Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 21:58

Арай көз чарай

Ырыс да, ынтымак да үйдөн башталат

Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланды. Ушул тема "Арай көз чарай" берүүсүндө талкууланды.

Текст көлөмү - +
Катышуучулар: Акын, Кыргызстан маданиятына эмгек сиңирген ишмер Меңди Мамазаирова, коомдук ишмер Бөрүбай Жураев жана мурдагы депутат, "Доор эли" коомдук бирикмесинин жетекчиси Гүлжамал Султаналиева.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





Президенттин кеңешчиси Султан Раев: Мамлекеттин өзөгү – үй-бүлө болуп эсептелет. Ошондуктан анын жашоо-тиричилик гана эмес, саясий да мааниси бар. Мамлекетте ынтымак-ырашкерликти орнотмоюн биздин экономикабызда да, турмушубуздун башка чөйрөлөрүндө да жылыш болбойт. Жаш үй-бүлөлөргө жардам берүү багытында да, социалдык жардам боюнча да көптөгөн маселелер каралыш керек. Кыргыз элинде бири-бирибизге сабырдуу, кечиримдүү болуу деген чоң касиет, сапат болгон. Ошол жагынан караганда ар бир нерсеге толеранттуу көз карашты орнотушубуз керек. Ар кандай сын-пикирлер бар, бирок адамдар адамдарга, пейил пейилге, жүрөк жүрөккө карата дегендей, бири-бирибизге коңултак сезимде тура бербей, аракет кылып бир нерседен башташыбыз керек

Меңди Мамазаирова
​​“Азаттык”: Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганын бир топтору жакшы баалап жатышат. Бирок бул жарлык дагы көп кагаздын бири болуп, жасалма болуп калбас бекен деген күмөн ойлор да жок эмес. Анткени июнь окуяларында бир жыл бою эки элди элдештирүү жараяндары жүрүп, эл алдында кучакташып, чапан, калпак кийгизген менен тескери караганда баягы эле турмуш деп көп сындалган. Ошондой болбош үчүн конкреттүү кандай аракеттерди жасаса болот?

Меңди Мамазаирова: Үй-бүлө - кичинекей мамлекет, анын сыры, жыргалы менен кууралы өзүнүн ичинде жакшы сакталыш керек экени илгертеден эле айтылып келатат. Акциомага айланып кеткен сөз чындыгынан бузулбайт. Ошондуктан эң биринчиден үй-бүлөнү чыңдаш керек. Ал үчүн эмне кылыш керек? Айрыкча жаш үй-бүлөлөрдүн бекемдигин сактоого аракет кылыш керек. Ажырашуу көбөйүп, ынтымак болбогондон кийин мамлекеттин негизи болбой калат.

Ал эми ынтымак деп айтканыбыз менен элдин жүрөгүндө кек бар. Ошондуктан жаман окуяларды, көрүнүштөрдү, улут аралык ажырымдарды чыгарган бузуку, сепаратисттерди таап, жазасын бергенде гана элге, ар бир адамга канааттануу келет. Калың эл эч качан жамандыкты каалабаганын түшүнгөндөн кийин ынтымак өзүнөн өзү келет.
​​Бөрүбай Жураев: Үй-бүлө жылы деп ушуга көңүл бурулганы абдан жакшы иш болду. Айрыкча коогалаңдан кийин үй-бүлөлөр кыска убакта той өткөрүп, коркконунан жаш кыздарын күйөөгө берип жиберишкен. Үй-бүлөлөр өтө тез түзүлүп калган. Алар бекем болбостон, көптөрү бир жыл, алты айга жетпестен ажырашып кетишти.

Тойлорду карап отуруп, үй-бүлө бекем болсо, коом да бекем болот деген ойго келип атам. Мусулман мамлекеттердин көбүндө бала төрөлгөндөн кийин эле пайдубал даярдалат. Алар чоңоюп, окууну бүткөндө каякка барат, эмне кылат, каякта жашайт деген маселе башынан эске алынат. Насыя берилип, эсеп ачкан тажрыйба колдонулат.

