Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:38

БШК: 26 партия шайлоого катышуу ниетин билдирди


Шайлоо 4-октябрга белгиленген
Шайлоо 4-октябрга белгиленген

Парламенттик шайлоого катышууга ниетин билдирген партиялардын саны 26га жеткенин “Азаттыкка” БШКнын өкүлү Канатбек Азиз билдирди. БШКнын маалыматы боюнча, партиялардын арызын кабыл алуу 2-августта кечки саат алтыда аяктайт.

"Алдыда дагы бир нече партия документтерин тууралап жатат", - деди Канатбек Азиз.

Шайлоого катышууга арызын берген партиялар:

- “Кыргыз ата”
- «Кайран Эл»
- «Бирге-Вместе»
- «Чындык»
- «Кыргызстан»
- «Улуттук кайра жаралуу Асаба».
- «Кыргызстан улуттар Конгресси»
- «Жашылдар»
- «Эгемен Кыргызстан»
- «Союз»
- «Улуу Кыргызстан»
- «Аруу Эл»
- «Келечек-Будущее»
- «Замандаш»
- «Эркиндик жана демократия»
- «Аалам»
- «Республика — Ата-Журт»
- «КСДП»
- «Мекен Ынтымагы»
- «Бүтүн Кыргызстан — Эмгек»
- «Ар-намыс»
- «Бир-Бол»
- «Өнүгүү-Прогресс»
- «Ата Мекен»

- "Коргоол"

- "Эл добушу"

БШК кошумчалагандай, 2-августтан баштап, партияларга үгүт салууга бөгөт коюлат. Планга ылайык шайлоого катыша турган партиялар 5 млн. сом күрөө киргизиши керек. Ал эми партиялардын шайлоо фонду 500 млн. сомдон ашпашы кажет. Шайлоо 4-октябрда өтөт. (SDz)

XS
SM
MD
LG