Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:24

Дүйнө

Пакистандык “Дали”

Пакистанда исламчыл экстремисттер узундан-узун келген мурутун күчкө салып эле кырдыртып салгандан эки жыл өткөндөн кийин, жергиликтүү бизнесмен кайра эле баягысындай мойлоочон бинаа болду. Шариатты өз билгендей талдаган экстремисттерге баш ийбеген бул "сыланкороздун көктүгү" эмнени билдирет?

Амир Мухаммад Африди
Текст көлөмү - +
Келишкен мурутун майлап, кайра мурдагы 30 сантиметр келбетине жеткирген Амир Мухаммад Афридини айрымдар атактуу видео-оюндагы “Супер Марио” же сюрреалисттик сүрөтчүнү эстегендей “Дали” деп коюшат.

Жаагынан өйдө көтөрүлө тээ башына чейин мойлоо өстүргөн Африди 1960-жылдардагы пакистандык белгилүү саясатчынын стилинен таасирленгенин айтат.

Хайбер регионундагы бул ишкер жашаган Бара деген шаарчада исламчыл экстремисттик топ анын мурутун “шариатка жатпайт” деп тапкан. 2008-жылы саратандын табы жүлүн куйкалап турган күндөрдүн биринде өздөрүн “Лашкар-э-Исламдын” мүчөлөрү деген кишилер Афридини үйүнөн уурдап кетишет да, анын 30 сантиметрлүү мурутун кырып салышат.

40 жаштагы Африди ал күндү “эч эстен кеткис кайгылуу күн” деп атады.

"Көктүк"

"Бул окуя бүтүн Хайбер регионун ызалантканы эсимде. Мага канчалаган адамдар чалды. Көпчүлүгү буга аябай капа болуп, мага көңүл айтып жатышты, - дейт ал. - Мен да аябай капа болгом. Анткени өмүрүмдө эч кимге жамандыгым жок адам элем. Мурутум эч кимге зыяны жок, мени өзгөчөлөнтүп турган гана стилим болчу. Менин уруумда баары мойлоомо суктанып, сыймыктанышчу. Анткени Пакистан боюнча эч кимде андай кызыктуу мурут болгон эмес".

Бизнесмен үчүн ушул кайгылуу күндөн кийин ал коңшулаш Пешаварга көчүп кеткен. Кайрадан эле өзүнүн керек-жаракка байланышкан ишин ачып, ар кимге көрүнө бербей, тынч жашап калгандай сезилди.

Мурдагы мурутун кайра өзүндөй калыбына келтирип өстүргөндөн кийин, эми өзүнүн "сахнага" чыга турган учуру келди деп чечти окшойт.

Бирок мурдагы стили ал үчүн кичи мекенинен кечүүгө турганын кайгыруу менен эстейт.

"Ал окуядан кийин мен өзүмдү такыр жоготуп койбой, кайрадан мойлоомду өстүрө баштадым. Бул мен үчүн оңой чечим болбоду. Анткени мурутту кайра өстүрсөм, ошол эле өзүм жакшы көргөн шаарда жашай алмак эмесмин. Бирок өзүмдүн стилимден да баш кече албай койдум. Азыр эми ушунун айынан өз шаарыма кайта албайм", - дейт ишкер.

Афридинин мурут өстүрүүгө кызыгуусу өз учурундагы белгилүү саясатчы Малик Амир Мухаммад Ханды сыналгыдан көргөндө башталган экен.

Кийинчерээк өзүнүн мойлоо аймакта ушунчалык белгилүү болуп кеткендиктен, аны жакшылап майлап-тарап, көркүнө чыгарып туруш үчүн өзүнүн жергиликтүү администрациясынан айына 60 доллардан да алып турганын айтышат. Баса, Африди да өзүнүн уруусундагы лидер болгон.

Исламдын катаал түшүндүрмөсү

Бирок мунун баары - жергиликтүү экстремисттер аталган аймакта исламдын өздөрү билген жана каалаган эрежелерин таңуулай баштаганга чейинки окуялар, албетте.

Пакистандын Хайбер регионунда бир топ сунни мусулмандардын экстремисттик топтору согуша баштаган 2004-жылдан берки зордук-зобунда жүздөгөн адам көз жумду.

Мына ошол согушчан исламчыл топтордун эң эле таасирдүүсү катары белгилүү “Лашкар-э-Ислам” Бара шаарчасындагы элдин турмуш-тиричилигин көзөмөлгө алып турганына да бир топ жыл болуп калды.

Алар аймактагы бүтүн элди шариаттын өздөрү түшүнгөн гана жолунда жашашын каалашат. Ошондуктан канчалаган адамды катуу жазалаганы же жамы журт алдында шерменде кыла мазакташканы белгилүү.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Аты-жөнү жазылбаган
28.12.2011 05:33
Сыланкороз го, майлап-сүттөп тараса.

кимден: Кылымбек каяктан: Кытай
22.12.2011 20:41
Укмуштуунун тоосу жорго дечу беле?
Пикирге жооп

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
22.12.2011 22:22
Jook kalymbai!"Akylsyz oiuna kelgendi kylat"!

кимден: Орунбек каяктан: Москва
22.12.2011 04:00
Экстримисттик топ шариатты ойлоп таппай эле, Пайгамбарыбыздын хадистерине таянып, Исламдын улуу аалымдары мурутту остуруу Ислам шариатында макуру(адалда, арамда эмес) деп табышкан. Бирок зордоп кырып салышканына караганда, экстримисттик эмес эле мусулмандар жасашкан. Анткени пайгамбарыбыз оз хадисинде: кимде ким кайсыл бир мусулмандын туура эмес иш жасап жатканын корсо, аны колу менен токтотсун, кучу жетпесе соз жузундо оозеки айтып койсун, эгер тилде да айта албаса журоктон жаман корсун. Бирок журоктон эле жаман коруу силердин ыйманынардын эн томондугу' деп айткан. Бирок таарынбаныз Торокул, сиз эми шариатты да экстримисттердин законуна айланта баштапсыз. Сизге суроо: сиз мусулмансызбы?

кимден: kg каяктан: KG
21.12.2011 13:40
Исламда экстремизм жок... Ислам жок жерде экстремизм болушу мүмкүн. Жөн эле тынчтыктын, сүйүүнүн динине экстремизмди жабыштырбасаңар, өзүңөрдүн диниңерди унуттуңарбеле,,,,

кимден: Make каяктан: Praga
21.12.2011 03:33
Shumdugun kuuur dese......
ukmush ko murutu

кимден: Abdulaziz
21.12.2011 02:47
Myna kaira ele baiagy Torokul dagy jagymsyz bir makalany torodu!Degenim otkonku "Medresedegi tazok "degen makalasy koptogon synga kabylgan ele.Kaira anysy sabak bolboi Islami ekstirmis dep musulmandardyn ukugun dagy tebelep jatat!Men ekstrimis da terroris da emesmin birok chynygy islamdy korgozmolorun suiloimun!Isalm dininde muruttu osturup, chakaldy kyryp evreilerge okshobos uchun Muhammad(aga Allahtyn salamu bolsun)bizge nassat aityp ketken."Murutunardy kyskartyp sakalynardy koigula" dep.Sakal koiuu bul erkek adamga gana buirulgan.Eger aialdarga sakal chyksa any kyryp tazalogoo shariyat okumdoru uruksat beret.Demek sakal koiuu bul erkektin aialdan airmalap turuuchu sunnot amaly bolup eseptelinet!Oshol sebebten bizdin ata-babalarybyz da sakal koiup erekeke okshop,surduu bolup kelishkeni jalpyga maalym .Mislaga alsan Taktogul,Togolok Moldo, Moldo Kylych bashka -bashka tolgon bashchylarybyz.Jada kalsa otkondo Manas atanyn elesin chagyldyrgan surotto da al sakalduu eles berilgen!Bul en tuura!Sakaldy kyryp aialdardai boluunu kechee sovet okmotu kelgenden bashtap bizge jat korungon nerse salt bolgonsup kaldy!Birok sakal koiot dese ele kindigine chein salbandaty emes jarashyktuu bir tutam kylyp koiuu sunnot amaldarynan eseptelinet!Al emi surottogu kishinin murutu bul shaitandyn bir elesi desen da tuura bolgudai ,sebebi adamdarga jat korungon obu jok kylyk!Birok ar-bir adamdy erki bar ,dinde majburloo jok!(Aldagy Chapaevdin murutun uurdap baryp kyryp salgandar tuura emes ish kylyshkan,osholordun tuura emes amalynyn aiynan but Islamga soz tiyip jatat)Arabtardyn bir uluu jazuuchusu Jaahiz "Buhalaa"(Ach-kozdor) degen kitebinde myndai degen eken:"KIm kaalsa eshegine seidanadan jem bersin"dep!Aitaiyn degenim ar bir adamdyn erki ozundo, kaalasa oz bilgenin kylyp "Maimyl" bolsun, kaalasa Allah jana Muhammad korgozgon tuura joldu tandap "Adam" bolsun!Azattyktan suranyp ketem menin pikirimdi jaryialap koiunuzdar!

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)