Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:58

Кумсаларга таандык деген сайттын чыры


Жакында сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоо максатындагы bakiruulu.com деп аталган жаңы сайт ачылганы маалым болгон.
Жакында сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоо максатындагы bakiruulu.com деп аталган жаңы сайт ачылганы маалым болгон.

Жогорку Кеңештин депутаты Турсунбай Бакир уулу сексуалдык азчылыктар тууралуу маалымат таратууну максат кылган жаңы интернет сайттын түзүүчүлөрүн сотко бергени жатат.

Жакында сексуалдык азчылыктардын укуктарын коргоо максатындагы bakiruulu.com деп аталган жаңы сайт ачылганы маалым болгон. Кыргызстандагы ЛГБТ уюмунун өкүлдөрү аталган сайтка тиешеси жок экенин билдиришти.

Кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзамдарды колдоп келген эл өкүлүнүн ысымынан ачылган сайт коомчулукта кызуу талкууга жем таштады. bakiruulu.com сайты whois.net сервисинде ушул жылдын 23-октябрында Турсунбай Бакир уулу деген ысым менен катталган экен. Бирок бул сайттын чыныгы ээси ким экени азырынча белгисиз. Ал интернет даректе ЛГБТнын эн белгиси жана орус тилинде мындай жазуу турат: “Бул сайт Кыргыз Республикасындагы ЛГБТ өкүлдөрүнө карата айрым адамдардын жек көрүүсүн, каршылыгын токтотууга коомчулуктун көңүлүн буруу үчүн ачылган”.

Депутат Турсунбай Бакир уулу бул сайтты түзүүчү деп, Кыргызстандагы ЛГБТнын укугун коргогон «Лабрис» уюмун айыптап жатат:

- Ким болсо да ЛГБТлар ачкан. Азыр «Лабрис» уюму мойнуна албай жатат. Бирок, менимче, ошолор эле ачкан. Анткени ошолор дүйнөдөгү ЛГБТларды кошуп, социалдык тармактан таратып жатышат.

Эл өкүлү сайттын ээсин таап, жоопкерчиликке тартуу арызы менен сотко кайрылганы турат:

- Мага америкалык инилерим домен берди, ошол жакта катталыптыр. Азыр мен Ошто жүрөм, Бишкекке баргандан кийин сотко берем. Жактоочум экөөбүз сүйлөштүк. Мыйзамда атайын берене бар: эгерде бирөөнүн атын, сүрөтүн уруксаты жок пайдалансаң жоопкерчиликке тартыласың.

Депутат Турсунбай Бакир уулу күнөөлөп жаткан «Лабрис» уюму сайтка тиешеси жоктугун билдиришүүдө. Алар бул сайттын ачылышын чагымчылдык деп баалады. Уюмдун атын атагысы келбеген өкүлү сайттын ээси ким экенин териштирүү үчүн тартип коргоо органдарына кайрылышарын айтты:

- Ооба, ал доменде биздин уюмдун социалдык тармактагы шилтемеси бар экен. Бирок биз расмий түрдө билдиребиз: бул сайттын бизге эч кандай тиешеси жок жана биз ачкан эмеспиз. Бул сайтты ачкандардын артында чагымчыл күчтөр бар. Алар бизге карата коомчулуктун кыжырдануусун күчөтүүгө аракет жасоодо. Биз да бул маселе боюнча тийиштүү органдарга арыз берип жатабыз.

"Ээсин табуу оңой эмес"

Интернет боюнча адистердин айтымында, аталган сайттын чыныгы ээсин табуу кыйын. Каалаган адам, каалаган жерде ар кандай аталыш менен сайт ача алат. Укук коргоочу, юрист Нурбек Токтакунов депутат сотко арызданганы менен майнап чыкпайт деп эсептейт:

- Мындай иштер боюнча тартип коргоо органдарында, соттордо да эч кандай тажрыйба жок. Арыз жазган менен баары бир эч нерсе чыкпайт. Адегенде Турсунбай Бакир уулу деген депутаттын атын пайдаланып, сайт ачылды дегенди далилдөө керек. Бизде аны далилдей албайт.

Бакир уулу сексуалдык азчылыктарга, бейөкмөт уюмдарга каршы пикирин байма-бай билдирип келет. Ал парламентте бейөкмөт уюмдарды чет өлкөлүк тыңчы катары таануу боюнча мыйзам долбоорду демилгелеген. Депутат социалдык тармактарда ЛГБТ өкүлдөрү менен кайым айтышкан учурлары кыйла көп. Анын каршылаштары саясатчынын мындай мамилесин упай топтоо аракети катары баалап жүрүшөт.

ЛГБТнын Санкт-Петербургдагы акциясынан бир көрүнүш
ЛГБТнын Санкт-Петербургдагы акциясынан бир көрүнүш

Жогорку Кеңеште кумсаларды пропагандалоого каршы мыйзам долбоору биринчи окууда кабыл алынган. Мыйзам долбоордо гей-клубдарды ачуу, гей-жүрүштөрдү уюштуруу жана бир жыныстагы адамдардын сексуалдык мамилесин пропагандалоо кылмыш деп эсептелип, жазалар чектелген.

Жакында социалдык тармактарда бул мыйзамга каршы флеш-моб өттү. Анда жыйырмадан ашык өлкөдөн ЛГБТнын колдоочулары “Кыргызстан Орусияны туураган мыйзамды кабыл алба”, “ЛГБТнын укугу жок өлкөдө туризмге жол жок, эч ким саякаттап барбайт” деген сыяктуу жазууларды кармап түшкөн сүрөттөрүн жүктөшкөн.

  • 16x9 Image

    Токтосун Шамбетов

    "Азаттык" радиосунун журналисти. 2014-2016-жылдары "Азаттык+" телепрограммасынын алып баруучусу. 2012-2014-жылдары "Азаттыктын» Нарын облусундагы кабарчысы болуп иштеген. Нарын мамлекеттик университетинин техникалык факультетин аяктаган. "Мыкты жаш журналист 2013" наамынын ээси. Твиттерде: @Tokojan  

XS
SM
MD
LG