чарасын карап жатканда соттун имаратынын алдына “Апрель байрагы” бирикмесинин 40 чакты өкүлү Түлеевди камоо боюнча санкцияны талап кылып, акция өткөрүштү. Алар бийликтен коррупцияга каршы күрөштү аягына чейин жеткирүүнү суранышты.

Аталган бирикмесинин мүчөсү Тариэл Искаков “Азаттыкка” буларды билдирди:

- Бизде коррупционер кармалса эле кайра бошотулат. Бизге Түлеевби, же башкабы айырмасы деле жок. Негизгиси мамлекеттин мүлкүн жеген адамдар жазасын тартабы, бул аягына чыгабы деп көзөмөл кылалы дедик.

Ал арада Башкы прокуратура Жогорку Кеңештин Түлеев кармалышы боюнча депутаттык комиссия түзүү тууралуу токтому тууралуу сотко кайрылды. Мекеменин басма сөз кызматынан кабарлашкандай, башкы көзөмөл орган парламенттин бул токтому мыйзамга каршы келерин, Түлеевдин кармалышын Биринчи май райондук соту мыйзамдуу деп тапканын билдирип, соттон Жогорку Кеңештин токтомун жокко чыгарууну өтүнүүдө.

Ошондой эле Башкы прокуратура депутаттардын комиссия корутундусу чыкканга чейин ишти токтото туруу, Түлеевдин кармаган адамдарды жазага тартуу өңдүү демилгелери негизсиз экенин, Түлеевдин күнөөсү аныкталганын билдирип жатат.

Бишкектин мэри болуп турган кезинде Кытайдан автобус сатып келүүдө анын баасын ашыкча көрсөтүп, өз пайдасына колдонду деп айыпталган Жогорку Кеңештин “Ата Журт” фракциясынын депутатын башкы прокуратура суракка келбегенине негиздеп, өткөн бейшемби күнү кечинде күч менен үйүнөн кармап кеткен.

Бирок түн оогондо Жогорку Кеңештин айрым депутаттарынын кийлигишүүсүнүн натыйжасында кайра бошотулган. Эртеси күнү бул маселе Жогорку Кеңеште каралып, Түлеевдин кармалышынын мыйзамдуулугун текшерүү максатында депутаттык комиссия түзүлгөн. Кылмыш кодексинин 303-беренеси боюнча (коррупция ) айыпталып жаткан Түлеев ишемби күнү кайра суракка келип, 48 саатка камалган эле.

Эми соттун чечимине ылайык, депутат Нариман Түлеев эки айга чейин УКМКнын тергөө абагында кармалмакчы.



  • 16x9 Image

    Бакыт Асанов

    "Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин кызматкери, журналист. 2011-жылы Кыргыз-Түрк “Манас” университетинин Коммуникация факультетин аяктаган.

XS
SM
MD
LG