Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:28

Непал: cоңку 80 жылдагы эң чоң зилзала


25-апрелде Непалда болгон жер силкинүүдө каза тапкандардын саны 3200 кишиден ашты. Жарадарлар 6500дөн көп экенин расмий булактар билдирди. Борбор шаар Катмандуда жана өрөөндөгү көпчүлүк турак жайлар кыйрады.

Жер алгач 7,9 баллга жетип солкулдап, андан бир саат өтпөй кайра 6,6 баллга чейин титиреген. Куткаруу иштери уланууда. Непал өкмөтү эл аралык коомчулукка кайрылып, жардам берүүнү суранды.

Непалда 25-апрелде чак түштө болгон зилзала - тоолуу өлкө акыркы 81 жылда баштан кечирген эң чоң табигый кырсык. Андан борбор шаар Катманду жана эл жыш отурукташкан Катманду өрөөнү көп жабыркады. Алгачкы 7,9 баллдык зилзаладан кийин да жер бир нече жолу 6,5 баллдан жогору магнитуда менен силкинди. АКШнын Геологиялык кызматынын билдиришинче, эртеси 26-апрелде да жер 6,7 баллга жетип чайпалды.

Атын атабаган катмандулук киши Индиянын ANI телеканалынын кабарчысына алгачкы жер титирөөнү "Мени чайпалта баштады. Машинем да оодарылып кетчүдөй болуп солкулдап жатты. Ошондо мен жер силкинип жатканын түшүндүм. Жер өтө катуу термелди" деп сүрөттөдү.

Жер кайра-кайра силкинип жаткандыктан, катмандулуктар жана башка шаар-кыштактардын эли үйүнө киргенден кооптонушуп, түндү ачык асман алдында өткөрүүдө.

Эски Катмандудагы бир нече тарыхый имараттар, анын ичинде храмдар жана мунаралар жер силкингенине туруштук бербей урады. 1832-жылы Непалдын канайымы үчүн курулган 60 метрлик Дхарахара мунарасынын ордунда додо болуп урандылар жатат.

Жер силкине баштаган кезде бир миңден ашуун альпинист Эверест чокусун багындырууга аттанып жатышкан. Алардын негизги конушу орношкон журттун жака белинде эки көчкү жүрүп, бери дегенде 17 альпинист курман болду. Алардын ичинде Google компаниясынын жетекчилеринин бири Даниэль Фрединбург да бар. Жабыр тарткандардын саны алтымыштан ашат. Бул Эвересттин тарыхындагы эң кайгылуу окуя. Былтыр кар көчкү альпинисттерге жол көрсөтчү 16 непалдык шерпти басып калган.

Непалдыктар көпчүлүк жерлерде урандыларды кол менен тазалап, басындыда калган адамдарды куткарууга аракет жасашууда. Улуттар Уюмунун билдиришинче, ооруканаларда орун жетишпейт. Жасаттар сакталчу жайлар да толуп кеткен. Азык-түлүк тартыш. Ооруканаларлардын имараты кулап калат деп чочуган врачтар медициналык жардамды шашылыш тигилген чатырлардын ичинде көрсөтүүдө.

25-апрелде Индия, Пакистан, Бангладеш жана Кытайда да жер термелди. Индияда зилзала 60тан көп адамдын өмүрүн жалмады. Жаңы Делиде метро каттамы токтотулду. "Синхуа" агенттигинин кабарлашынча, Тибетте өлгөндөрдүн саны 18ге жетти. Бангладеште төрт адам өлгөнүн "Рейтерс" агенттиги билдирди.

Түштүк Чыгыш Азия өлкөлөрүнүн ассоциациясы Непал, Индия жана Бангладешке жардам көрсөтүүгө даяр. Бул жөнүндө АСЕАНдын тышкы иштер министрлеринин жекшемби күнү Куала Лумпурдагы жыйынында Малайзиянын тышкы иштер министри Анифа Аман маалымдады жана жер титирөөдөн жабыркаган үй-бүлөлөргө көңүл айтты:

- Биз Непалдын, Индиянын, Бангладештин өкмөттөрүнө жана элине, ошондой эле зилзаладан жабыркаган үй-бүлөлөргө көңүл айтабыз. Aдамдардын өлгөнү, турак жайлардын жана инфраструктуранын, анын ичинде ордо шаар Катмандуда жана коңшу райондордо тарыхый жайлардын кыйраганы өкүндүрдү.

АКШ, Британия, Германия, Франция, Пакистан жана башка өлкөлөр Непалга урандынын астында калган адамдарды издеген адистерди жөнөтүштү.

28 миллион элдүү Непал падышалыгы Индия менен Кытайдын ортосунда жайгашкан. 1934-жылкы чоң жер титрөөдө 8,5 миңден көп непалдык набыт болгон.

XS
SM
MD
LG