Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:51

Коопсуздук

Милиция коргойбу же кордойбу?

"Азаттыктын" “Арай көз чарай” талкуусунун кезектеги чыгарылышы Ички иштер министрлигин реформалоо, милиция менен элдин ортосундагы ишеним маселесине арналды.

Текст көлөмү - +
Талкууга Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын башчысы Бакытбек Жусубалиев жана журналист Абдувахаб Мониев катышты.


Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Милицияга эл эмне үчүн ишенбейт? Сурамжылоолор көрсөткөндөй, бүгүнкү күнү элдин 70-80% милицияга ишенбейт экен.

Жусубалиев: Бул суроо баарыбыздын жүрөгүбүздү өйүп келатат. Бирок өзүңүздөр билесиздер, Союздун тушунан бери эле эл милицияга ар кандай көз караш менен карап, ар кандай баалап келе жатат. Бирөө жакшы көрөт, бирөө жаман көрөт. Анткени биздин ишибиз ошондой.

Айрым кызматкерлердин кесиптик деңгээлинин начардыгынан, өзүнүн кызмат абалынан аша чаап пайдаланып кеткенинен, укуктук маданиятынын аздыгынан, атуулдарыбызга туура эмес мамиле жасаганынан ушундай терс пикирлер пайда болот.
Кыргыздар союздун тушунда деле ишенчү эмес, “милиция менен доктурдан алыс кылсын” деген тосттор жок жеринен айтылган эмес.

Ошентсе да 2005-жылы март окуясында милиция бир жума иштебей калган, ошондо эл өзү "иштегиле" деп өтүнгөн учурлар болгон. Айрым кызматкерлерибизди иштете баштаганыбызда карапайым эле адамдар “милиция балдарга бергиле, жесин” деп жанында болгон акчасына нан, лимонад сатып келип беришкен. Ушундан эле милиция менен элдин бири-биринен ажырагыс экенин байкоого болот.

Мирпазилов, Жалал-Абад: Мен былтыркы июнь окуясынан бери милицияга ишенбей калдым. Анткени азыр милиционерлер күнөөнү улутуна карап коюп, улутуна карап мамиле жасашат. Эгер улутуң башка болсо, кыйноо, же чөнтөгүнө бир нерсе сала коюп, айыпты мойнуна коюу адатка айланып баратат. Ошондуктан мен жогоруда отурган жетекчилерден суранат элем, бул жагдайга да көңүл бөлүп, карап койсоңуздар.

Мониев: Милицияга элдин ишеничи азайышына алар өздөрү гана күнөөлүү. Алар өзүнүн милдетине дал келбеген иштерди жасап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, ишенимден чыгып калган. Бирок милицияны коомдон бөлүп кароого болбойт. Жыйырма жылдык эгемендик ичинде Кыргызстандын бүт тармактары кризиске батты, анын ичинде күч органдары, милиция да өз иш-аракеттеринде деградацияланып кетти. Ошентсе да ачык айтуу керек, бүгүнкү күнү уруп-сабап, кыйноонун натыйжасында кылбаган күнөөсүн мойнуна алдыруу күчөп кетти.
Милицияга элдин ишеничи азайышына алар өздөрү гана күнөөлүү. Алар өзүнүн милдетине дал келбеген иштерди жасап, мыйзамсыз иш-аракеттерди жасап, ишенимден чыгып калган. 

“Азаттык”: Абдувахаб мырза, айлык акы көтөрүлсө, ички иштер тармагы оңолот, милициядагы коррупция жоголот деп ишенесизби?

Мониев: Жок, айлык акыны көтөрүүнү милицияны оңдоонун бир жолу, бирок аны менен эле ички иштер тармагы түп-тамырынан өзгөрүп, оңолуп кетпейт. Кызматкерлердин деңгээли, психологиясы өзгөрүүсү керек. Айлык акыны көтөрүп эле “реформа жасадык” деген “эски чаначка жаңы кымыз куям” дегендей эле кеп.

Төлөгөн, Нарын: Милицияга 100% ишенбейм. Анткени бул тармакты жакшы билем. Милиция эле эмес, сот, прокуратура тармагы деле так ушундай. Ошондуктан булардын бардыгын таратып, Грузиядагыдай реформа жасаш керек. Кыргыздар союздун тушунда деле ишенчү эмес, “милиция менен доктурдан алыс кылсын” деген тосттор жок жеринен айтылган эмес.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kyrgyzjigit каяктан: Istanbul
01.01.2012 08:22
Militsiya-bul mamlekettik litsenziyasy bar karakchy desek 90%ga tuura ele bolot . 1-may raionduk militsiyalardy ozgocho jek korom. ozdoru ukuk korgoo degen tushunuk menen ech ele taanysh emes. Oz jarandaryn kantip janynda pasportun jok dep akchasyn alyp algan bolsun. 2008-jyly pasportun jok dep 300 somumdu chontogumon alyp berbei kooiushkan. Turkiyaga shashylysh ketishim kerek ele oshol sebeptuu bashy kozumon sadaga degen boidon kete bergem.Menimche men jalgyz emes bolsom kerek. Dagy bir kemchilikteri fotorobottorun tuzgon akmaktary bar. Bilbegender bolso men aityp bereiyn : Boiu 160-180 arasynda, aziyat ulutunda bul degen orustardan bashkalaryn baary shektuu delip eseptelet. Myndai konsertterin kachan koiushat bul degen kyrgyzdardyn dushmandary. mentter kyrgyz dushmanysynar siler adamdai bolup kachan ishtegeniner. Men misali mentter kaalasa chontoguno narkotik salip turmodo kiynap jok kyla alyshat. egerde ak ui kok uido taanyshyn bolboso anda jashoo kyiyn ele. gruziyanykyndai bulardyn baarynan kutulush kerek da jashtardan jany politsiya kurash kerek.
Пикирге жооп

кимден: madamin каяктан: bish
02.01.2012 22:59
мени да прапискан жок экен деп жанымдагы болгон 50 сомумду зордоп,жаман создорду айытп,кордоп алып коюшкан. Простутицияны да ушул мелисалар,полковник,генералдар крышават этет. "мейманкана,сауна" деп жазылып турган жерлердин 90 пайызы ушулардын колунда,ал жерде сойкулук кылышарын баары эле билет бирок коомубуздун кайдыгерлигинен улам ушул закондун аркасына жашынган уурулар(мелиса,полковник ж.б.) кенири журот. Атамбаев буларды кармап турмого тыкпаса, эл деген сел болот, бир кун бул шылуундардын баарын Румыниядагыдай кылып бутунан дубалга асып туруп итти аткандай кылып бирден атып салабыз керек болсо. Жетишет, качанга чейин бул уурулар биздин каныбызды эмет?

кимден: vandetta каяктан: bishkek
01.01.2012 05:31
мен ишенбейм!!! эч ким ишенбейт милисага!!! алар кан соргучтардан айырмасы жок. уурудан коркпойсун,бирок милисадан коркосун! баары итирейип,арык,зорго жургон балдар....ичип алып,кутурушат....

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине