Жума, Апрель 25, 2014 Бишкек убакыты: 13:55

Эркиндик

Сапаргүл: Жашоом тозокко айланды...

Орусиянын Екатеринбург шаарында кыргыз балдардын зомбулугуна кабылган Сапаргүл аттуу келин “Азаттыкка” кайрылды.

Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок.
Сүрөттүн макала каарманына тийешеси жок.
Текст көлөмү - +
Жабыркаган келин Орусиянын башкы прокуроруна, ички иштер министрине жана Кыргызстандын элчилигине балдарды жазага тартууга жардам сурап арыз жазды. 

Сапаргүлдү кыргыз балдар былтыр сентябрь айында Орусиянын Екатеринбург шаарында ур-тепкиге алышкан экен. Келиндин айтымында, кафеде курбусу менен тамактанып отурганда өзүнөн бир топ жаш кичүү кыргыз бала тийишип, кагып койсо, достору менен топтолуп келип өзөртө уруп машинага салып кетишкен:
 
- Курбум экөөбүз тамактаналы деп кафеге киргенбиз. Тамактанып отурсак эле бир балдар келип тарткылап тийише баштады. Мен ага “сен жаш эле бала экенсиң, менин балам менен тең экенсиң, бар ары, кыргыздын баласы болуп туруп ушундай кылганың туура эмес”, десем эле “эй, сен эмне деп атасың, мен сенин көзүңө балаңдай көрүнүп атамбы”, деп, тиги жактан балдар менен топтолуп келип, ичке согуп туруп алып кетишти. Коңшу столдо ар түрдүү улуттагы адамдар отурган. Эми кафе болгондон кийин киришет экен да. Балдар “силер ошолор менен сүйлөшкөнү жатасыңар”, деп уруп, машинага салып, билбейм каякка, айтор бир жакка алып кетишти. Бир жерге алып барып, кийимдерибизди тыткылап чечип, бутубузга зымдарды байлап, аны машинанын аккумуляторуна туташтырып, видеого тартып, "кыргыздын кыздарына ушундай нерселер сабак болушу керек" деп уруп, бирдемелер менен сайгылап атып сүйлөтүшкөн. Биз айткан нерселерди айтасың, айтпасаң өлтүрөбүз дешкен...


Маекти толугу менен бул жерден угуңуз:



36 жаштагы бул кордолгон келин окуя болгондон кийин үч күндөн кийин Москвага келе берген экен. Өзү менен кошо ур-токмокко кабылган курбусунун андан аркы тагдыры белгисиз: 

- Бул окуя Орозодон кийинки күнү болгон. Анткени мен Орозо кармаган элем. Бүт алтындарымдын баарын тартып алышкан. Мен Москвага кетем деп даярданып аткам, акчамды, телефонумду алып, эч нерсе калтырышкан жок. Мен ал балдардын эч кимисин тааныбайм. Бири-биринин аттарынан айтышып жатканда Нурбек жана Илхам дегендерин угуп калдым. Бул балдарды мурда кийин такыр көргөн эмесмин. Мен Кыргызстанга эле кетип калгым келген. Ушул окуядан кийин мен кантип барам? Эч нерсе кыла албай калдым. Эки балам ата-энемдин колунда. Ата-энем деле 80ге чыгып калды. Мен алар менен да сүйлөшө албайм, эч кимге чала албайм. Мен балдарымды 12 жылдан бери өзүм эптеп багып келаткам. Мен ал видеону жаңы жылдын астында көрдүм, биз жашаган квартирадагылар айтып келишкен. Бул жерде бир квартирада 20-30 киши чогуу жашайт го. Ошолор көрүп, "мындай кыздар көп экен. Андай балдарды эч ким эч нерсе кыла албайт, аларга ушундай укук берилген, кыргыздын кыздары башка улуттун өкулдөрү менен сүйлөшсө өлтүрүш керек деген буйрук берилген" деген сөздөр болуп атат.

