Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:35

Ырчы Омар камакка алынды


Шоу-бизнес жаатында Омар деген ат менен белгилүү болгон Өмүрбек Жанышевди бүгүн түндө Талас райондук милициясы камакка алды. Бул тууралуу ырчынын үстүнөн арыз жазып, милицияга кайрылган жабырлануучу, ишкер Болот Бейшеналиев “Азаттыкка” билдирди. Анын айтымында, Өмүрбек Жанышев шериги Нуржанбек Токтогулов менен чогуу өткөн жылы июнда ишкерден 40 тонна төө буурчак, 20 миң доллар акчасын алган боюнча кайра бербей, качып жүргөн:

- Фасолду “сатып берем” деп, ага кошуп дагы 20 миң долларды иштетип берем деп алган. Андан бери бир жылдан ашык убакыт өттү, болгону 5 миң долларды бирөөлөр аркылуу берип жиберишкен. Мен алар менен көзмө-көз жолугуп, маселени сүйлөшүп чечели десем, каалашпады. Ошондуктан апрел айында милицияга арыз жазгам.

Болот Бейшеналиевдин айтымында, милицияга арыз жазылгандан кийин жоопкерлер издөөдө жүрүшкөн. Өткөн жумада милиция Нуржанбек Токтогуловду кармап, камакка алган. Ал эми Өмүрбек Жанышев 27-июлда Таласка “Кыргызстан” партиясы менен чогуу концерт бергени барган учурунда кармалып, Токтогулов менен беттештирилгенден кийин камакка алынган. Алар “алдамчылык, алдап ири суммадага акча алган” деген шек менен камалууда.

Жабырлануучунун айтымында, ырчыны бошотуп алууга ал үгүттөп барган “Кыргызстан” партиясынын жетекчилери кийлигишүүдө.

Ички иштер министрлигинен "Азаттыкка" билдиришкендей, учурда ырчы Талас райондук ички иштер башкармалыгынын убактылуу кармоочу жайында жатат. Анын баш коргоо чарасын сот эртең карайт. Ал эми Нуржанбек Токтогулов эки айга камалды.

Ырчынын жактоочулары азырынча окуя боюнча комментарий бере элек. (ZKo)

XS
SM
MD
LG