Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 18:45

Орусия: азайбаган “кирди-чыкты”


Орусия -- Москвадагы кыргыз мигранты, 3-февраль, 2014
Орусия -- Москвадагы кыргыз мигранты, 3-февраль, 2014

Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Калуга облусундагы жол кырсыгы боюнча маалыматты тактады.

Ага ылайык, аварияда мурда айтылгандай алты эмес, эки кыргыз жараны мерт кеткен. Ажал тапкан дагы үч адам Өзбекстандын жарандары болгон. Маалыматка караганда, алар Украинага кирип, кайра чыгуу үчүн бараткан.

Орусиядагы Кыргызстандын элчилигинин маалымат катчысы Айымкан Кулукееванын "Азаттыкка" билдиришинче, кырсык 9-апррелде Орусиянын Калуга облусунун Мещовск районунда болгон. Кыргызстандын номуру тагылган «Хонда Одиссей» жеңил унаасы “Дав” жүк ташуучу унаасы менен кагышкан:

- Беш киши каза таап, алардын экөө Кыргызстандын, үчөө Өзбекстандын жарандары экени такталды. Маалымат боюнча, алар Украина тарапка бара жатып, чоң жүк ташуучу унааны сүзүп алган. Эки жараныбыздын сөөгү 11-апрель күнү мекенине жөнөтүлдү.

Кырсыкка кабылган унааны кыргызстандык жаран айдап бараткан. “Руспартнер” ишканасынын жетекчиси, “Замандаш” ассоциациясынын Москвадагы өкүлү Руслан Эшимов Украинага каттаган айдоочулар көп учурда ойдогудай эс албай жолго чыгаарын, мындан улам айдоочу уктап кеткен болушу ыктымалдыгын айтууда:

- Айдоочулардын арасында эс алып-албай эле кардар чыгып калса, “макул, эптеп барып келем”, деп жолго чыккандар көп болуп жатат. Ал жакка барганда деле эс албайт. Чек арадан ары-бери өтүп иштери бүткөндө кардарлар да эми эрте эле жолго чыга берели деп шаштырганда келе берет. Көпчүлүгү ушинтип барып келип атат. Анан калса тызылдатып, жарышып катуу айдашат. Эми кырсык да... Айдоочунун көзү ирмелип кеткен го деп эле ойлоп атабыз. Айдоочусу менин досторумдун аяш инилеринен болот экен. Унаанын алдында дагы бир кыргыз отуруп келе жатыптыр.

Руслан Эшимов орус бийлиги миграциялык мыйзамдарды катаалдатканына карабастан мигранттар арасында эбин таап Украинага кирип чыккандар дээрлик азайбаганын да кошумчалады:

- 180 күн, 90 күн деп берилбеди беле. Кээ бирлери 180 күн деп санатпай, чек арадан кичине тыйын-тыпыр беришип өтүп атышат. Ошол Украина менен Орусиянын чек арасынан өтүп жатышат. Андан башка жерде “кирди-чыкты” кылганга мүмкүн эмес. Кыргызстанга барып келүү кымбатка түшөт. Андан сырткары барса кайра келе албай, чек арадан өтпөй калышы да ыктымал. Украинага барып келген коопсузураак. “Кирди-чыкты” тыйылса бул жактагы мигранттарга эле кыйын болот. Кыргызстанга барып келиш бери жагы эле 15 миң рубль. Украина болсо жол кире дагы башка чыгымдары болуп, 4-5 миң рублга түшөт. Кээ бирлери минтип чек арадан чыгып келбей, миграциялык картаны 400-500 рублга эле сатып ала коюп, кармалып калып депортация да болуп кетип жатат, "кара тизмеге" кирип калып жатат. Жөн эле депортация болбсотон атайын жайларда 2,5 ай камалып да калып жатат.

Быйыл жыл башына чейин Орусиядагы кыргыз мигранттары коңшу Украина же Казакстанга кирди-чыкты кылып, жүрүү мөөнөтүн узартып алып келген. Орус бийлиги буга 2014-жылдан тарта тыюу салган. Миграциялык мыйзамдарды бузгандарга бир канча жылга чейин Орусияга кирүүгө тыюу салынып, "кара тизмеге" алынууда.

XS
SM
MD
LG