Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:11

Коопсуздук

Козубаев: Чек арадагы чыйыр жолдордон чыр чыгышы мүмкүн

Кыргызстан менен Өзбекстандын чегиндеги көмүскө жолдордун чоо-жайы тууралуу “Фергана өрөөнүнүн чек арасыз юристтери” коомдук бирикмесинин юристи Алмазбек Козубаев ой бөлүштү.

Кыргыз-өзбек чек арасындагы кыргыз чек арачылары, Баткен облусу.
Текст көлөмү - +
- Өзбекстандын чек ара бекеттери толук ачылбай жаткандыктан, чек арага жакын жашаган кыргыз, өзбек тургундары мыйзамсыз жолдор менен ары-бери каттап жатышыптыр. Эки өлкө арасында мындай чыйыр жолдор көппү?

Алмазбек Козубаев
​​​​- Көмүскө жолдор Кыргызстан менен Өзбекстандын чек ара райондорунда экиден, үчтөн жерлеринде бар. Былтыр Кара-Суу районуна караштуу, Ош шаарына жакын жерде “Достук” бекети ачылып калды. Ага чейин Ош, Жалал-Абад облусунда бекеттер жабык болчу.  Азыр “Достук” бекети ачылса да, чыйыр жолдордон дале өтүп жатышат.

- Бул жагдайды жергиликтүү бийлик билеби? Же эки тарап тең көз жумуп коюп жатабы? 

- Бул жолдорду эки өлкөнүн чек араны көзөмөлдөгөн органдары сөзсүз билишет. Жергиликтүү калк да билет. Эми чек араны мыйзамсыз өткөндөр атайын мамлекетке зыян келтирейин дегендер десек болбойт. Көбүнчө бири-бирине катташып жүргөн туугандар өтүшөт. Экинчиден, биздин Кара-Суу районунда жайгашкан чоң базардан товар алганы келген өзбек жарандары өтөт.

- Бул жагдай кандай кесепеттерге алып келиши ыктымал?

- Терс кесепеттерге апкелиши мүмкүн. Себеби, өзбек тараптан өткөрмө бекеттери бир тараптуу жабылып калган. Эгер бул бекеттер ачылбай тура берсе, жергиликтүү калктын мамлекетке карата ишеними азайышы ыктымал. Чек араны мыйзамсыз кесип өтүүдөн чыр-чактар да чыгышы мүмкүн.

... келишим эки тараптуу жокко чыгарылган эмес. Бирок Өзбекстан тарабынан бул келишим толук кандуу аткарылбай жатат...
- Бул маселелерди иликтеп жүргөн адис катары айтсаңыз, чек ара режимин жөнөкөйлөтүү боюнча иштер болуп жатабы, жылыш барбы же алака-катыш ушинтип эле улана береби?

- 2000-жылы эки мамлекет ортосунда жарандардын жөнөкөйлөтүлгөн тартипте каттоосу жөнүндө макулдашууга кол коюлган. 2006-жылы макулдашууга өзгөртүү киргизилип, жарандардын алтымыш күнгө визасыз эки мамлекетке барып келиши көрсөтүлгөн. Бул келишим эки тараптан жокко чыгарылган эмес, бирок Өзбекстан бул келишимди толук аткарбай жатат.

- Сиздердин уюм мындай абалдан чыгуу боюнча кандай сунуштарды берип жатат?

- Биздин уюм 2004-жылдан бери чек ара маселеси боюнча иштейт, райондук, облустук деңгээлдеги талкууларды өткөрүп, көптөгөн сунуштарды бергенбиз. Маселе, негизинен эки мамлекеттин жетекчилик деңгээлинде чечилиши зарыл.  
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)