Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:45

Чек ара кызматы: Желек орнотулган үй Кыргызстанга таандык


Кыргыз чек арачылары илип кетти деген туунун сүрөт.
Кыргыз чек арачылары илип кетти деген туунун сүрөт.

Кыргыз чек арачыларынын Лейлек районунун Тажикстан менен чектешкен жериндеги үйгө кыргыз желегин илишине тажик тарап нааразычылыгын билдирди.

Кыргыз бийлиги Тажикстандын жарандары Кулунду айыл аймагынан эле 37 гектар жерди мыйзамсыз ээлеп алганын белгилеп, өз аракеттерин мыйзамдуу деп эсептешет.

6-февралда Кыргызстандын чек арачылары Лейлек районунун Максат айылынын Тажикстандын Овчикалача айылы менен чектеш эки үйдүн чатырына Кыргызстандын туусун илип коюшкан.

Тажик жарандары Абдугаффор Жалолов, Мухаммадали Абдулалиев жана кошуналары "Азаттыктын" тажик кызматына кыргыз чек арачыларынын аракети мыйзамсыз экенин, аймак тактала электигин айтышкан. Мындан тышкары Тажикстандын Овчикалача жамаатынын төрагасы Эргаш Жураев кыргызстандык кесиптештери менен бул маселе боюнча сүйлөшкөнүн айткан.

Тажикстандын Согди облусунун аймактык чек ара кызматынын жетекчиси Мухамад Жафаров болсо Кыргызстан Чек ара кызматынын бул аракетин чагым катары баалап, али такталбаган чек арада карапайым тургундун үйүнө тууну илүү боюнча кесиптештеринен түшүндүрмө ала электигин айткан.

Чек ара кызматынын маалымат кызмат жетекчиси Гүлмира Бөрүбаева кыргыз чек арачыларынын бардык аракеттери мыйзамдуу экенин, желек илинген үйлөр Кыргызстанга таандык экенин билдирди:

- Максат айылындагы туу илинген үй Кыргызстандын жаранына таандык. Тажикстандын жарандары ал жерде убактылуу гана жашап турушат.

Максат айылында учурда жүздөн ашык үй-бүлө жашайт. Бул айыл 1996-жылы Тажикстан менен чек араны бекемдөө үчүн мамлекеттин эсебинен суу чыгарылып уюшулган айыл. Мамлекет атайын үйлөрдү куруп берип, башка аймактан калк көчүрүлгөн. Буга Тажикстандын жарандары ээн аймактан жерлерди улам өздөштүрүп ээлеп алуусу себеп болгон.

Учурда туу илинген үй да Кыргызстандын карамагында катталып, тажик жарандары ижарга алган. "Үйдө жашап жаткандарды чыгаруу жогорку бийликтин чечимине жараша болот", - дейт айылдык аймактын башчысы Кубатбек Сулайманов.

- Чынында ал жерлер биздин аймагыбыз болуп эсептелет, бизде каттоодо турат. Ошол үйгө эми Тажикстан жараны ижарада жашап жаткан экен. Биз ал үйдүн ээсин таап, такташтырып жатабыз. Болгону биз өзүбүздүн аймагыбыз экенин билдирип, өз ара макулдашып желекти илип койдук. Эми ошого кошуналар ичи ачышып жатат. Эч кандай талаштуу жер эмес. Биздин аймак болгонунан илип койдук.

Кулунду айыл аймагы Тажикстан менен чектешип, жайыт, жол, суу, жер талаштын айынан чыр чыгып турат.

Айыл аймак башчысы Кубатбек Сулайманов эки өлкөнүн чек араларын тактоо иши тезирээк аяктаса, "ошол жерлер кайрадан Кыргызстандын карамагына өтүп маселе чечилсе, талаш бир жаңсыл болот эле" деп кошумчалайт.

- Тажикстандын жарандары биздин айыл аймактан жалпысынан 37 гектардан ашыгырак жерди мыйзамсыз ээлеп алышкан. Үйлөрдү да куруп алышкан. Ошондой аракеттери күчөгөнүнөн ошол мезгилде Аскар Акаев атайын каражат бөлдүрүп, үйлөрдү курдуруп, чек араны бекемдөөнү колго алган. Чек араларда тактоо иштери тезирээк бир жаңсыл болсо, ушуга окшогон талаш-тартыштар токтомок.

Ал арада “Азаттыктын” тажик кызматы - “Озоди” радиосунун журналисти Масум Имамов окуя болгон аймактан маселени чагылдыруу аракети менен жүргөн учурда кыргыз чек арачылары тарабынан кармалып, күч кызматтарына сурак берүүдө. Чек ара кызматы болсо тек жайын аныктоо иштери бүткөн соң бошотуларын билдирүүдө.

“Азаттыктын” тажик кызматы жарыялаган сүрөт.

XS
SM
MD
LG