Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 15:01

Өзбек мигранттарын ойлонткон чечим


Түштүк Кореядагы өзбек мигранттары, 22.08.2011.
Түштүк Кореядагы өзбек мигранттары, 22.08.2011.

Түштүк Корея өкмөтү өлкөгө тыштан иштегени келген мигранттар 13-айлыгын өз мекенинен алуу тууралуу чечим чыгарды.

Түштүк Кореядагы мыйзамсыз эмгек мигранттарынын санын кыскартуу максатында 29-июндан тарта алардын 13-айлык маянасы мекенине которула турган болгонун Сеулдагы Эмгек министрлигинен "Азаттыктын" өзбек кызматына кабарлашты.

Эмгек министрлигинин Чет элдик жумушчулар боюнча бөлүмүнүн өкүлү Пак Чоң Кил бул маселе январь айында корей өкмөтүндө талкууланганын билдирди. Жаңы өзгөртүүлөргө ылайык, чет элдик эмгек мигранттар 13-айлыгын алуу үчүн мекенине кайтуусу зарыл. Көптөгөн чет элдик жумушчулар иш келишими бүткөндөн кийин Кореяда мыйзамсыз калышы күч алган. Мындан улам корей өкмөтү ушундай кадамга барды:

- Беш жыл иштеп мигранттар көзгө көрүнөрлүк акча жыйнашат. Иш келишими бүткөндөн кийин ал чоң каражатты алуу чет элдик жумушчуларды мекенине кайтууга мажбурлайт, – деди Пак.

"Твежиктим" деген ат менен белгилүү 13-айлыкты мигранттын мекенинде төлөө өзбек жумушчуларынын арасында кабатырлануу жаратты. Биринчиси - бул акчаны Өзбекстандын банктарынан алуу маселеси. Мигранттар өзбек банктары ар кандай себептер менен алар бешене тери менен тапкан акчасын бербөөнүн амалдарын табат деп чочулайт. Акча Өзбекстанга келгенден кийин анын изи толугу менен жоголуп кетиши мүмкүн. Мигранттардын тынчсыздануусу негиздүү.

Өзбекстандын жана Түштүк Кореянын Эмгек министрликтеринин келишимдерине ылайык, өзбекстандык жумушчу маянасынын 20 пайызын мекенинде алат деп белгиленген. Келишимдин бул беренесинен улам, көптөгөн өзбек мигранттары тапкан ондогон миллион доллар акча ээлерине тийбей калган. Ал каражат Өзбекстанга которулгандан кийин кайда кайым болгону дале табышмак.

Кореяда үч жыл иштеген бир өзбек мигрант 13-айлыкты мекенинде алуу чечимине нааразылыгын билдирди:

Биз бул жакка Өзбекстандагы абалыбызды оңдоп, бутубузга туралы деп келгенбиз. Эми 13-эмгек акыны Өзбекстанда алуу чоң көйгөй болот. Себеби тиешелүү мекемелердеги адамдардын жоопкерсиздик деңгээли менен жакшы таанышпыз. Алар бизди эки жакка жүгүртөт. Чуркагандан кийин да ал акча колубузга тийер-тийбеси белгисиз. Коррупция маселеси да бар. Биз Кореяга кайра барып, акчабызды бербей жатат деп арызданбайбыз да.

Экинчи олуттуу маселе, 13-маянаны Өзбекстанда доллар менен алуу мүмкүн эмес. Өлкөдө расмий акча алмаштыруу курсу менен бейрасмий курстун айырмасы 1000 сум. Демек, беш жыл иштеп тапкан 10–13 миң доллардын төрт миңи акча алмашканда эле жоголот. Орточо "твежиктим" төрт миң доллардай. Аны Өзбекстанда алганда эки миң долларга чейин акча курсунун шайкешсиздигинен эле жок болот.

Корей расмий бийликтери бул жагдай менен жакшы тааныш. Бирок эрежелер атайын келишим түзүлгөн 15 өлкөдөн келген эмгек мигранттарынын баарына бирдей экенин Эмгек министрлигинин өкүлү Пак Чоң Кил билдирди. Ал мигранттар мекенине кайтаарда иштеген жеринен 13-айлык акыны төлөө милдеттемесин алууну сунуштады.

Түштүк Кореяда кыргызстандык эмгек мигранттары да бир топ. Бирок 13-айлыкка байланышкан чечимди алар кандай кабылдап жатышканы азырынча белгисиз.
  • 16x9 Image

    Бакыт Азимканов

    Лондондо жашаган эркин журналист жана блоггер. Кыргыз маданиятын дүйнөгө таанытуу  боюнча долбоорлордун автору.

XS
SM
MD
LG