Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:18

Ош: ВИЧке кабылган эне-бала кодуланат


Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги. 14-ноябрь, 2011-жыл
Балдары ВИЧке кабылган энелердин митинги. 14-ноябрь, 2011-жыл

Укук коргоочулар ВИЧ-илдеттүү үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү түшүнбөстүктөн улам ажырашып кетерин айтышууда.

Айыккыс дартка кабылган аялдардын билдиришинче, алар биринчи кезекте өз жакындарынан зомбулук көрүшөт. Энелери менен кошо оорукчан балдары да дайыма психологиялык басым астында болот.

ВИЧти алып жүргөн наристени көбүнчө атасы жерип, аялын "тоого алып барып таштап сал же өрттөп жибер, балдар үйүнө тапшыр" деп кулак-мээсин жеп, кысымга аларын адистер айтышууда.

Зина (аты өзгөртүлдү) ВИЧ илдети өзү менен кошо баласына жукканын сегиз жыл мурда билген. Эне-баладан ВИЧ илдети табылган күндөн баштап анын үй-бүлөсүнөн ырк кеткен. Ушунча жыл азап менен күрөшүп келген аял буларды айтты:

- Балам экөөбүздөн ВИЧ табылганын күйөөмдүн кабыл алышы өтө кыйын болду. Муну айтып отурсам, бир китептик сөз. 2006-жылдан баштап ушундай кыйын күндөр башыман өттү. Бир эле мен эмес, мен сыяктуу энелердин баары эле ушундай азапты башынан өткөрөт. Ошого карабай биздин үй-бүлө сакталып калды. Меникиндей кыйын кырдаалга кабылгандардын көбү ажырашып кетти.

Бул аял өзүнө жана баласына СПИД дарты кайдан илешкенин азыркыга чейин билбейт. Бирок эл ойлогондой жаман жолдор аркылуу жугушу мүмкүн эместигин айтууда.

- Мен ала жипти аттаган эмесмин, талаада эле кетмен чаап жүргөн аялмын. Орусияга барбасам, маңзат дегенди билбесем, беш маал намаз окуп жүрсөм кантип, кайдан жуктуруп алмак элем?

Ошто СПИД илдеттүү энелер жана балдар менен иштөөчү "Крик журавли" бейөкмөт уюмунун өкүлдөрү ВИЧке кабылган келиндерди айрыкча кайненелер көп куугунтукка аларын байкашкан. Аталган уюмдун өкүлү Мукадас Хакимова ВИЧтин айынан зомбулукка кабылган аялдар коргоосуз калып жатканын айтты:

- Негизи көп учурда эмгек миграциясында жүрүп келген күйөөлөрдөн келиндерге, андан балдарга жуккан. Көп күйөөлөр баңги. Бирок аны кайненелер түшүнбөй жатат. Сен оорулуусуң деп келиндерди үйдөн айдап чыгат. Ал аялдар ошол дартты анын баласы менен жашап жугузду да.

Балдары ВИЧ илдетине кабылган энелердин айтымында, дары-дармекке кеткен чыгымдар ансыз да араң турган үй-бүлөдө уруштардын курчушуна себеп болот. Учурда Кыргызстандагы ВИЧ илдеттүүлөр атайын программанын негизинде иммунитетти көтөрүүчү акысыз дарыларды такай ичип турушат. Бирок ВИЧке баласы менен бирге кабылган дагы бир атын атагысы келбеген каарман мындай наристелерге ооруканаларда акысыз дарылардын аздыгын, ал аз келгенсип аларга берилген жөлөк пулдун өп-чап экенин айтып кейиди.

- Телевизордон ВИЧ илдеттүү балдар ооруп бейтапканага түшсө, дары-дармектери акысыз деп айта беришет. Чындыгында андай эмес. Дарыгер жазып берсе, айласыздан алып келесиң. Үйдү сатасыңбы, малыңды сатасыңбы эч кимдин иши жок. Ампициллинди берет, шприцти берет акысыз. Калганын бала үчүн өзүбүз сатып алып жатабыз да.

Расмий маалыматтар боюнча Ош облусунда 200дөн ашык бала ВИЧ илдетине кабылган. Оштогу жалпы ВИЧ илдеттүүлөрдүн саны миң адамдан ашат. Ал эми бул сандар өлкө боюнча беш миңди түзөт. Учурда ВИЧ илдеттүү балдарга ай сайын берилүүчү жөлөк пул өлчөмү үч миң сомду түзөт. Бирок бул сумма алар үчүн жетишсиз экенин айткандар өкмөттөн анын өлчөмүн көтөрүүнү талап кылышууда.

Кызы ВИЧке чалдыккан эненин интервьюсу. 22-май, 2015-жыл
"Кызым оорусун билбейт"
please wait

No media source currently available

0:00 0:04:20 0:00

XS
SM
MD
LG