Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:09

Электр баасы токтогулдуктар үчүн арзандатылат


Токтогулда электр тарифинин кымбатташына каршы өткөн митинг. 2-февраль, 2015-жыл.
Токтогулда электр тарифинин кымбатташына каршы өткөн митинг. 2-февраль, 2015-жыл.

Вице-премьер-министр Валерий Диль баштаган өкмөттүк комиссия Токтогул районунун жашоочуларына электр энергиясын өз наркында берүү чечимин чыгарды. Бул тууралуу райондогу электр жарыгын арзандатуу талабын койгон демилгечи топтун төрагасы Жайлообай Ташыкул уулу “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, аталган чечим күчүнө кириши үчүн ага өкмөт башчысы кол коюшу керек.

5-февралда Токтогулда миңге чукул адам электр жарыгын район калкына ГЭСтен өндүрүлгөн баада сатууну талап кылышкан. Электрдин өздүк наркы 12 тыйынга жакын.

Азыркы тарифке ылайык, жарандар февраль айынан баштап электр кубатына 700 киловатт саатка чейин 70 тыйындан, андан ашкан учурда 1 сом 82 тыйындан төлөшөт. Ал эми электр кубатын өндүрүшкө пайдалангандар 1 сом 97 тыйындан төлөйт. Электр энергиясына баа декабрь айында кымбаттаган. Бирок январдын башында ал президенттин тапшырмасы менен 23 тыйынга арзандатылып, азыркы баага токтолушкан болчу. (UEz)

XS
SM
MD
LG