Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:47

Кыргызстан

Малашенко: Бакиевдин реформасын түшүнбөдүм

Белгилүү орусиялык эксперт Алексей Малашенко “Камбар-Ата ГЭСтери”, Орусиянын насыя пулу жана президенттик реформа жөнүндө ойлору менен бөлүшөт.

Текст көлөмү - +
Төрөкул Дооров: Ушул айдын башында Кыргызстандын парламенти “Камбар-Ата” ГЭСтерин куруу жана иштетүү жөнүндөгү мыйзамдын күчүн жоготкон мыйзам долбоорун кабыл алды. Кыргыз президентинин уулу Максим Бакиев башына келген Өнүктүрүү кору ГЭСти курууга насыя алыш үчүн мурдагы мыйзам жол бербей турганын айтып, мыйзамды өзгөртүү талабын койгон эле. Оппозиция муну кескин сындап, “Эми Кыргызстан Орусияга көз каранды болуп калат” деп билдирди. Бул өңдүү камтамачылыкка негиз барбы?

Алексей Малашенко - орусиялык эксперт
Алексей Малашенко:
Менимче, бул чындыкка жакын нерсе болуп турат. Анткени Орусия жалпы Борбор Азия регионунда таасирин арттырып эле калбай, бүтүндөй региондун экономикасын көзөмөлгө алууну самайт. Азырынча расмий Москва ар кандай себептерден улам бул боюнча Өзбекстан, Түркмөнстан жана Казакстан менен иштеше албайт. Ошондуктан Орусия экономикалык жактан да үстөмдүгүн орнотууга аракет кылып жаткан эки өлкө бар: булар Кыргызстан менен Тажикстан. Ачыгын айтканда, Кыргызстан – экономикалык жактан чабал мамлекет. Жетекчиликтин ишти дурус жүргүзө албаганынанбы, же объективдүү жагдайлардан уламбы, айтор, мамлекет чет-өлкөлүк инвестициясыз жашай албайт. Ошол себептүү Кыргызстан азыр Орусиясыз жана Казакстансыз эч кандай деле иш жасай албайт.

Төрөкул Дооров:
Бирок Кыргызстандын парламенти эми “Камбар-Ата ГЭСтерин” күрөөгө коюуга жол ачкан мыйзамды кабыл алганы Орусиядан насыя пул тезирээк келет дегенге жатабы?

Алексей Малашенко: Менимче, ошондой болушу мүмкүн. Анткени бул жөнүндө көптөн бери эле айтып келатышат. Чынында, азыр кыргыз бийлигине мындан да катуураак кысым көрсөтүшкө Орусияда кеңири мүмкүнчүлүктөрү бар. Ошондуктан ГЭС боюнча иш расмий Москвага ыңгайлуу шарттардын негизинде гана аткарылат деп ойлойм.

Төрөкул Дооров: Малашенко мырза, Кыргыз президенти Курманбек Бакиев жакында жарыялаган башкаруу системасынын реформасын кандай кабыл алдыңыз?

Алексей Малашенко: Чындап айтканда, мен анын маанисин түшүнгөн жокмун. Менимче, ал саясий системаны көп деле өзгөртпөйт. Айрым функциялар кошулушу мүмкүн, алынышы мүмкүн. Көп нерсе кадрларга жараша болот да. Мен билгенден жаңы структурада мурдагы эле кадрлар калышты.

Төрөкул Дооров: Оппозиция президенттин реформасын “анын жеке бийлигин кеңейтет” деп айыптады.

Алексей Малашенко: Бакиевде ансыз деле формалдуу да, формалсыз да укуктары толтура болчу. Бул жолу алардын көбөйүшү тууралуу маселе анча деле мааниге ээ эмес деп ойлойм. Анткени президент жана анын кланы ансыз да мамлекетти толугу менен көзөмөлдөп турат. Азыр эми ал бул кырдаалды мыйзамдар менен гана бекитем деп жатса керек. Бирок бул түзүлгөн жагдайды өзгөртпөйт.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Калмат Ала Атчан каяктан: Красноярск-Кызыл Жар
30.10.2009 14:31
Бакиевдин жасап жатканын Малашенко албетте түшүнбөйт. Бакиев Максимди өз ордуна калтырганга даярдап жатат.Куловдой болуп калба, кыргызча үйрөнө бер, балким президент болуп калышың да мүмкүн деп кыргыз кызга үйлөнттү. Максим президент болуп турганда Россия Кыргызстанды экономикалык жактан да, саясий жактан да банкрот кылат да... Мен ошон үчүн эртелеп кыргыз бабаларымдын тарыхый мекенине кетип калгам да.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)