Сапаргүл азыркы оор абалын, чуулгандуу окуядан кийин оорукчан болуп калганын, ишке чыга албай турганын көз жашын төгүп айтып берди:

- Мен түшүнбөйм, менин мындан аркы жашоом кандай болоорун билбейм. Мен же ата-энемди көрө албасам, же балдарымды көрө албасам кандай кылам?... Эгер менин күнөөм болсо мейли эле. Оорукчан да болуп калдым. Ансыз деле бир бөйрөгүм жок болчу. Балдарым окусун, балдарым ичип-жесин деп иштеп жүргөм. Мен эч ким менен сүйлөшпөй калгам. Ишенесизби, мен азыр бирөөлөр менен сүйлөшкөндөн корком. Эшикке чыгып баскандан корком. Мен Жалал-Абаддын Кара-Дарыясынан болом да. Ошол жактын балдары мени өлтүрөбүз деп издеп жүрүшкөнүн мага айтып келишти. Мен Кудайдын жараткан күнү ыйлайм. Адамга окшош эч нерсем калган жок. Жөн эле басып жүрөм. Эки баламды араң багып жүрсөм, менде кантип оюнга көңүл болсун?! Кафеде отурсаң эле кирип келип жулуп кетсе, бул кандай жакшылык? Мен мындай абалда мындан ары жашай албайм. Акыркы күндөрү өлүүнүн жолдорун эле ойлоп калдым. Менде башка кандай жашоо болушун түшүнбөйм. Келечегимди көрө албайм. Ушундай видеолор толтура, кыздардын ооздоруна сийип салгандар да бар. Буларды эмне, токтотконго болобойбу? Бул балдар табылабы, табылбайбы? Кудай алардын жазасын берет деп ушунча күтүп, ушунча жүрүп, адамдарга кошулуп иштей албай да калдым. Мен адамдарга окшоп баса албай да калдым. Күнүгө ооруйм. Азыр жалаң баш оорунун, жүрөктүн дарысы менен гана жашап жүрөм. Ал деле таасир бербей калат экен. 

“Азаттык” Сапаргүлдүн катын Кыргызстандын Орусиядагы элчилигине жөнөттү.   Элчиликтин маалымат катчысы Айымкан Кулукеева бир кызматкери келинге жолукканы жөнөп кеткенин, Москвадагы “Сестры” деп аталган кризистик борбор менен байланышып, ал жактагы психологдор Сапаргүлгө жардам берүүгө макул болгонун маалымдады. 

Сапаргүлдүн видеосу ушул жылы март айында интернетке жайылып кеткен. Анда бир топ балдар келинди башка улуттун өкүлү менен мамиле куруп, бузукулук кылды деп айыптап жылаңачтап алып, ур-токмокко алып, ыплас сөздөр менен сөгүп суракка алган.

Андан кийин дагы башка ушундай мазмундагы видео тасмалар пайда болгон. Ошол видеодогу кыздардын бири Кыргызстанга келип, Жалал-Абад облустук ички иштер башкармалыгына арыз жазганын "Азаттык" кабарлаган. Жалалабаддык милиция арыздын негизинде балдардын ким экенин аныктап, документтерди топтоп, Орусияга жөнөткөнү жатат.

Ал арада Сапаргүлгө эл аралык уюмдар, кыргызстандыктар жардам бергени жатат. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги жабыркаган келиндин арызын тартип коргоо органдарына тапшырып, андан ары көзөмөлдөп турууну мойнуна алды. Кыргызстанда жана четте жашаган кыргызстандыктар да демилге көтөрүп, каражат топтоп, Сапаргүлгө материалдык жана моралдык жардам бергенге киришти.

