Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:56

Арай көз чарай

Өспүрүмдөр неге жашоодон аша кечүүдө?

Кыргызстанда акыркы бир жыл ичинде эле 94 өспүрүм өз жанын кыйган. “Арай көз чарайда” бул жолу мына ушул талылуу маселе талкууланды.

Өз өмүрүнө кол салган балдар көбүнчө өзүн-өзү асуу ыкмасын колдонушат.
x
Өз өмүрүнө кол салган балдар көбүнчө өзүн-өзү асуу ыкмасын колдонушат.
Текст көлөмү - +
Талкууга Бишкектеги студиядан “Балдарды коргоо лигасынын” кызматкери, психолог Айзат Көкүлова жана Сокулук районундагы Чыңгыз Айтматов атындагы мектеп-лицейдин социалдык педагогу Элмира Курманбек кызы катышты. Телефон аркылуу угармандар өздөрүнүн ой-пикирлери менен бөлүштү.

Талкуунун биринчи бөлүгү




"Азаттык": ИИМнин басма сөз кызматы 23-декабрь күнү Ысык-Көл облусунун Григорьевка айылында 11 жаштагы бала алма бакта асынып өлгөнү тууралуу маалымат таратты. Дагы бир он гүлүнүн бир гүлү ачылбай жатып, жашоо эмне экенин толугу менен баамдабай, аңдабай туруп, андан кечип кеткен бир баланын өлүмү – 95-болуп кошулду. Балдардын өз өмүрүнөн аша кечүүсүнө эмне себеп болуп жатат Айзат айым, психолог катары эмне дей аласыз?

Айзат Көкүлова: Буга себептер көп, эң негизгиси – коомчулуктун кайдыгерлиги. Балдар кандай учурда өз жанын кыйууга барат? Бул алардын бир мүнөттүк эле чечими эмес, алар буга алдын ала даярданышат. Өздөрүнүн буюмдарын башка досторуна же ини-карындаштарына берип, мүнөздөрү да мурдагыдан өзгөрөт. Аз сүйлөшөт же тескерисинче көбүрөөк сүйлөп, сөзүнүн тууралыгын бекемдөөгө аракет кылышат. Ушундай бир өзгөрүүлөрдү ата-энелер, мугалимдер, жалпы эле чоң адамдар байкап, көңүл буруп, алдын албаса, алар өз жандарын кыйууга барышат.

Угарман, Бишкектен: Балдардын өз жанын кыйып жатканына мектепти, мугалимдерди күнөөлөө туура эмес. Эң биринчи алардын үй-бүлөлүк шарты кандай, мына ушуга да маани берүү керек. Эгер ата-энеси урушуп, күнүгө жаңжал болсо, же ажырашып атса, андан бала эң көп жабыркайт. Мына ушул дагы балдардын психологиясына көбүрөөк таасир берет. Ошондуктан, баланын үй-бүлөсүндөгү социалдык абалды иликтөөнү да сунуштайт элем.

"Азаттык": Элмира айым, мектептерде социалдык педагогдор иштеп жатканына аз эле убакыт болду. Балдар менен иш алып баруу жагы кандай?

Элмира Курманбек кызы: Биз жүрүш-турушу же үй-бүлөлүк шарты оор балдар менен иштешүү үчүн түзүлгөнбүз. Мындай балдарды алгач класс жетекчилер байкап, алардын жүрүш-турушунда өзгөрүү болсо, бизге билдирип, коңгуроо кагышы керек. Биз - социалдык педагогдор ошол балдар үйлөрүнө барып, үй-бүлөлүк шарты менен таанышып, ал баланын классташтары жана башка окуучулар менен мамилесине байкоо жүргүзүп, окуучу менен сүйлөшүүгө, анын тынчын алып жаткан маселелерди чечүүгө көмөктөшөбүз. Бул үчүн бизге, деги эле ар бир мектепке психолог болсо, жакшы болмок.


Талкуунун экинчи бөлүгү




"Азаттык": Элмира айым, социалдык педагог катары сизге балдар келип, үй-бүлөсүндөгү, чөйрөсүндөгү маселелер тууралуу айтып, сыр чечишкен учурлар болдубу?

Элмира Курманбек кызы: Социалдык педагогика дегенди балдар деле кызыгуу менен кабыл алышты. Менин экинчи кесибим психолог болгондуктан, мен балдар менен ар кандай окууларды, тренингдерди өткөрүүгө аракет кылам. Жашоо деген эмне, аны татыктуу жашап, жакшы ийгиликтерге жетүү үчүн эмне кылуу керек жана башка ушул сыяктуу темаларда уюштурулду.

Мындан тышкары класс жетекчилер менен дагы иштешип, кайсы класстарга кандай темаларда кызыктуу класстык сааттарды өтсө жакшы болот, улам маалымат алып турам. Мектепте өзүнчө бөлмөм бар, балдар келип, өздөрүнүн маселелерин айтышат, кээде ата-энелер кайрылышат, мугалимдер өздөрү дагы кайсы бир бала тууралуу кайрылган учурлар бар.

Таалай, Бишкектен: Жаш балдардын өз жанынан аша чабуусуна мугалимдердин кайдыгерлиги да чоң себеп. Алар мектепте сабагын өтүп гана кетип калбастан, эмне үчүн бала мектепке келбей атат, эмне үчүн анын сабагы начарлап кетти деген суроолорго жоопкер болушу керек. Менин деле эки балам мектепте окуйт,  жылына эки жолу гана чогулуш болот, мугалимдердин кесиптик майрамынын алдында, класс жетекчисине белек бериш керек деген маселе менен, ошондой эле жыл аягында, мектептин ремонтуна акча, жыл бою мектептин фондуна төлөнбөй калган акчаларды төлөгүлө деген гана маселелер козголот.

Айзат Көкүлова: Балдардын өмүрүн кыйып кетүүсүнө коомчулуктун да айыбы чоң, менин балам андай эмес, башкалар эмне болсо ошол болсун деп, көз жумуп койгондун натыйжасында минтип бир жылда өз өмүрүн кыйган жаш балдардын саны 100гө чукулдап отурат. Бүгүнкү күнү балдар ата-энелерине, ички иштер кызматкерлерине, мугалимдерге, мектептин жетекчилигине ишенбейт. Анткени көп учур болгон, эмне кыларын билбеген бала мектептин жетекчилигине кайрылса, аны ата-энеси менен кошо чакырып алып, тескерисинче тилдешет: “сенин кандай укугуң бар арыз жазганга” деген сыяктуу суроолор менен мазесин алышат.

Ошондуктан, жер-жерлердеги бийлик ээлерине, райондук, шаардык билим берүү башкармалыктарына, бөлүмдөрүндө отурган адамдарга кайрылат элем, сиздер өзүңүздөрдүн түздөн-түз кызматтык милдеттериңиздерди аткарып, балдардан кандай сигнал келип түшсө, ошого кунт коюу менен мамиле кылышыңыздар керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: kyrgyzbay каяктан: kg-stan
29.12.2011 22:29
baldardin oz omurun kyigan oto korkunuchtuu. rasmiy turdo bir jylda 95 bala degen kg uchun oto jogorku korsotkuch..
ozum mugalim bolup ishteym. negizinen baldardin psihologiasinan mektepte mugalimder uydo ata-ene jooptuu... biroonun joopkerchiligi nacharlasa baldarda 1-2 jumada ele kemtikter payda bolo bashtayt..
baskan turgani, suylogonu, sabakka konulu ar bir nerse ozgorot.
shaarlarda deerlik kop uy-bulodo problemalar bar.30-40% mekteptegi baldardin ata-enesi ajirashkan, jalgiz apasi mn, ogoy apasi-atasi mn, tuugandari mn jana b. menen jashagan je bolboso ata-enesi mn jashayt birok uyundo oto kop problemalar bolgondor(materialdik-moraldik: ayrykcha atsy arak ichkender).
mindan 10-12 jil murda bul korsotkuch kyila tomon bolchu..5-10% tin tegereginde bolchu.
menin oyumcha bul problemani jalgiz ozun alip chechip koyuu oto kiyin. mamlekettin socialdik-demografialik plani mn birdiktuu karoo zaril.
mugalim katari ayta turgan nersem, mugalimderge: ar-bir klass jetekchi ozunun baldarinin kemtigin artykchylygyn biluusu zaril. jumasina 1-2 jolu suyloshup ulam konul burup turushu kerek. ansiz da klass jetekchiligi uchun ayliktan akcha karalgan.
ozgoruulorun ata-enesi mn suyloshup bildirip turushu kerek.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
29.12.2011 11:31
Баланы төрөө, багып өстүрүү кандай оор, канчалаган түйшүктү, уйкусуз түндөрдү, мээнетти, энелердин көз жашын талап кылат. Бирок аягында келип-келип, бир татынакай, кечээ эле мойтоңдоп ойноп жүргөн бала өзүнүн жанын кыйып атса?.. Эне катары муну ойлогондон да корком, бирок ошол эле убакта ушундай өтө оор, кайра ордун эч кандай кубаныч толтура албас кайгыны башка бир энелер тартып атканын ойлонушубуз керек го.. Талкууда жакшы жыйынтык чыгарылыптыр, келгиле, балдар -биздин келечегибиз, балдар үчүн, келечегибиз үчүн кайдыгер болбойлучу...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)