Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:04

Экономика

Акималиев: Жазында жут болушу мүмкүн

Кыргызстандын алыскы аймактарында жут коркунучу тууралуу академик Жамин Акималиев ой бөлүштү.

Текст көлөмү - +
- Азыр айрым аймактарда кар калың жаап, тоют жетишсиз болуп жатканы кабарланууда. Сиз өзүңүз аймактар менен кабарлашып жатасызбы? Абал чындап эле кыйынбы?

- Туура. Мындай кышты көптөн бери көрө элек болчубуз. Абдан узак, кар калың, ошону менен бирге эле абдан суук болуп жатпайбы. Бийик тоолуу райондордо, Нарында, Ысык-Көлдө, Таласта деле, түштүк облустарда мындай жагдай байкалып жатат. Ош, Жалал-Абаддын тоо жактагы Чоң-Алай, Чаткал тоолуу райондору гана эмес, өрөөндүү жерлерде да быйыл аябай кар жаап жатат.

Быйыл пахталардын жарымын кар басып, талаада калды. Мына Бишкектин тегерегинде эле, биздин талааларда кардын калыңдыгы 10-15 сантиметр, Көк-Жардан ары барсаныз 30-35 сантиметр, ал эми бийик тоолуу жерлерде кардын калыңдыгы бир метрден ашып кетти. Ошол эле кезде суук да катуу болуп жатат. Бул өзү абдан коркунучтуу нерсе.

- Малчылардын азыр эле тоюттары түгөнүп жатса, жаз келгенде жагдай кандай болот?

​​- Жазында кыйын жагдай түзүлүп, жут болуп калышы мүмкүн. Аба ырайын божомолдогондордун айтымында, февраль айы да абдан кыйын болот экен. Февраль айында абанын орточо температурасы Нарында -12 градус, Ысык-Көлдө -7 градусту түзөт экен.

- Эми тоют жетишпей жатканы айтылган Чоң-Алай өңдүү алыскы райондорго кандай жардам берүү зарыл? Аларга негизи ким жардам бериши керек?

- Кийинки жылдары мал чарбасына, өзгөчө айыл чарбасына көңүл бурулбай калды. Илгери Советтер доорунда малдын бардыгы мамлекеттин эсебинде болгон кезде аябай кам көрүлчү. Чөптү, жемди, силосту мурун даярдап коюшчу. Азыр ушул кезде малдын 98 пайызы жеке менчикке өткөн. Биздин өкмөт жеке менчикке өткөн соң ишибиз жок, өздөрү багып алат деп ойлоп жатат. Ал туура эмес. Жеке менчиктеги мал элди багып жатат. Экспорттоого мүмкүнчүлүк пайда болууда.

Биздин мамлекетте мал чарбасын өстүрүү боюнча атайын программа да жок. Бул тармакка көңүл бурган киши да болгон жок. Былтыр 9 пайыздык атайын насыя акчаларды беришти эле. Ошолордун бир пайызын да мал чарбасына беришкен жок. Талаачылыкка жарымын берди, калганы жок. Ошондуктан мал чарбасына көңүл буруу зарыл.

Азыр эми эл кыйын абалда турат. Мындай суук 1967-жылы да болуп, ал кезде тоют жетиштүү болгонуна карабастан бийик тоолуу бир топ райондо койлор кырылып калган. Азыр ошондой суук болуп турат. Эми февраль айында да суук болуп, кар көп жаайт экен.

​​Ушуга чейин Жогорку Кеңеште кар жөнүндө, тоют маселеси боюнча бир да сөз болгон жок. Ошондуктан өкмөт тезинен республика боюнча штаб түзүшү керек. Тоют, арпа, буудайы бар өрөөндөрдү караштырып, болгон мүмкүнчүлүктөрдү колдонуп, суук катуу болуп жаткан бийик тоолуу райондорго жардам бербесек, анда биз малыбыздан айрылып калышыбыз мүмкүн.

- Мындай көрүнүштөр кийинки жылы да кайталанбашы үчүн мал чарбачылыгы багытында саясат кандай болушу керек?

- Мал чарбасы - бул биринчи кезекте тоют. Тоют болмоюнча мал чарбасы кантип өсөт? Эт да болбойт, сүт да болбойт. Мурда жалпы айдоо аянтынын 20 пайызына чейин чөптүн түрлөрүн, беде экчүбүз. Азыр беш пайыз гана сээп жатабыз. Жүгөрүнү, арпаны да азайтып жибердик. Мурда 250 миң гектар арпа сээп келсек, азыр 120 миң гана арпа эгилип жатат.

Натыйжада тоют камдалмайынча, маселе чыга берет. Жут болсо, мал кырылып калышы мүмкүн. Ошондуктан азыртадан ойлонуп, айдоо аянттарын пландоого мүмкүнчүлүк түзүү керек. Кыскасы малдардын башын санабастан, алардын тоюту менен короо-жайларын карамайынча, мал чарбасынын кендири кесилет.

- Рахмат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Омур каяктан: Чон-Алай
03.02.2012 16:39
Быйылкы алыскы аймактардагы кыштын кыйынчылыгы, тоют, отун-комур маселесин ЖК мындай калсын, аймактардагы район, АО башчыларынын тушуно кирбей жатат. Бул бийликтин элеттеги оор ахыбал тууралуу билбеседа керек же билгиси да келбейт болуш керек. Чон-Алайда тангакталган бир тай чоп 300 сомдон, арпа 20 сомдон жогору, жем 25 сомдон жогору, комур 4 сомдон жогору(комур озубуздон чыгат) сатылып, карапайым калктын кабыргасы кайышып турат. Тезирээк чара корушпосо, элдин чыдамы чегине жетип турат.

кимден: кыргыз каяктан: Бишкек
03.02.2012 10:04
Жамин агай айыл чарбасы деп баягы эле көнгөн Союз мезгилиндей эле бакылдайт. Баланча гектар айдалбай калды деп эле кыйкыра бербей ал мезгилди унутунуз. Андан көрө азыркы заманга ылайык түшүмдү көбүрөөк берген буудайдын жана арпанын сортторун чыгарганга аракет кылбайсызбы деги ушул багытта илимий иш жүргүздүңүзбү? Акыркы 20 жылдын ичинде базар экономикасына туруштук бере тургын технологияларды биздин академик агайларыбыз жарата алган жок. Бирок бардыгы мен кыйын деп көкүрөгүн койгулап жүрүшөт.

кимден: Жудогон кыргыз каяктан: базар
02.02.2012 16:55
Академик мырза, элибизди Сиз эле урон, жер семирткич менен камсыздасаныз боло турган, жут деп коркутпай, жазда малчы, дыйкандарга кандай жардам бересиз?

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
02.02.2012 16:10
Эми суук болуп кар коп жаганы жакшы болду.Суу кенен болот. Тоодогу монгу эрип кетти аз калды деп эле ыйлап калчу элек. Кудай ушу жагынан кыргызга жардам берип атканына чон ыраазымын.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине