Алдыдагы берүү



Акча алмашуу

KGS / 
RUB
1,5485
KGS / 
EUR
61,049
KGS / 
USD
46,717

VIP маек

Сөз таануу

Кыргызстан

Президенттин төрт жылы

05.08.2009
Илим Жанузаков

Кыргызстанда бир тарап К. Бакиев бийликтеги төрт жылда акылмандыгын көргөздү деп мактаса, каршы тарап үй-бүлөлүк башкарууну күчөттү деп сындайт.

2005-жылы элдик толкундоолордун негизинде бийлик алмашып, Орусияга кире качкан Аскар Акаевдин ордуна андагы оппозиция Курманбек Бакиевдин талапкерлигин сүрөп чыккан.

Унутта калган убадалар

Президенттикке аттанаар алдында Курманбек Бакиев эл алдында көптөгөн убадаларды берген. Алардын эң негизгиси - конституциялык реформа жүргүзүү, ал аркылуу мындан ары бийликтин бир колго топтолушун болтурбоо болчу.

Бирок К. Бакиев президенттик кызматына киришкенден аз өтпөй эле анын жан-жөкөрлөрү арасынан А. Акаевдин тушундагы эле баш мыйзам дурус экен деген сыяктуу сөздөр чыга баштады. Оппозиция, жарандык коом реформаларды талап кылып, он миңдеген адам катышкан митинг-пикеттердин кысымы алдында баш мыйзамга өзгөртүү киргизилген учурлар болду.

Баш мыйзам айланасында талаш-тартыш тынчыбай, 2007-жылы кеч күздө президент жалпы элдик референдум аркылуу баш мыйзамдын өздүк редакциясын өткөрүп, парламентке өзү түзгөн “Ак жол” аттуу партияны алып келгенге жетишти.

Андан тышкары мамлекеттик маалымат каражаттарын коомдук кылуу, мурдагы президенттин өздүгүнө айланып кеткен деген мал-мүлктү мамлекетке кайтаруу деген сыяктуу бир катар убадалар да күчүн жоготту.

Президент болгонго чейин К. Бакиев “үй-бүлөмдү саясатка аралаштырбайм, аларга кызмат бербейм” деген сыяктуу убадаларды берип келген болсо, президент болгондон кийин анын айрым бир туугандары чоң кызматтарга отурушту. Аны президент өзү “Алардын бала-чакасын мен бакмак белем...” деген сыяктуу сөздөр менен түшүндүргөн болду.

Белгилүү саясат талдоочу Токтогул Какчекеевдин пикиринде, 2005-жылы К. Бакиев жогорудагыдай убадаларды революциялык эйфорияга алдырып, эргип кетип айтып алган. “Ошол себептүү сөз менен иштин ортосунда айырма чоң” дейт талдоочу: 

2005-жылдын 25-марты. Бишкек. Борбордук аянт.


- Бул убадалардын бардыгы тең 24-мартта, революциялык кызуу кандуу сезимдерден, жүрөктүн эл үчүн деп дүкүлдөп согуп турган убагында чыккан. Сөз менен иштин ортосунда чоң айырма бар. Анткени сөз оңой айтылат, ал эми иш оор жасалат.

Ошондой эле Т. Какчекеевдин пикиринде, Бакиевдин төрт жылдык башкаруусу маалында олутту жылыштар да болду. Маселен, бюджет бул арада 3-4 эсеге чейин өсүп, Кыргызстандын келечеги боло турган ГЭСтерди куруу башталды.


Буюртма өлтүрүүлөр өскөн маал


К. Бакиевдин төрт жылдык башкаруусу убагында өлкө аймагында митинг-пикеттер, каршылык акциялары көп болду. Маал-маалы менен чоң кызматтарда отурган таанымал адамдарды, таасирлүү фигураларды өлтүрүп кетишкендиктери айтылып, күбүр-шыбырлар күчөдү.

Жогорку Кеңештин депутаттары Жыргалбек Сурабалдиев, Баяман Эркинбаев, Тынчтыкбек Акматбаев, Санжар Кадыралиев түрдүүчө шарттарда киши колдуу болушту. Бул арада бийлик менен криминал коюн-колтук алышып кеткени көп айтылды. Бир курдай киши колдуу болгон депутат Тынчтыкбек Акматбаевдин бир тууган агасы Рысбек Акматбаев каршылык акциясын өткөрүп, жүздөгөн кишилери менен “ак үй” менен “көк үйдүн” алдына боз үй тигип отуруп алды. Айрым маалымат каражаттары Рысбек Акматбаевди бийликтегилер таарынтып коюшканын жазып чыгышты. Кийинчерээк ал да киши колдуу болду.

Эң эле соңку табышмактуу өлүм – мурда президенттин администрациясын башкарып турган белгилүү саясатчы Медет Садыркуловдун өлүмү болду.
 

Медет Садыркулов табышмактуу жагдайда каза болгон унаанын калдыгы.

Оппозициядагы саясатчылар жогорудагы буюртма өлтүрүүлөргө бийликтин тиешеси барлыгын айтып келишет. Социал-демократтар фракциясынын төрагасы Бакыт Бешимов президенттик шайлоо алдында, оппозициядагы бир катар лидерлердин көзүн тазалоо планы да иштелип чыкканын айткан.

Белгилүү саясат талдоочу Орозбек Молдалиевдин айтымында, К.Бакиевдин алгачкы төрт жылында өлкөдө авторитардык бийлик бекемделди. Бирок бийликти бекемдөө жолунда көптөгөн курмандыктар болду:

- Ушул төрт жылдын ичинде Орусия менен Казакстандыкына окшогон саясий башкаруу модели түзүлдү. Оппозициялык маанайдагы бир топ саясатчылар камакка алынды. Сөз эркиндиги жаатында айта турган болсок, эркин гезиттер куугунтукка алынып, жабылып, журналисттердин бир тобу мамлекеттен чыгып кетүүгө аргасыз болушту. “Азыр кылмыш чөйрөсү менен бийлик бири-бири менен айкалышып иштеп калды” деп адистер айтып жүрүшөт. Ошентип айтканга негиз бар деп ойлойм. Себеби, канчалаган буюртма өлтүрүүлөр болуп атат, бирок алардын көбү ачылбаган бойдон калып атат.

Акаевдики деген байлык-мүлк азыр кимдики?

2005-жылы жазында оппозициялык маанайдагы гезиттер ошондогу президент Аскар Акаевге тиешелүү делген байлыктарды байма-бай жазып, жалпы кырктан ашуун өлкөдөгү кирешелүү ири ишканалар үй-бүлөгө таандык экенин жар салышкан.

А.Акаев өлкөдөн качып кетүүгө аргасыз болгон соң анын байлыктарын текшерүү үчүн атайын комиссия түзүлүп, жалпы 42 объект тизмеге түшкөн. Алардын арасында “Бител”, “Фонекс” уюлдук компаниялары, “Народный” дүкөндөрү, өлкөдөгү ири май куюучу тармактар, ири маалымат каражаттары, заводдор, банктар, ресторандар сыяктуу көптөгөн объекттер бар эле.

Кийин бул байлыктар К.Бакиевдин үй-бүлөсүнүн карамагына өткөнү айтылып, мурдагы башкы прокурор Азимбек Бекназаров аларды билерин айтканы менен конкреттүү далилдерди ортого коё албады. Талдоочулардын пикиринде, кандай болгон күндө да мындай ири суммадагы байлыктар турган иштердин түбүнө жетүү мүмкүн эмес. Андыктан убагында аңыз болуп айтылган А.Акаевдин жомоктогудай байлыгын издөөдөн майнап чыкпайт дешет.

Бул шерине жабылды
Электөө
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
кимден: Aselya
20.08.2009 23:28
Kyrgyzdar kachan birikmeinche,olko dagy ozgorylboit.Ushul jerde dagy kyrgyzdar ekige bolunup jatyshat.Eger bakiev Chuidon je Naryndan bolgondo,echkimge jamangorulboit bolchu.Ushintip otursak kayaktan ongolobuz?? Bir adam kantip 5millionduk mamleketti bashkara alat?El da aga jaradam berebese,kanchalyk jakshy adam gelse dagy, echnerse ozgorulboit.Kyrgyzdar negizi, jaman ele kalk.Ushintip bolunup jurup bir gunu arjaka ketip,kytailar,ozbeketer,tajikter ge jerleribizdi aldyryp, jok bolobuz.

