Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:56

Эл үнү / Коом

Бишкекте ысык суу эмнеге токтотулду?

Бишкекте 10-майдан тарта ысык суу бир айга токтоду. Ысык сууну минтип токтотпой коюга болбойбу?

Бишкекте жыл сайын бир айга ысык суу токтотулат
x
Бишкекте жыл сайын бир айга ысык суу токтотулат
Текст көлөмү - +
Бул суроолорго Бишкек жылуулук электр борборунун башчысы Мирбек Батаканов жооп берди.

“Азаттык”:
Ысык сууну бир айга эмнеге токтосуздар, эмнени оңдойсуздар?

Мирбек Батаканов: Шаардыктарга белгилүү, биз жыл сайын мэриянын буйругу менен бир айга суу берүүну токтотобуз. Бул кышка даярдыктын негизги жумуштарынан болот. Эмне үчүн токтотосуздар, антпей койсо болот беле деген өңдүү суроолор көп түшөт.

Биздин шаардын бир өзгөчөлүгү бар: бизде ысык суунун бир эле булагы бар. Чоң булактан бирөө эле. Ал 45 жылдан бер иштеп атат. Аны жайында ушинтип токтотуп оңдобосок, кышка даярдыксыз калабыз. Бир ай ичинде ремонт, оңдоо, тазалоо иштерине жыйырма миллионго жакын акча коротобуз. Бир айдан кийин шаардыктарга кайра жылуу суу берип калабыз.

“Азаттык”: Бишкекте суу дайыма ысык аптап келгенде өчүрүлөт. Ушул ремонт иштерин эрте жазда же күздө өткөрсө болобу?

Мирбек Батаканов: Бул эми принципиалдуу нерсе эмес деп ойлойм. Жазда, күздө деле өткөрсө болот. Баары бир 1 айга токтотушубуз керек. Бишкекте беш ай кыш болот. Ошого даярданышыбыз керек. Өткөн кышта байкасаңыз, бир да авария болгон жок.

“Азаттык”: Эмне үчүн башка өлкөлөрдүн борбор шаарларында ысык суу токтобойт, айталы Европада?

Мирбек Батаканов: Эми Европа деген Европа да. Ал жакта системалар такыр башка. Бирок коңшу мамлекеттерде Ташкент, Алматы, Москва, Санкт-Петербург шаарларында май айында токтотулат. Бул бекем факт.

Европада ысык суу жасаган системалар өзүнчө, булактары көп келет. Ал эми Москвада жүзгө жакын булак бар. Ошол себептүү алар эки жумага гана токтотушат. Бизде бир гана ТЭЦ бар. Аны оңдош керек да.

“Азаттык”: Демек бизде жакынкы келечекте ысык сууну токтотуу токтобойт экен да?

Мирбек Батаканов: Чечиш оңой эле. Бирок көп акча керек. Мисалы, биздин шаардыктар бизге 200 миллион сом акча карыз. Төлөшпөйт. Сууну отуз пайызын уурдашат.

“Азаттык”: Жок дегенде сууну токтоонун мөөнөтүн азайтса болобу? Күнү-түнү эки нөөмөттө иштеп эки аптада бир бүтүрүп салса болбойбу?

Мирбек Батаканов: Эки жумада деле бүтүрсө болот. Бирок акча көбүрөөк кетет. Акчабыз тартыш...
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Сайра каяктан: Бишкек
11.05.2011 09:46
Мирбек мырза, кырдаалды жакшы билбейт көрүнөт. Кышында авариялар болуп эле атпадыбы? Айрыкча декабрда суук көчөгөндө, Жибек-Жолу-Логвиненко көчөсүндөгү труба жарылып, 4-5 күндөй жылуулуксуз калганбыз. Жылуулук берилгенде үй 2 күн жакшы жылыган эмес. Бирок, айдын аягында акысын мурдагыдай эле төлөгөнбүз. Трубанын кай жери жарылганын билбей, жолдун баарын казышкан. Баса, жылуулук учун эмнеге кымбат төлөп атабыз? 7-апрелден кийин арзандайт дешпеди беле. Арзан кезинде айына 400-500 төлөчүбүз. Азыр болсо 8001000 сомдон ашып кетет.
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу