Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:02

Премьер-министр Бишкекти иретке келтирүүнү тапшырды


Премьер-министрдин айтымында, Бишкек мэриясы борбордогу ири базарлардын айланасын иретке келтирүүгө тиешелүү көңүл бурбай жатат. Ал мэрияга жана шаардагы район жетекчилерине тез аранын ичинде Орто-Сай, Аламүдүн жана башка базарлардын айланасын иретке келтирүү тапшырмасын берип, базар тегерегиндеги мыйзамсыз салынган курулуштарды алып, тазалоо керектигин билдирди.

Шаардагы курулуп жаткан жолдорду текшерүү учурунда Сариев көчө боюндагы мыйзамсыз курулган ресторан имараттарын алуу боюнча эки ай мурун тапшырма берилсе да, анын аткарылбай жатканы үчүн Бишкек шаардык мэриясын жана өкмөт алдындагы Экологиялык жана техникалык коопсуздук боюнча мамлекеттик инспекциясын сындап, тапшырманы аткарууга эки апта убакыт берди.

Бишкек мэриясынын маалыматы боюнча, Жукеев-Пудовкин жана Мухтар Ауэзов көчөсүн оңдоо 1-сентябрга чейин, Алматы жана Султан Ибраимов көчөлөрү 1-августка чейин бүткөрүлөт.

Өкмөт быйыл ички жолдорду куруу жана оңдоодон өткөрүүгө кошумча 1 миллиард сомдон ашык каражат бөлгөн.(AzK)

XS
SM
MD
LG