Элеонора Бейшенбек кызы

"Азаттыктын" Бишкектеги кеңсесинин журналисти. 2009-жылы Internews уюмунун "Жылдын мыкты радио журналисти" наамын алган.
Макала боюнча пикир билдириңиз. Пикир редакцияланбайт, эрежеге шайкеш келбесе, сайтка чыгарылбайт. Бирөөнү жектеген, кемсинткен, жеке адамдар, топтор, улуттар ортосунда кастык жараткан пикирлер жарыяланбасын эскертебиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 
кимден: Кенже каяктан: Орусия
14.06.2012 19:50
Сапаргулго айтарым,сен кайдагы бир намысы жок айбандардын запкысына кабылганын учун ошол кезде тируу калып эми олумду ойлобошун кк.Эсинде болсо оз ыктыяры менен Текебаев мн тошокто жаткандар деле каш кабагымдебей жашап журушпойбу...ага караганда сени эл жакшы тушунот.оюндан кайтып ден-соолугунду карап балдарынды бак!

кимден: Next
11.06.2012 00:52
Значит жаны торолгон балдарды мусоркага ыргытып таштап кетсе, унчукпайсынар, анан ошондой кызды видеого тарып койсо,
ызы чуу которуп жибердинерби?!
Бул чындыгында силер проблеманы атайын башка жакка айдап кеттинер, анткени, озунор деле билесинер эмне учун...

Вы не хотите признавать факт деградации кыргызских девушек в РФ. Вам самим стыдно это признать девушки, поэтому
так технично перевели дискуссию на обсуждение этих "патриотов", гастарбайтеров итд.
"Патриоттор" менин оюмча башка улут менен журот деп претензия кылган жок, алар кыздарды кантип жургонун айтты.
Ал кыздарды байкуш, нищий таджиктер менен озбектер карабаса, башкалар деле карабайт го.
Мага мисалы баари бир кайсыл улут менен журот, акча берип, байласан да ал кыргыз кыздарга интерес жок менде, бирок
ал жакта жургон балдар болобу же кыздар эгерде криминал кылса, анда аларга карата криминал болсо менде бир да претензия жок.
Ошондойлордун айынан башка, нормальный кыргыздардын да имиджи чет олкодо бузулат.
Пикирге жооп

кимден: Айка каяктан: кырызсан
13.06.2012 14:13
Бул кылган зордук-зомбулук,жыланачтап чечинтип,уруп-согуу,озунун эжелерин,карындаштарын тепселеген туурабы?Бул эркектин ишиби,мен аябай капа болдум,ичим ооруду.Бөтөн эл,бөтөн жерде жардам колун созуштун ордуна уруп,шерменде кылып жатышат.Ушундай намыс кылсанар,кыргыздын жигиттери,карындаштарынарды,аялдарынарды,эжелеринерди россияга,башка өлкөлөргө жөнөтпөгүлө,өзуңөр иштеп баккыла,

кимден: KYRGYZ BALA каяктан: KOREA,Tegu
10.06.2012 16:34
Urmattuu Sapargul ejeke sizge aitarym,aldyga karai araket kylynyz,sebebi artynyzda baldarynyz bar,oshol uchun siz bul mankurttardy jazalatyp,ozunuzdu aktashynyz kerek oshondo baldarynyzdyn astynda jakshy ene bolup oturasyz dep oiloim.izge Allah kuch bersin!

кимден: Aдилет
09.06.2012 04:25
Кеп жаман,жакшыдан мурда дагы адамдык абийирде болуп жатпайбы.Акча,конул ачуу,улуу,кичууго карабай мамилеге умут арткан бузулган напсилер ыйык нерселерди тебелоодо.Аялдын асылдыгын,энелигин,кыздардын келечегин тепселеп,намысын талкалаганга ким укук берди,бул "айбандарга". Тарбиясы жетишсиздердин тарбиялаганга кандай акысы бар экен? Сапаргул туурасында маалыматы жокторго,кулак сырга, ал шуркуя же бузулган келин да эмес!Тийишкен мадыра баштарды кагып,курмандыкка айланып, ак жеринен куйунуп олтурган кыргыздын кызы.Мээнети менен нан таап,шапар тепкенге жумушунун оордугунан убактысы, ичимдик татканга ден соолугунун шарты жок эле. Кун бою тике туруп,кондуктор болуп иштеп,ар бир тыйынын адал мээнет, уйкуга канбаган сааттар менен тапты. Эр сайып,эрдик кылгансып,эрдемсинген 15эргулдун оздору жыланачтанаар абалы да алыс эместир. Ошондо, оозунарга келме келбей,эненер козунордон учаар, жалган "патриот" соройлор.Анан бир кызык тарбия башталаттыр... Аллах калыс.

кимден: Саламат
09.06.2012 00:37
Ассаламу алейкум Сапаргүл,
"Бейиш энелердин таманын астында",-деп айткан с
үйүктүү Пайгамбарыбыз Мухаммад САВ. Урматтуу Сапаргүл эже, эч коркпоңуз баары жакшы болот, болор иш болду эми Кудай буюрса башка кайталанбайт эч качан. Бүткүл Кыргыз эли сиз тарапта, бир гана мээсинде курту бар адамдар гана сизди түшүнбөй ар кандай өйдө-төмөн сөздөрдү сүйлөп жатышат,көрөт элем, алар менен дагы ошондой мамиле кылса бирөөлөр,анан эмне дешээр эле? Сиз эч чөкпөңүз жана ыйлабаңыз убакыт баарын айыктырып жана жазасын берет берчүүлөргө. Бул жашоодо мындан дагы 1000 эсе жаман иштерди жасап, эч нерседен коркпой жүргөндөр көп. Бирок баарын көрүп туруучу Кудай алардын бир дагы жаман амалын текке кетирбей кайра аларга кайтарып берет. Мен сиз үчүн Кудайга Дуба кылам, ИншАллах баардыгы жакшы болот.
Пикирге жооп

кимден: руслан. каяктан: москва
11.06.2012 18:55
Ва-алейкум ассалом...сиздин айткандарынызга 100%кошуулам.АЛЛАХЫМ.ушул сапаргул эжени эки дуйно бактулуу кылсын..!патриотор.боорунар жок адам экенсинер.аялдардын каргышында каласынар!!!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
14.06.2012 15:29
ооба туура айтасыз.Сапаргуль эже.мен Сиздин маегинизди угуп ыйладым журогум ооруду.бул акмактарга Кудай жазасын берсин!алар кимдер экен Сизди жазалагандай.бул жерде жумуштары жок тентип жургон алмактарда.мен дагы Москвадамын.кандай кыйналып иштейбиз ден соолугубуздан айрылып .балдарыбызды багабыз деп.80 жаштагы апасынын балдарыны убалына калышсын.акмактар.алардын да карындаштарынан эжелеринен корушот Кудайым аларга 40 кундо эмес 4 кундо корсотуп коет!

кимден: Назгул каяктан: Кара-Кол
08.06.2012 16:27
Кыздардын баарын жаман дегенге кошулбайм.Ошол жаман жургон кыздарды урбастан эле интернетке таркатып жибере беришсин.,кимдин уяты болсо токтоп калаар.Ушунун келип чыкканы кыргыз эркектеринин аздыгынан болуп жатат.Жаш кыздарды алып коюп эле Россиялап кетип калып жатышат.Аялдары бул жакта калып ал жактан башкаларды таап алып жатышат.Анан ажырашуу коп болуп жатат.Кээ бироолору 2,3 аял алууга уруксат берсе ушуга окшогондор жок болот эле дейт.Менде андай турмуш башыман отту .Ден соолугума байланыштуу экинчи аял болууга туура келди нике кыйдырып алдым.Келип кетип эле журду аялы угуп калып менин уйумо келип тополон кылып коркутуп уркутуп укпаган создун баарын уктум.Жашоо ушундай экен баары бир эркек керек экен.Ото тополон болуп кетти кийин аялынан коркуп ошол боюнчча мага келбей койду.Анан каяктагы экинчи аялды айтышат.Эгерде 2,3аял алыш керек болсо мыйзам чыгарып уруксат бериш керек аялы тополон кылбагыдай болуп тополон кылса аларга да чара коруу керек.Ошондо гана тополон кылгандар азаят деп ойлойм,Мына азыр звант этип акыбалымды сурап да койбойт. Анан эри жоктор эмне кылсын.Эрим жок деп эле ар ким менен жургон болбойт.
Пикирге жооп

кимден: Аноним каяктан: Москва
11.06.2012 21:50
Эң туура, чындык. Азаматсың!!!

