Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:02

Эл үнү / Коом

Психолог: Баланын суицидге жөндөмү эрте эле байкалат

Акыркы кездери Кыргызстанда өз өмүрүнө кол салган, же өз жанын кыйгандар айрыкча жаштар арасында көп жолугууда.

Текст көлөмү - +
Алардын бири жакында Балыкчы шаарында катталды. Жамийла аттуу мектеп окуучусу күмөндүү жагдайда мерт болуп калган арзыган жигити, аскерий окуу жайдын тарбиялануучусу Таалайбектин артынан өмүрүн кыйган. Жакындарын кайгыга салган мындай ырайымсыз кадамдардын себептери, алдын алуу жолдору тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна психолог-адис Нургүл Мусаева жооп берди.

"Азаттык": Билим берүү министрлигинин эсеби боюнча ушундай көрүнүштөр абдан көбөйүп жаткан экен. Мисалы, 2009-жылы 76 факт катталса, былтыр 94кө чейин өсүптүр. Эмне үчүн ушундай жолдорго барып жатышат, айрыкча өспүрүм курактагылар?

Нургүл Мусаева: Бул азыркы учурдун орчундуу проблемаларынан болуп эсептелет. Өзүнүн өмүрүнө кол салган адамдардын саны жыл сайын өсүүдө. Дүйнө жүзү боюнча алып караганда да статистикалык маалыматтарга таянсак, курч өсүп келе жаткан проблема болуп эсептелинет. Психологдордун айтуусу боюнча, жашоо темпинин өсүшү менен, кризистик кырдаалдардын күчтүүлүгү, адамдын психологиялык күчүнүн эркинин начарлоосу менен түшүндүрүлөт.

Ар бир адам өз жанынан кечүү жөнүндө ойлонушу мүмкүн. Суициддик фантазиялар мыйзам ченемдүү көрүнүш. Көбүнчө адамдар кыйналып кеткенде өзүнүн жанын өзү кыйганга барышы мүмкүн.

Суицидге көбүнчө 15 жаштан 22 жашка чейинки өспүрүмдөр барышат. Мектеп жашындагы окуучулар көп барышы мүмкүн. Бул өспүрүмдүк кризис менен байланышкан, өсүп жаткан куракта балдар ар бир нерсени жүрөгүнө жакын алып, курч реакция жасайт. Ошондуктан алардын сезимдеринин калыптанып, өөрчүп турган кезинде жөнөкөй гана проблеманы алар оор кабыл алып, жанын кыйганга барышы мүмкүн. Мунун эң негизги себептери экономикалык кыйынчылыктар, карыз болуу, жакын адамынан ажыроо, жаңжал, өзүн-өзү жазалоо, же өзүн көрсөтүү максатында болот.

"Азаттык": Кээде өспүрүмдөр атайын коркутуу үчүн да ушуга барышат, анын артында өлүм тургандыгын сезбейт деген да пикирлер айтылып жүрөт. Психологияда бул кандай түшүндүрүлөт?

Нургүл Мусаева: Суициддин үч түрү болот, чыныгы, демонстративдик, аффекттик. Чыныгы - бул чын эле адам бул жашоодон кеткиси келип, өзүнүн өмүрүн кыйган учурлар. Аффекттик – депрессиянын эң жеткен чегине жеткенде, эмоциянын бийик деңгээлине жеткенде аффектке алдырып, өз өмүрүн кыйган учурлар. Ал эми демонстративдүү – бул өзүнө көңүл бурдуруу, же коркутуу максатында барышат.

"Азаттык": Өмүргө арзыбаган кадамдарга барып жатышат, ошону түшүнбөй туруп чоң өмүрдү жоготуп атышат. Ушуну алдын алуучу чаралар керек го. Кандай чаралар зарыл, адистер кандай кеңеш бере алат?

Нургүл Мусаева: Эң негизгиси - байкоо жүргүзүш керек. Адамдын суицидге жакындыгы эрте эле сөздөрүнөн, жүрүш-турушунан байкаса болот. Азыркы учурда мектептердеги иштеген психологдор эрте диагностика кылып, тесттерди өткөрүп, балдардын суицидге шыктуулугунун деңгээлин аныктап туруш керек. Ошондой эле консультациялык иштерди жүргүзүп туруш керек.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Kuban каяктан: Bishkek
28.02.2012 19:47
Жалпысынан эле суицидке жакындыгы эрте байкалат деп койбостон бир белгилерин мисал кылса жакшы болмок.
Кандай создорунон же кыймылынан байкаса болот, жана жаш балдарга аны алдын алуу учун ата-энеси кандай аракет кылыш керек? Кичине керектуу аракеттерди коргозсо туура болот беле. Психологго алып барыш керекпи, же психолог жок айыл жеринде ата-энеси же жакын адамы жашоонун баалуулугу тууралуу атайын тушундуруп суйлошуш керекпи.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.02.2012 17:35
Биз балдарыбызга туура тарбия бере албагандыктан мына ушундай окунучтуу окуяларга дуушар болуп жатабыз. Эгерде биз балдарыбызды Ислам дини талап кылгандай тарбиялай турган болсок мындай проблемалардан оолак болор элек. Негизи проблема биздин жашап жаткан системабызда экендигин ойлонбойбуз. Ислам биздин жашообуздагы проблемалар чечими. Ал эми азыркы капитализм дейбизби, демократия дейбизби айрымасы жок проблемалардын башталышы жана андан ары орчуп-онгушу. Ислам десе эле карангылык деп билебиз. Карангылык накта капитализм экендигин сезбейбиз. Ислам - бул нур эки дуйнодо. Капитализмдин карангылыгынан бай-кедей, озун-озу олтуруу, талап-тоноо, капитал топтой бер кишини олтуросунбу,бироонукун тартып аласынбы, бала уурдап сатасынбы, органынды сатасынбы баары бир чек жок ж.б.у.с. Мына ушулбу силердин цивилизациянар??? Цивилизация - адам баласында болбой турган нерсе. Адам Адам алейхисалам жаралгандан бери эле ошол бойдон келе жатат. Же 21 кылымдагы адамдардын 3 башы, 10 колу пайда болдубу? Албетте, жок. Цивилизацияны Аллах Таала айткан Куранда онугоорун. Цивилизация- бул илимий, технологиялык онугуулор. Адам баласында цивилизация болбогондон кийин эмне учун биз Аллахтын коюп берген татип-эрежелеринен баш тартып, адамдардын акылынан чыккан закондорго баш ийишибиз керек. Мына ушундай адамдар чыгарган закондорго баш ийип журуп ушул тунгуюк абалга келдик. Ойлонгула-ойгонгула адамзаты. Азыр да кеч эмес. Кудай баарыбызды туура жолго салсын Омийин,
Пикирге жооп

кимден: Maksat каяктан: Bishkek
05.03.2012 12:51
Sizdin oiunguzcha Islam dinindegiler oz janyn ozy kyigan jokpu?

Islam dini dele ech nersege jardam bere albait ko. Islam dinindegiler oz janyn emes, bashkanyn janyn kosho kyiyp jatpaiby!

кимден: kasidinov.eldiar
14.02.2012 14:00
жашоонун ысык суугуна чыдаш керек да. жашоо ошонусу менен кызык да.Өлөт десе эле өлө бербей.
Пикирге жооп

кимден: Кечир каяктан: Москва
15.02.2012 13:12
Ай жаштык жаштык ай ай курган мастык ай кетеби бизден алыстай деген БЕК Байкеңердин жакшы чыгармасы бар жаштыка мастыка алдырбаш керек жаштар өлгөндүн шору сенин аркандан ата энеңден башка эч ким кайгырбайт жашоо улана берет тирүүлүктө кудай жраткан өмүрдү пайдалана билиш керек кыйбастан
 Сөз төрү

СӨЗ ТААНУУ: талкуудан – тактыкка, тилден - дилге

Эне тилибиздеги сөз жаратуу, сөз өздөштүрүү жана жалпы эле сөз таануу жаатында талкуу үчүн сунушталган "Азаттыктын" атайын шеринеси.

Соңку пикирлер: (2315 - жалпы саны)

Аты-жөнү жазылбаган: Шаамерчемге
Менимче. эгер латын тамгасына десек, сиздин сунушка караганда кыргиз тилине 1939-жылы кийрилген латын ... Толук

Сөз таануу