Бизде жаш үй-бүлөгө эч бир жеңилдик жок. Ал эми кайсы жерде акыйкаттуулук, адилеттүүлүк болсо ошол жерде ынтымак болот. Көп саясат сөздө эмес, ишке өткөндө жакшы болот. Азыр бизде сөз көбүрөөк, иш азыраак болуп атат.

Гүлжамал Султаналиева: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда 18 жашка чейинки балдардын саны 2,5 миллионго жакын. Ошол эле учурда өлкөдө 100 миңге жакын үй-бүлө болсо, анын 81% жакынында 18 жашка чейинки балдары бар.

Гүлжамал Султаналиева
​​Статистикага кайрылганда жалгыз бой үй-бүлөлөр көп болууда. Мисалы, 2008-жылдагы статистика боюнча 100 миң үй-бүлөнүн 47% жакыны же энеси, же атасы гана барлар. Андан сырткары эч кандай никеси жок төрөлгөн балдар көбөйүүдө. Кыргызстанда каттодон өтүп үйлөнгөн ар бир төртүнчү үй-бүлө ажырашат экен. Ал эми бизде каттоодон өтпөгөн канча үй-бүлө бар?

Бүгүнкү күндө үй-бүлө саясатында мамлекеттик деңгээлде эч кандай көңүл бурулбагандыктан ушундай көрүнүштөр болууда. Бирок бул жардыктын чакыруусу, логосу жаккан жок. Үй-бүлө деген менен тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк деген дал келбей жатат. Албетте буга маселеге президенттин деңгээлде көңүл бурулуп жатканы жакшы. 

Бирок ошол эле учурда жыл башталганына бир айдан кийин жарыяланып атат. Бул мамлекеттик деңгээлде пландоо, анализ, алдын ала байкоо деген жок экенин көрсөтүүдө. Эми бул жөн эле номиналдуу түрдө айтылып калбай, аягына чыгарылса жакшы.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Жыкы каяктан: Бишкек
31.01.2012 14:10
Урматтуу мекендештер! Эгерде биз алдыга жылалы десеек, ушундай бир ураандар менен барышыбыз керек! А эмнеге бир нерсе болсо "манастап" ураан чакырып калабыз, ошол сыяктуу эле уй-було, тынчтык, кечиримдуулук деп жарыфяланышы эн туура болду. Мен бул жылды жан дилим менен колдойм, ошондой эле керектуу иш чараларына да активдуу катышканга аракет кылам... Бул жылды откоруу учун коп сандаган иш чаралардын кереги жок, ашып эле кетсе 10го жакын иш откоруу керек...

кимден: Турдукожоев Сексенбай
28.01.2012 16:01
Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыялганы жакшы болуптур.Бирок ушундай жакшы жарлыктар көбүнчө кагаз боюнча эле калып, аткарылбай калчу эле.Убакыт учкан куш, жыл аягында ушул жарлыктын кандай ишке ашканын карап көрүп, Атамбаевдин командасы кандай иштеп жатканынан кабар алсак болот.

кимден: Эльмира каяктан: Бишкек
28.01.2012 10:10
Быйылкы жыл Үй-бүлө, тынчтык, ынтымак жана кечиримдүүлүк жылы деп жарыяланганы абдан жакшы демилге болду. Анткени кыргыз элим башынан кечирген каарду окуялардан кийин ынтымакты, тынчтыкты энсеп турган учур. Андыктан бул демилгени колдойлу.

кимден: Жаран
27.01.2012 21:27
Ушундай дайны жок популистик лозунгтарды Акаев баштап кетти эле, Бакиев улантты эле, эми Атамбаев дагы улантайын дегени го. Атамбаев андан коро конкреттуу элге пайдалуу иш менен корсотконун туура болот. Реалдуу кылып элдин жашоо денгээлин которуп койсон, экономикабызды онуктуруп койсон, кыргыз тилин расмий кылып койсон, окмотто иш кагаздарын кыргызчага откорсон, ошондо сени эл озу эле колдоп, омур бою президент кылып алат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине