Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:15

Эл үнү / Көкөй кести

Ош: жаш туруп жалгыз бой калган келиндер көбөйдү

Ошто ажырашуулардын 40 пайызын 20 жашка толо элек жаш келиндер түзөөрү аныкталды.

Ажырашуулардын көпчүлүгү ала качып үйлөнүүдөн чыкканы айтылууда.
x
Ажырашуулардын көпчүлүгү ала качып үйлөнүүдөн чыкканы айтылууда.
Текст көлөмү - +
Адистер бул көрүнүштү кыздардын үй-бүлө турмушуна даяр эмес кезинде никеге туруп жатканы менен түшүндүрүүдө. Ажырашуулар айынан аймакта бир жылда миңдей бала атасыз, же энесиз жетим болуп калууда.

Оштогу “Ак жүрөк” кризистик борборуна өткөн бир жыл ичинде үй-бүлөсү бузулуп, психологиялык жардамга муктаж 776 аял кайрылса, алардын 300ү эртелей никеге башын байлаган айымдар болушкан. Бул көрсөткүч бир гана “Ак жүрөк” уюмуна кайрылгандарга таандык. Түштүк жергесинде андай борборлор онго жакын. Уюмдарга кайрылбай, арманын ичине катып жүргөн келиндердин саны мындан кыйла көп.

Араван районунун 18 жаштагы тургуну Матлюбаны 2 жыл мурун мектепти аяктап, жогорку окуу жайга тапшырайын деп жүргөн кезинде ала качып кетишкен. Чоң кишилердин айтканынан чыга албай, отуруп калган Матлюба анда 16 гана жашта эле:

- Мектепти аяктап, окууга тапшырам деп жүргөнүмдө ала качып кетишти. 16 жашта болчумун. Отурбайм десем болбой, кемпирлер босогого жатып алышып, ата-энем да кыз түшкөн жеринде оор дешип таштап кетишкен.

Ошентип жыйырмага толо электе турмушу бузулган Матлюба азыр Орусияга кетүүгө кам уруп жатыптыр. Тагдырыма чоң доо кетти деп азыр оор үшкүрүп турган кези.

Матлюбаныкындай тагдырга кабылган кыз-келиндер “Ак жүрөк” кризистик борборуна көңүл жылытаар жакшы сөз укканы келишет. Борбордун жетекчиси Дарика Асилбекованын айтымында, 17ге толо элегинде күйөөгө башын байлап коюу фактылары Араван, Ноокат, Алай жана Кара-Суу райондорунда арбын кездешет. Мындай тагдырга негизинен колунда жок бүлөдөн чыккан кыздар тушугат:

- Атасыз же энесиз, же болбосо томолой жетим калып, туугандарынын колунда жүргөн кыздар көбүнчө ушундай тагдырга туш келишет. Туугандарынын каалоосу менен жаш кезинде эле турмушка узатылып кетет. Ал жаш да, турмуштун оор кыйыштарын билбей, натыйжада ажырашат.

Ошол эле кезде Дарика айым турмушка жеңил карайт деп кыз-келиндердин өздөрүнө да доомат артууда:

- Көпчүлүк кыз келиндер азыр жеңил турмушту каалап калышкан. Колунда баласы болгонуна карабай, түшкөн жериндеги айрым жетишпеген нерсеге чыдабай кетип калып жатышканын көрүп жатабыз да. Турмуштун караңгы жагы болот, оору болот, ага чыдабай койгон келиндер көбөйдү.

20 жашка жетип-жетпей ажырашкандар эртедир-кечтир экинчи никеге турушат. Эң жаманы – эки ортодо же атасыз, же энесиз жарым-жартылай жетим абалына туш болгон наристелер көбөйгөнү болууда. Андай балдардын саны бир эле жылда Ош облусунун өзүндө эле минге чукулдайт экен...
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Илимпоз
12.02.2012 21:50
Эки аял алууну мыйзамдаштырсак, бул маселе чечилмек. Аялдарды батыш менен орус бузду - бир аял алыш керек деген эч бир динде жок. Бир аял алыш керек деп кыйкыргандардын ойношу бар.

кимден: murzakulova каяктан: Germany
12.02.2012 00:22
Chynyn aitsam maga kempir bolobu abywka bolobu jatyp alaby turup turaby attap kete beret elem eger aga turmuwka chyguunu kaalabasam.Ala kachuu salt deit kaisyl jagy salt uwul dagy salt bolup kaldyby?

кимден: Бактыгул каяктан: Измир
11.02.2012 04:30
Жаш кыздардын мындай окунучтуу окуяларга дуушар болуп жатканына,албетте менин оюумча олкобуздогу абалдын начардыгы. Ата-энелердин, жаштардын сабатсыздыгы тушунукторунун тардыгы жана ошондой эле буга окшогон коп себептер бар. Бирок да эн биринчи себеп олкодогу кедейчилик,жакырчылык деп ойлойм. Албетте,жаш кыздарда да куноо жок эмес, келген жеринде оп дегенде эле баары болуп калса дешет,тилекке каршы бул турмуш оной эмес. Жашоо - бул курош. Бактын учун курошушун керек. Кайсы жол туура болсо,ошол жол менен кетишибиз керек. Адам болуш аста - аста айбан болуш бир паста дейт ко. Урматуу ата-энелер кыздарыбыздын деги эле балдарыбыздын тагдырларына кош конул карабайлыкчы! жаштардын маданиятуу,билимдуу болушуна ата-энелер бир аз да болсо инвестиция кылсаныздар да,оз жемишин берсин.

кимден: элиза каяктан: жалал-Абад
11.02.2012 00:26
Биринчиден ар-бир айым турмуш кураарда ойлонуш керек деп ойлойм. Тан калып жатам ата-энеси кантип кызы менен кенешпей туруп, турмушка узатышат. Мындай маселе Кыргызстандын бардык жеринде кездешет.

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
10.02.2012 14:52
Болбогон нерселер менен ажырашып,Москвага келсе жыргап кетишет. Акыр барып кыргызстандын жаштары ВИЧ менен жабыркабаса болду

кимден: Mira каяктан: seul
10.02.2012 09:31
Chyn ele azyr jashtardyn jenil oiluulugu desek da bolot, kobu ele ajyrashyp alyp Rossiaga ketip, kalsa ele, jashoo keremet bolot deshet, ui buloo baaluuktar taptakyr jogolup baratkandai, Ilgeri ata babalarybyz myndan oor zamandy bashynan kechirgen ubakta dele, ui buloo bekem bolgon, tarbiya berish kerek, ekek balany okuuga, jumushka ui buloonu bakkandga undop, al emi kyz balany, oshol ui buloonun ochogun sakta, eki bash keneship, ish kylgyla, dep,,, baardugu kichineden bashtalat,,

кимден: Кайрат каяктан: Москва
10.02.2012 05:31
Дагы биз кыргыздын кыздарын намысыз талаада журушот деп коебуз, эркектер эсибиз барда оздорубуздун аялдарыбызды кыздарыбызды сыйлап, талаага калтырбасак .Азыр Москвада самаалап жургон кыз-келиндердин кобчулугу ажырашып кеткен, бала-чакасын багайын деген байкуштар...ээх бизде кур намыс...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине