Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:19

Экономика

Ишкердин бир аты тобокел

Бишкек ишкерлер клубу кыргызстандык жаштарды бизнес жасоого чакырууда. Клубдун активисттери өлкөдө ишкер болууну модага айлантып, жаштардын калың катмарына бизнес жасоону үйрөтө баштады.

Текст көлөмү - +
Демилгечилер мындан ары массалык маалымат каражаттары аркылуу Кыргызстандагы ийгиликтүү ишкерлерди жарнамалап, бизнестин сырын элге ачып берүүнү көздөп жатышат. 

Долбоордун уюштуруучусу, жаш ишкер Мирбек Токтогараев Кыргызстанда ишкер болууну популярдуулука айлантууну көздөп жатат. Анын пикиринде жаштарды өкмөттү гана тиктеген түшүнүктөн арылтып, бай жашаш үчүн коркпой бизнести баштоо керек:  

​​- Жаштардан башташ керек. Аларга ишкердүүлүктүн маданиятын, кантип бизнес баштоону үйрөтүш керек. Жаштайынан үйрөнгөнү жакшы. Биз көрүп атабыз, ишкерлерликти колдогон өлкөлөр тездик менен өнүгүп атат. Ошол себептен биз жаштардан баштайын деп чечтик.  
 
Токтогараев Кыргызстандын жаштарына дүйнөгө байлыгы менен атагы чыккан Билл Гейтс, Жорж Сорос сыяктуу миллиардерлерден тарта, кыргызстандык капчыктуулар Аскар Салымбеков, Бабур Төлбаев, Табылды Эгембердиевди да мисал кылышат. Эми алардын кантип байыганы тууралуу телеберүүлөр уюштурулганы турат.
 
- Эң негизги тоскоолдук - психологиялык жактан коркуу. Коркок болсоң таанышың канча көп болсо деле, акчаң көп болсун дейли, бизнести баштай албайт экенсиң. Эгерде сен "ишкер болом, ишкерлик бул философия, ишкер болуп үй-бүлөмдү багам, өлкөгө пайдам тиет" десең коркпошуң керек. Ошондо максатыңа жетесиң. Жаштарга ушунун баарын түшүндүрүп атабыз. 
 
​​Чач тарач, балким чакан дүкөн ачуубу, же Баткенден Бишкекке өрүк ташыш керекпи, балким үйлөнүү тойлордо кызмат көрсөтчү фотостудия ачуу керектир, деги бизнести кандай адамдар жасап, алар кантип ийгиликке жетишет? “Азаттык” бул суроо менен “Шоро” брендин түптөгөн Табылды Эгембердиевге кайрылды:
 
​​- Билим алыш керек. Экинчиден, максат коюш керек. "Максатыма жетем" деп чыйпылыктап жүрүп кыйналганыңдын өзү да кызык болот. Жыргап жашайсың. Айылда да бизнес жасоого көп шарттар бар. Үнөмдүү болуш керек. Аш-той деп жүрүп эле карыз болуп атабыз. Аракты аз ичиш керек. Акчаны эсептегиле. Мен деле айылда өскөм, орусчаны отузга чыгып үйрөндүм. Сүзгүлөй эле берсең бир жерден тешип чыгасың. Ар бир адамдын тагдыры өзүнүн эле колунда. 
 
Бишкек ишкерлер клубу ишкер болууну жарнамалаган менен, Кыргызстанда ишкерчиликке тоскоолдук көп деген нааразычылык да күч. Жаңы жыл алдында ондогон ишкерлер парламентке кайрылып, бизнес жүргүзүүгө ылайыктуу мыйзамдарды тезинен карап берүү талабын коюшкан.

Чакан бизнес ачууда, салык төлөөдө, ишкананын атагы чыга баштаганда кылмыш дүйнөсү да өз тиешесин сурай баштаганын даттанган ишкерлер көп.

Ишкерликти колдоо боюнча эксперттер Кыргызстанды Грузиянын багытын тандоого чакырышат. Грузияда жоопкерчилиги чектелген коом ачуу иши он беш мүнөттө бүтөт. Салык төлөө электрондук жол менен ишке ашат, тынымсыз текшерүүлөргө тыюу салынган. Эми кыргыз өкмөтү да ишкерлерге дал ошондой шарт түзүүнү убада кылып жатат. Ал ишке ашабы, же бизнесмендер үчүн катардагы убада бойдон калабы - бул азырынча белгисиз.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: tumar
20.01.2012 23:02
eng jakshy koldoo bolso ele jol korsotup koiso ele men ishenem Kyrgyz Jigit kyzdary talantuu eptep ketebizgo anan janagy baarynan janagy kriminaldar lol tosot ekenda menin bir taanysh agam Rosiadan bir jangy markadagy mashina alyp kelgen bolchu ?markasyn esten chygarypmyn/ andai mashinalar bizde az eken anan oshtuk ele atagy chykkan mushker kriminal ech kabatyrlanbay ele tartyp alyp koiom degen anan al tanyshgymdyn dosu al kriminaldyn kolunda mashygt eken oshol ortogo tushup aman kaldy ushundai bolso kantip anan bashtaisyng? Meili anysy meilichi birok jol korsotup koigula eng jakshy ish bolot jana maga okshogon chet jerde jumush kylyp maksat kylgandarga da ech bolboso ushul jege TEL. NOMERIN tashtasa bolmok biz ozubuz ele bailanyshmakpyz.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине