Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:56

Ар бир күнүбүз шаңдуу


Расул Рахманалиев. Сүрөт автордуку.
Расул Рахманалиев. Сүрөт автордуку.
С-типендия
Т-ийгенде
У-шунчалык
Д-ардаңдайсың
Е (Э)-ртеси
Н-ан
Т-аппайсың деп биз “Студент” деген сөздү өзүбүзчө тамашалуу чечмелеп алганбыз.

Биринчи шаарга келген күнүм. Таза көчөлөр, бийик-бийик имараттар жана бейтааныш адамдар мен үчүн башка дүйнө. Документтеримди колума кармап келип, окуу жайга экзамен тапшырган күнүм мен үчүн ары сыймыктуу жана кубанычтуу. Студенттик билетти биринчи колума кармаганымда чыныгы студент экенимди байкаган эмесмин. Накта студент болгонумду ата-энемден бир туугандарымдан алыстап жеке жашоо баштаганымда байкадым. Жогорку окуу жайга жаңы гана келип, аудитория, куратор жана сессия дегендер мен үчүн бир аз тааныш эместей туюлган. Студенттик кезим өмүрүмдө бактылуу күндөрүмдүн бир барагын түрдүү боёктор менен кооз чиймелегендей. Кырчындай өмүрдө, студенттик доорду сүрүү ар бир пенде үчүн кызыктуу болсо керек.
Мугалимдердин сылык мамилеси, тайпалаштардын шайырлыгы ар бир күнүмдү шаңга бөлөйт. Кимдир бирөө билим алууда кайдыгер карап, ата-энесинин эмгегин текке кетирип, ар күнүн кумарланууга айландыруусу мүмкүн, бирок менин тайпалаштарым билим алууга умтулган жаштар.

Бир күнү алыскы Алай жеринен чогуу жашаган досубуз азык-түлүк келерин айтты. Аны уккан балдар автобустун келерин күтүп олтуруп автобекетте уктап калыптырбыз. Бир убакта чочуп ойгонсок кеч кирип калыптыр. Саат сегиз жарым. Биз күткөн Алайдын автобусу Ош шаарына келип, кайра айылга кетип калыптыр. Эмне кыларыбызды билбей, таңды ач карын тоскон күн эсте каларлык болгон.

Негизи ар бир күнүбүз шаңдуу. Азыркы учурда интернет желеси дүйнөнү багындырды. Биз да сабактардын көпчүлүк бөлүгүн интернеттен издеп, даярданабыз. Күн сайын сабактан соң китепкананын жанында орун алган Wi-Fiга студенттер аарылардай чогулабыз да дүйнөлүк желеден керектүүлөрүбүздү издейбиз. Менде ноутбук жок болгондуктан досумдан сурап турганга туура келет. Ар түрдүү сайттардан маалыматтарды окуп чыгып, тапшырмаларды аткарып бүтүп үйгө келебиз. Жатакана, шайыр, шайдоот кыз-жигиттер короо жактагы отургучтарда ыр-күлкү уюштурабыз. Күндүн көз уялткан нурларын күтөбүз. Сабактан кийин спорттук аянтчаларда кээде волейбол, футбол ойноп, тердеп-тепчип өз бөлмөлөрүбүзгө тараган күндөр болот. Мына ошол учурда айылымдагы мончо көздөн учат. Себеби биз окуган окуу жайдын жатаканасында жуунганга шарт жок. Айлабыз кеткенде шаардагы тааныштардын үйүнө жаман көрүнүп болсо да барууга туура келет.

Көпчүлүк студенттер ачка калган күнүн же алма уурдаганын айтышы мүмкүн. Бирок мени менен чогуу жашаган балдарда ачка калуу болбойт, себеби биз кошумча жумуш таап алганбыз. Азыркы учурда кафе-ресторандарда той деген күн сайын болуп турат. Шаардагы ресторанда официант болуп, үч күндө бир барып иштейм. Эмнеге башка студенттердей билим алып эле жүрө бербейсиңер деп кайрылгандар да бар. Айылдагы ата-энебизге, Орусиядагы агаларыбызга жеңилдик болсун деген ниетте акча таап, жаныбызды бакканга аракеттенебиз деп гана кутулууга аргасызмын. Ресторандагы той таркаганда арткан кешиктерден атайын баштыкка досторум үчүн салып коём. Таң эрте сабакка барып, көзүбүз кызарып кээде уктап калмай адатыбыз да бар.

Расул Рахманалиев, ОшТУнун студенти
XS
SM
MD
LG