кимден: Aziz каяктан: Ohs
17.08.2009 22:01
Эми уят кылбай иштеп бериңиз өнүктүрүп койуңузчу Кыргызстанды качанга чейин оңолот деп жүрө беребиз

кимден: ars каяктан: france
16.08.2009 20:13
ailanain kybanych arator okchoisun
pardon faktysy jok sozdor bary
menin oium
akaevtin maaiynda jumchak chalaky saiasat
bolgon
karupsia sistemalachup ochog alyp kalbadyby
baryn ordu orduna koiuch azyryncha kyiyngo
bary bir kyndo bolo kalbait go
jakchy ele saiasat jurguzyp jatat
barynan da maga jakany
tychtyko orustardyn baza achkany
mamleketik turuktuu kopsuuzdyk
karimov tyra baamdagan
bir kyn bolboso bir kyn chatak chygyp
ketichi mymkyn ozbek kochynalar menen

кимден: Гул каяктан: Жалал-Абад
16.08.2009 10:04
Адамды башкаруу ал, ар бир адамдын өзүнөн. Акылың болсо 10 адам эмес, миңдеген адамдарды башкарса болот. Колуна бардыгы тийгенден кийин БАК акабыз бардыгын унутуп, өзүнүн гана кара курсагына, уруп "Көнгөн адат калабы, уйга жүгөн салабы" дегендей болуп жатпайбы?

кимден: Спикер-р. каяктан: Бийлик
15.08.2009 08:21
Коррупционерлер күйдүрүп бүттү! Эл билет бекен!

кимден: Бактияр каяктан: Moskow
14.08.2009 18:08
Эми Кыргыздар "Кетсин" "Келсин" деп да бүттү. Андан көрө "Жесин" бирок "Иштесин" Кыргызга. Бакиев азыр презденттик такта отурганы деле дурус эле көрүнөт. Негизинен Кыргыздарда Кыргыз келечегин ойлоп күрөшкө даяр өтө курч саясий оппонент көрүнө элек. Баардыгы эле баягы. Жаманбы жакшыбы Кыргыз тарыхына жазылып Кыргызга ак кызмат кылуусун бир Кудайдан тилеймин. Кыргыз дагы тарыхы бар, уюткулуу күчтүү калктардын бири. Ошону башкарып жаткан адамдагы ошого таттыйт деген ойдомун.

кимден: Ruslan каяктан: KG
11.08.2009 23:11
ушул сүйлөгөндөр өзүңөр жок дегенде 10 адамды башкарып алгыла, кийин көрөсүңөр мамалекетти башкаруу канчалык кыйын экенин

кимден: Спикер каяктан: Борбор
08.08.2009 22:30
Бакиев ака! Эми коррупционер министрлерди камашыңыз керек!Элде тизмеси бар!

кимден: sher каяктан: BISHKEK
08.08.2009 21:14
Бир гана Бакиев эмес, кеп башка жакта болсо кекрек. Азырынча биз эч нерсе кыла албайбыз,анткени Бакиевтен башка татыктуу лидер өзүн көргөзө элек деп ойлоймун .Биз ишеенчек элбиз ошондоуктан, азыр бул темены унутуп күтө туруш керек..

кимден: Нурбек каяктан: Ош
07.08.2009 19:42
Кетсинге кошулам Кетсин!
    Кийинки 
Жалпы 3 беттин -бетиндеги пикир
Текст көлөмү - +

Көңүл чордонунда

VIP маек

Тасма

“Манастын” жаңы китептери толукталып чыкты Видео тасма

Мамлекеттик Тарых музейинде “Манастын” манасчылар Сагынбай Орозбаков, Саякбай Каралаевдер айткан варианттарынын толук басылмаларынын жана Уркаш Мамбеталиевдин айтуусундагы “Семетейдин” бет ачарлары өттү. MiT

Интернеттик тейлөөбүздүн түрлөрү

ПодкастRSS усулуМобил (уюкфон)