кимден: nazgul каяктан: kg
06.06.2012 17:46
Уважаемый МВД КР!
Уважаемая Прокуратура КР!
Уважаемый Президент КР!
Уважаемый Премьер-министр КР!
Уважаемые депутаты ЖК КР!
Уважаемый Обмудсмен КР!
Я Вас прошу как гражданка КР, исследовать ситуацию с Сапаргуль, ведь налицо факт нанесения телесных повреждений, лишение свободы передвижения, унижение чести и достоинства. Почему до СИХ ПОР, прошло уже больше полгода как это видео общестодупно, почему не проводится расследование? Возмите показания Сапаргуль, город известен, имена известны, примерный возвраст известен, проверьте по миграционному учету. Я очень надеюсь, что кто-то из правоохранительных органов возьмется за расследование данной ситуации.
Второе обращение к общественным организациям и к министерству образования КР, МИД и Министерству культуры и по делам молодежи! Прошу во всех школах КР провести либо конференции, либо афиши, либо короткометражние фильмы по подготовке к жизни в России. Мы не можем обвинять молоденьких ребят и девушек, они же ничего не видели кроме своих деревень. Это будет не многобюджетный проект, но если он спасет жизни 2 - 3 человек....
С уважением,
Назгуль.

Кудайыма сиздерди аманат!
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
07.06.2012 22:58
бул иш биржак тура болсо бир жак тура эмес себеп тура жагы кыргыздын намына дак тушургон кыздарга ушундай жаза керек тура эмес жак бул видиотасма жалпы кыргыздын кыз келиндерине сабак болсо башка улутар арасында кулкуго деп есептейм эгер сойкулук боюунча курошсок биринчи арбир кыргыз азаматы эжэ карындашыга шарият бойунча тартип беру керек ошондо гана ушундай нерселер тыйылат деп ойлойм
Пикирге жооп

кимден: Адилет каяктан: Бишкек
06.06.2012 23:54
Чынында бул ойго келбеген иштер. Менда бул корунуштор боюнча маалыматтарым бар экени жазыксыз. Менда пейли кенен Москвада болуп келгем(2009-2010). Алгач мен бул нерсени андай кабыл алган эмесмин. кийин коп укчу болдум. Ал жигиттерди айтаар элем. Оз элин сыйлабагандыгы. Эгер патриот болсо, ошол кыздарды оз колу менен кармап алса, ошондо гана ал кылгандыгы туура эмес экенин айтып тушундуруу керек. Эч качан акысы жок антип бироону кордоого. Айта кетсем ошол балдарды кармаганда "ПАТРИОТ-деген содун тушунугун сурай турган болсо ал 2 деген баага дагы ылайык жооп бере албай калышы ыктымал. Эгер патриот болсо атйын малымат таратуучу, жакшы жакка ундоочу ( тушундуруу жолу менен) булактарды ойлоп табышса болмок. Алардын деле эже-карындашы, энеси бар экенин унутпаш керек. алардын бир чети тушунуктору,ой жугуртуулору анча кенен эмес экендигин оздору эле коргозуп жатышат.
Пикирге жооп

кимден: Асел каяктан: Москва
06.06.2012 20:16
Ассалоому алейкум! Ушул нерселерди коруп, угуп, аябай журогум ооруйт. Эмне себептен бул кыздардын укугу тебеленет? Биздин патриотбуз деп аталган жигиттерибиздин ушул нерсеге кантип дити барды? Уруптур, кыйнаптыр. Эмнеге интернетке жарыялайт? Алар ким озу? Эмнеге бироодун тагдырына балта чабат? Ушул сыяктуу суроолорду ойлоп жооп ала албай келем? Жазалаганга алардын акысыбарбы? Жараткан Алланын алдында алар ким? Аларга окшогондорду акылынан адашкан, көпкөн, көзун май баскан, Кудайдан коркпогондор дейт!

