Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:01

Спорт

Лондон-2012: Кыргызстандан азырынча үчөө...

2012-жылы жайында боло турган Лондон Олимп оюндарына азырынча үч гана кыргызстандык спортчу жолдомо алышты.

Текст көлөмү - +
Грек-рим, эркин күрөш, бокс, оор атлетика, ок атуу жана башка спорт түрлөрүнөн кыргызстандыктар дүйнөлүк мелдешке жолдомо алаар-албасы арсар.

Ошол эле кезде спорттун ар кайсы түрү боюнча Казакстан 40тан ашуун, Өзбекстан 29, ал эми Тажикстан 4 жолдомого ээ болгон. "Азаттыктын" кезектеги "Арай көз чарай" талкуусу ушул темага арналды.

Катышуучулар: Улуттук олимпиада комитетинин баш катчысы Канат Аманкулов, спорттук баяндамачы Кубан Атабеков.

Талкууну толугу менен бул жерден угуңуз:





“Азаттык”: Лондон Олимпиадасына чейин дагы жарым жыл убакыт болгону менен мурдагыдан аз спортчу барары белгилүү болуп калды окшойт. Мунун себеби эмнеде?

Канат Аманкулов
​​Канат Аманкулов: Улуттук олимпиада комитети, Дене тарбия жана спорт агенттиги, федерациялар менен биргеликте алдыңкы спортчуларга олимпиадага карата былтыр жакшы шарттар түзүлүп берилген. Тилекке каршы ойдогудай болбой калат экен.

​​Биздин жаңы жылга чейин 7-8 жолдомо алабыз деген үмүтүбүз чоң болчу. Тилекке каршы биздин алдыңкы балбандар албай калышты.

Алдыда дагы 7-8 ай мөөнөтүбүз бар. Бул убакытта жалпысынан 15-20га чейин жолдомо алганга мүмкүнчүлүгүбүз бар.

Спорт деген спорт экен, бирде утат, бирде утулат. Бирок акыркы убакытта чоң спортко эле көңүл буруп, жалпы спортко, өспүрүмдөргө көңүл бурулбай жүрөт.

Кубан Атабеков
​​Кубан Атабеков: Спорт бүгүнкү күндө жөн гана спорт эмес, дүйнө жүзүндө түздөн түз бизнеске айланып, саясат да болуп кетти.

Өнүккөн өлкөлөр бизден ат чабым алыс кетип калды.

Спорт деген карандай эле кара күч менен эмес, медицина, социалдык шарт, экономика менен байланышкан нерсе. Мисалы, ар бир спортчуну биз башка өлкөлөрдөй кыйнап машыктыра алабыз. Бирок кайра калыбына келүү деген жагдай бар да.

Ошол жагынан алганда башка өлкөлөр бизден медицинанын арты менен жаңы технологияларды колдонуп жатышат. Эгер биз ошол процессти ойдогудай аткара алсак эртеңки күндө жакшы көрсөткүч бере алат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Бексултан каяктан: Каракулжа Жийде айылы
10.01.2012 02:54
Олимпиадага жолдомо алгандарды алла таала озу колдоп ийгиликтерди буюрсун. Жакшы соз бар пайгамбар барына шугур дептир деген,аз болсо да саз болуп утушка жетсе ошо жакшы.Биз ушул үчпү же кудай буйруп коп боло берсин спортчуларыбызды колдоп алалы ,анан баары жакшы болот

кимден: Бексултан каяктан: Каракулжа рай жийде айылы
10.01.2012 02:44
Ассалоом алейкум алтын тукум кыргыз журту. Туура биз мойнубузга алыш керек эл кучтуу болгон менен мамалекет карупсяга баткан чиновниктердин туткунунда. Качан бизге баарын тушунгон башчы келбесе эч качан эч нерсе онуго албайт.Кыргызстанда шаардын борборлорунда эле машыгуучу жайлар болбосо айылдарда жокко эсе.Таланттын баары айылда :айтайн дегеним бир спорттук мелдеште айылда озунчо машыккан бала Бишкек спорт мектебинен келген КМСке мумкунчулук бербей утуп салган.Мекен айылдан башталаарын унутпаш керек.

кимден: tima каяктан: asia
08.01.2012 06:31
sportko KGZ konul burulgan jok sayasatka kop konul da, akcha bolunup kelet. je LONDON-2012 olimpiadga KGden deputat minstrlerge joldomo berishet 3 sportchuga koshulup 40 deputat 35 ministrge koshup jonotkuloo. alar korgoit KG namysyn...............................

кимден: KYRGYZ JIGIT каяктан: USA
08.01.2012 03:25
Assaloom aleykum Uluu Urmattu Kyrgyz kalkym !
Menin pikirim boyun4a, bizdin Kyrgyz jigitterin, Alla-Taala jaratiliwtan ku4tuu kilyp jaratkan. Azyr biz aytip olturgan 3 Er Azamattaribyz da, ozdorunun Allahtan gana berilgen ku4utoru mn jeniwke jetip olturuwattar.
Bizden Kyrgyzdardan, tarihta Babalaribyz balban bolup keliwken. Men oyloyt elem, bizde azyr da Babalaribyzdyn jolun joldop uwun4alyk balbandar 4igyp jatat, owolorgo biyliktegiler, Allahtyn iraazy4ilgy u4un koz jumbastan, bizdin Er Azamattarga jakwy wart tuzup beriwkende, Kyrgyzstan dagy koptogon orundarga ee bolmok dep iwenemin.(InwAllah).

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине