Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:42

“Ата Мекен” Калыбек Саляновду тизмеден чыгарды


“Ата Мекен” партиясынын тизмесинде 52-орунда турган Калыбек Эстуйбасов тизмеден чыгарылды. Бул тууралуу аталган партиянын басма сөз катчысы Кайыргүл Урумканова билдирди. Анын айтымында, талапкердин өзү тууралуу берген маалыматтарында түшүнүксүз жагдайлар болгон.

Тизмеден чийилген талапкер мурунку баш прокурор Аида Салянованын агасы Калыбек Салянов экенин, фамилиясын өзгөртүп шайлоого катышып жатканын “Азаттык” радиосу атайын иликтөөдө аныктаган болчу.

Калыбек Салянов былтыр жазында табышмактуу жагдайда киши колдуу болгон Камила Дүйшөбаевага байланыштуу кылмыш иште көрсөтмө бергендердин арасында эле.

“Ата Мекен” партиясы Сейдали Сейидов аттуу талапкерди да жашы жете электигине байланыштуу тизмеден өчүргөнү маалым болду.

“Азаттыктын” иликтөөсүнөн соң КСДП партиясындагы кримчөйрө өкүлү, “Дики” деген каймана ат менен белгилүү Дилмурат Акпаралиев да тизмеден чийилген. (SE)

XS
SM
MD
LG