кимден: Маматкадыр каяктан: Новосибирск
06.06.2012 00:35
Шамал болбосо дарактын башы кыймылдабайт"деген Кыргызда жакшы сөз бар Бириңе сабак болсун экинчиң ойлонгун.женил ойлуулукка алдырбай.Жигиттер абайлагыла аша чаппай!Бөтөн жерде кысып эле жүргүлөчү!

кимден: Душманы эмес, жакыны. каяктан: Сапаргул
05.06.2012 23:59
Сапаргул аялзаты катары мыкты 100 дун бири.(Ото сейрек экземпляр.) Турмуштун бороонунан жашынбай,беттей чыгып, туруштук берген ото кучтуу келин. Адамга кылган мамилеси,балдарына арнаган мээримине журок жылыйт. Эн сонун тарбиядагы балдары,озун баалаган жакындары бар. Турмуштун катаалдыгына сынбаган курч муноздуу,келечекке болгон максаттары чексиз жан. Мындай кайраттуу,айкол,сабырдуу аялдар азыркы заманда абдан сейрек. Душман дагы тан берип,баа бере турган асыл жан.Мунозу менен ички дуйносун коргон душманы да жакынына, касы досуна айлана турган керемет адам.Жаманга да кек сактабаган, ичи кенен,кечиримдуу,абийирдуу,озгочо журогу бар. Журум,туруму начар болсо да бир башка кеп эле,баласындай болгон айбандарды ордуна коем деп минтип кагуу жеп олтурат.Сапаргулдун ордунда ар бир кыргыз кыз,келини болуп калышы мумкун болчу. Сапаргулду билбей, мээнеттуу эмгегин корбой туруп айткан ачуу созунорду токтоткула!Кай жерден видеону корсонор шыр очургуло!Телефонго жуктоп алганынарды жоготкула! Жок дегенде козунорду куноодон сактагыла. Ал эми абийирсиздерди Аллах эки дуйнодо жазалайт. Ал дагы алыс эмес. Бардыгына Аллах тараза.Жылуу соз айтып,калыстык кылгандарга Аллах берекесин берсин!
Пикирге жооп

кимден: ЖК каяктан: Ош
12.06.2012 16:12
Эгер ушундай болсо кош колдоп колдомокчумун.

кимден: Махабат каяктан: москва
05.06.2012 23:18
Мен да бир окуяны сиздерге айта кетейин, куйөөсун балдарын, ташап иштегени келген бир аял кыргыз эле жигит менен суйлошуп журөт, бир кун боюнда болуп калат, ойношуна боюмда бар алдырып салайын десе, акча бербештин айынан торой бер мен сага уйлоном дейт да кыргызстанга барып келейин деп кеткен бойдон келбей коет. Айласы кеткен аял алдырып салайын десе тогуз айга жакындап калган торойун десе уйдо куйоосу, бала чакасы бар эмне кылышын билбей, тороп балам ташап чыгып кетем дегенде, биз менен сосед комнатада жашаган жубайлар бар эле уулу жок уч кыздуу ошолор багып алышты, род домдон да өздөру чыгашысын төлөп чыгарып келишти, азыр баласы эки жашта биздин көз алдыбызда чонюп жатат. ойлосон журогун ооруйт кыргыздар эмне болуп кетип жатат өзу? мусулман элбиз дейбиз ушул мусулманчылыкта барбы ?
Жалпы 9 беттин -бетиндеги пикир
    Алдыга 

Онлайн шерине