Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 02:48

НАТО чыгыш чек арасына кошумча аскер жиберет


НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен
НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен

НАТО Украинадагы кризиске жооп иретинде чыгыш чек араларын бекемдейт. Бирок кошумча аскерлердин саны жана операциянын башка деталдары жөнүндө айтылган жок.

НАТОнун баш катчысы Андерс Фог Расмуссен билдиргенине караганда, альянс келээрки күндөрү аба, деңиз жана кургактагы күчтөрүн даярдыкка келтирилет.

- Биз бүгүн коллективдүү коргонуу чараларын күчтөндүрүү жана өнөктөштөр менен тилектештикти көргөзүү үчүн атайын аракеттер тууралуу сүйлөштүк. Учактардын, кемелердин саны көбөйтүлөт, кургактагы аскерлер даярдыкка келтирилет.

Кошумча аскерлердин саны жана операциянын чоо-жайы жөнүндө айтылган жок. Баш катчы Балтика деңизинин аймагындагы аба рейддери көбөйөөрүн, ал жакка жана Жер ортолук деңизинин чыгышына жана керек болсо башка жерлерге да кошумча кемелер тартылаарын гана тактады.

Бирок Кара деңиз аймагы жөнүндө сөз болгон жок.

НАТОго кирген Болгария, Румыния жана Түркия Орусия менен Кара деңизде чектешет. Москва мартта аннексиялап алган Крым жарым аралында болсо Орусиянын аскердик базасы орун алган.

Үстүбүздөгү аптада АКШ Кара деңиздеги нейтралдуу сууларда сүзүп бараткан кемесинин жанынан бир нече жолу орусиялык согуштук учактар өткөнүн билдирген.

Бир нече күн мурун болсо Польша менен Балтика боюнадагы 3 өлкөгө аба патрулдарын күчтөндүрүү үчүн АКШнын учактары жайгаштырылган.

Шаршемби күнкү пресс-конференцияда Расмуссен НАТОнун жаңы операциясы коргонууну гана көздөөрүн белгиледи:

- Биздин чечимдерибиз коргонуу жана кырдаалды жөнгөрүү максатында кабыл алынды жана алар блоктун эл аралык коомчулук алдында алган милдеттенмелерине толугу менен дал келет. Альянс өз өнөктөштөрүн коргойт жана коопсуздугуна коркунуч жаралганда коргонот. Биз бул принципке катуу ишенебиз.

Ал ошондой эле альянс Украинадагы кризисти тынчтык жолу менен жөнгө салууга артыкчылык берээрин айтып, 17-апрелге белгиленген Женева сүйлөшүүлөрү чыңалууну басаңдата алат деген үмүтүн ортого салды.
Төрт тараптуу жолугушууга Орусия, Украина, АКШ жана Евробиримдиктин өкүлдөрү катышмакчы.

Расмуссен Москваны Украинанын чыгышындагы орусиячыл жикчилери же жакшы куралданган согушкерлердин зордукчул аракеттерин колдобосун так айтууга үндөдү.

16-апрелде Орусиянын желектери илинген бронетехника чыгыш Украинанын Краматорск жана Словянск шаарларына кирип барышты. Ал эки шаарда жана облустун башка жерлеринде орусиячыл сепаратисттер бир нече күндөн бери өкмөттүк имараттарды ээлеп келатышат.

Киев өкмөтү кийинчирээк орусиячыл күчтөр 6 оор машинаны тартып алышканын билдирди.

НАТОнун айтымында, Орусия Украина менен чек ара аймагына 40 миңдей аскерди топтоп турат. Жана алар Украинанын чыгышына кирүүгө даяр турат.

Москва болсо Украинадагы тополоңдун артында Орусия турат деген Батыштын айыптоолорун четке кагып келатат.

Крымдын аннексиясынан көп узабай, НАТО Орусия менен көпчүлүк тармактардагы кызматташтыгын убактылуу токтоткон. Ага жооп иретинде Москва альянстагы өзүнүн аскерий өкүлүн чакыртып алды. Эми НАТО Украинадагы кризиске жооп иретинде чыгыш чек араларын бекемдегени жатат.

XS
SM
MD
LG