Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 04:28

"Патриоттор" Орусияда дагы бир кызды кордоду


Интернетте 19 жаштагы кызды энеден туума чечинтип алып суракка алган кыргыз жигиттеринин видеосу кызуу талкуу жаратууда.

Кызыл чеке талаштарга жол ачкан бул тасмадан өздөрүн патриот деп эсептеген топ жигиттин кызды чечинтип алып, өзбек жигиттер менен жүрдү деп айыптап, жазалап жатканын көрүүгө болот.

Алардын сурагында бейтааныш кыз Баткенден болорун, бир күйөөдөн чыкканын айткан.

Керкисинде да, кемтигинде да...

Ички иштер министрлиги тасма Орусияда тартылганын тастыктап, иликтөө иштери башталганын билдирди. Мекеменин маалымат катчысы Бакыт Сейитовдун ишендиришинче, кызды кордогондорду издөө иштери кызуу жүрүп жатат.

- Бул окуяны биздин жетекчилик өз көзөмөлүнө алып, тиешелүү кызматтарга тапшырма берди. Учурда издөө, иликтөө иштери жүрүп жатат. Баткендик кызматкерлерибиз видеодогу кыздын сүрөтүн Бужум айылына алып барып, элден сураштырганда аны тааныгандар болгон эмес. Ал кыз Оштон болушу да мүмкүн. Учурда тактоо иштери жүрүп жатат. Аны кордогондор да изделүүдө.

Ал арада жердешин суракка алган “патриоттордун” бул жосуну коомчулук тарабынан ар кандай бааланууда. Басымдуу көпчүлүк жигиттердин аракетин айыптаса, күнөөнү кыздын өзүнө оодаргандар да болбой койгон жок.

Кыз-келиндердин укугун коргоону көздөгөн “Кырк кыз” кыймылы жердешин сабагандарды айыптап чыкты. Кыймылдын жетекчиси Перизат Суранова өздөрүн мекенчил атагандарды кыздарды камкордукка алууга чакырды.

- Жигиттерге андай укукту эч ким берген эмес. Кыргыздын салты боюнча мырзалар айымдарга кам көрүшү керек. Кыргыз эч убакта аялды кордогон эмес. Алар көкүрөк кагып патриотпуз деп жатышат. Андай кыйын болушса иш тапканга жардам беришпейби? Чындап күйүп жатышса жоопкерчиликти алышсын, жардам беришсин. Кыздарды суракка алганга эч кимдин укугу жок да.

Ошол эле учурда айрым кыздар жеңил ойлуулугунан улам “патриоттордун” сурагына өздөрү себеп болуп жатат дегендер да жок эмес. Социолог Топчугүл Шайдуллаева кордогондор да, кордолгондор да үй-бүлөдөгү тарбиянын өксүктүгүнөн ушундай тагдырга туш болуп жатат деген пикирде.

- Эми мурда "эл укса эмне дейт" деген чоң идеология иштеген да. Азыр балдарыбыз эч кимди көзгө илбей калды. Чет өлкөлөрдө андан бетер. Кыргыздар "Кызга кырк үйдөн тыюу керек" деп келишкен. Азыр болсо мындай түшүнүктөр жоюлуп, кыздар ар кандай ыплас иштерге барып жатат. Кыздарга да, балдарга да тарбия керек.

Сапаргүлдөн алынбаган сабак

Башка улут өкүлдөрү менен курган мамилеси үчүн патриоттордун катаал жазасына кабылгандар буга чейин да болуп келген. 2012-жылы Москвада он чакты жигиттин таландысында жылаңач калган Сапаргүлдүн окуясы убагында резонанс жараткан.

“Бир дүйнө Кыргызстан” укук коргоо кыймылынын жетекчиси Төлөкан Исмаилова кыздарды кордогондор өз жазасын алмайынча мындай окуялар улана берерин айтууда.

- Өзүбүздүн балдар өзүбүздүн кыздарды сабаган эмне деген мыкаачылык? Милиция алардын жазасын берүү керек. Орусияда "патриотпуз" дегендер өзүнчө эле мафия болуп кетти. Сапаргүлдү ыза кылгандар жазаланса, мындай окуялар кайталанмак эмес. Зөөкүрлөрдү эл алдында жазага тартуу керек. Ар бир мыйзамсыз аракет үчүн жаза болбосо өзүмбилемдик өкүм сүрөт да айла жок.

Буга чейин өздөрүн "патриотпуз" дегендерге Орусиядагы кыргыз кыздарын башка улуттун өкүлдөрү менен жүргөнү үчүн сабаганы күч кызматкерлери тарабынан издөө жарыяланып, айрымдары колго да түшкөнү кабарланган. Бирок алар сот жообуна тартылган эмес.

XS
SM
MD
LG