Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:50

Саясат

Тышкы саясаттагы чечүүчү кадам

23-февралда президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага иш сапары башталганы турат.

Алмазбек Атамбаев менен Дмитрий Медведевдин жолугушуусу. Москва, 20-декабрь.
Текст көлөмү - +
Кыргызстандын тышкы саясаты чечүүчү кадамдын алдында турат. Кыргыз президентинин Москвага сапары башталаар алдында АКШнын делегациясы Бишкекке келип кетти.

Ача жол: оңго бассаң Орусиябы?..

Кыргызстандын дасыккан дипломаттарынын бири Муратбек Иманалиевдин "Манастагы" Транзиттик борбор Кыргызстандын тышкы саясатынын түркүгү” деп атаган жери бар. Чындыгында өлкөнүн тышкы саясатында, өзгөчө АКШ менен Орусия мамилесинде Транзиттик борбор өтө олуттуу мааниге ээ болуп жатат.

АКШ үчүн Транзиттик борбор Ооганстандагы аскерлерин жабдуу үчүн өзгөчө мааниге ээ. Андан сырткары күүлөнүп келаткан Кытайдын кашында аскердик базага ээ болуу АКШ үчүн ашыктык кылбашын түрдүү серепчилер белгилеп келет.

Орусия болсо Вашингтон Кыргызстанда көп убакытка бекемделип калат деп чочулайт. Кытай да геосаясий себептерге байланыштуу АКШнын Кыргызстанда калышына кызыкдар эмес.

Кыргыз бийлиги мына ушундай шартта Орусияны стратегиялык өнөктөш деп таап, мына ушул өлкөнүн каалоосун канааттандыруу багытында баратат. Орусиянын каалоосу Транзиттик борборду Кыргызстандан чыгаруу экени маалым. Шайлоо мезгилинде Москванын колдоосуна ээ болгон Алмазбек Атамбаев Транзиттик борбор 2014-жылы чыгарылыш керектигин тынымсыз кайталап келатат.

23-февралда Алмазбек Атамбаев орус президенти Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен Москвага иш сапары менен барат. Орус президентинин сайтынын маалымдоосуна караганда, эки президенттин сүйлөшүүсү  24-февралда болот.

Алмазбек Атамбаевдин маалымат катчысы Кадыр Токтогулов сапар тууралуу буларды билдирди:

- Дмитрий Медведевдин чакыруусу менен болуп жатат бул сапар. Москвада президент Медведев, премьер-министр Владимир Путин менен жолугушат. Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы мамилелер, карым-катнаштар талкууланат. Ошондой эле аткарыла турган долбоорлор каралат.

Кадыр Токтогулов конкреттүү түрдө кайсы маселелер талкууланганы жана алар боюнча кандай чечим кабыл алынганы тууралуу сапардын жыйынтыгынан кийин маалымат берилерин кошумчалады.

Илгерилебеген инвестиция

Кыргызстан Орусиянын геосаясий талаптарын канааттандыруу менен Москвадан олуттуу инвестиция күтүп жатат. Негизинен энергетика тармагына. Маселен, эки тарап Нарын дарыясында бир катар ГЭСтерди куруу, Жалал-Абад облусунда газ, мунай чалгындоо иштерин жүргүзүүнү пландаштырган. Бирок бул иштерде жылыш боло элек.

Кыргызстандын энергетика министринин орун басары Автандил Калмамбетов ГЭСтерди куруу пландары мурунку калыбында турганын белгиледи:

- Ошол бойдон турат. Президент барганда сүйлөшүлөт.

Эки ортодо чечилбей келаткан “Дастандын” акциясына байланыштуу маселе да бар. Россиянын маалымат каражаттары бул боюнча Кыргызстанды айыптап көнүп калышкан. Бирок чындыгында “Дастандын” акцияларын Кыргызстандын 190 млн. доллардын тегерегиндеги карызына алмашууну Орусиянын каржы министрлиги тосуп койгон.

“Дастандын” мурунку акционерлеринин бири Улукбек Ормонов бул маселе да президент Атамбаевдин сапары учурунда көтөрүлөт дейт:

- Себеби бул заводдун стратегиялык мааниси чоң. Келишимге кол коюлган. Ага ылайык, Орусияга заводдун акциясынын 50% берилиш керек.

Кыргызстан менен Орусия чече турган дагы бир маселе “Кыргызгазды” “Газпромго” сатуу. Бул да көп мезгилден бери чечилбей келатат.

Ошентип, Кыргызстан стратегиялык өнөктөшүнөн ири долбоорлорго инвестиция, бюджетке 106 млн. доллар насыя күтүп жатат.

Президент Алмазбек Атамбаевдин Москвага сапарынын алдында, 20-февралда  Бишкекке АКШдан бараандуу делегация келип кетти. Делегацияны АКШнын мамлекеттик департаментинин Ооганстан, Пакистан жана Борбор Азия боюнча жардамчысынын орун басары Сьюзен Эллиот баштап келген. Делегация курамындагы АКШнын Улуттук коопсуздук боюнча кеңешинин Борбор Азия боюнча бюросунун башчысы Линн Трейси президент Барак Обаманын президент Алмазбек Атамбаевге жеке катын тапшырган. Каттын мазмуну тууралуу кеңири маалымат жок. Бирок мына ушул жолугушуунун жыйынтыгында Алмазбек Атамбаев 2014-жылы "Манаста" чет өлкөлүк аскердик контингент калбаш керектигин дагы бир жолу эскерткен.

Кыргызстан тышкы саясатындагы активдүүлүк АКШ жана Орусия багытында эле Казакстан багытында да болду. 21-февралда премьер-министр Өмүрбек Бабанов Казакстанга жумуш сапар менен барды. Бул боюнча таратылган маалыматта Өмүрбек Бабановдун президент Нурсултан Назарбаев, өкмөт башчы Карим Масимов менен жолугушууларында эки өлкөнүн ортосундагы кызматташуу маселеси талкууланары айтылган.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: куш
22.02.2012 15:01
акш базасын чыгаруу тура эмес болуп жатат андан коро 2020 жылга узартуу керек
Пикирге жооп

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
23.02.2012 00:21
Эмне кереги бар АКШнын аскердик авиабазасы? Эгерде Иранга АКШы согуш ача турган болсо биринчилерден бизге келет Ирандын бир ракетасы ушуну эске алгыла урматтуу мекендештер. Андан коро эртераак чыгып кетсин деп кудайдан тилеп отурсанар боло. АКШнын аскердик авиабазасы бизге зыяндан башканы алып келген жок. Ошон учун 2014 жылды кутпой эле башка жолдор менен болсо да чыгарып жибериш керек.
Пикирге жооп

кимден: арлекина
22.02.2012 16:23
Туура пикирине кошулам. Казыр эрте АКШ базасын чыгаруу. Исламистер наркобарондор биздин жанды койбойт. Чыгарса да Орустардан аябай кучтуу юридический келишим тузуш керек. Оштогу окуядагыдай тил м-н суйлоп узатпай. Анткени орустар чыгаргыла деп атат да. Бир денке болсо Грузияны талакалагандай талкалап берсин бизге тийишкенди. Анан чыгаргандан кийин кыргыз куда денется деген политикасын кылбай.

кимден: Эрхан каяктан: Кыргызстан
22.02.2012 14:44
Атамбаев мырза жон эле келип кетпей Москвада иштеген мигранттардын да маселесин чече кетсин. Баягыда Ош облусуна баргандай черный хоттор менен кетпей.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)