Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:48

Орусияда кул болуп жүргөн кыргызстандыктар куткарылды


Кыргызстандыктар жашаган жер.
Кыргызстандыктар жашаган жер.

Кыргызстандын Москвадагы элчилигинен кабарлашкандай, Владимир облусунун Ковров шаарында кулдукта жүргөн Кыргызстандын 17 жараны куткарылды. Маалыматка караганда, өзүн Чыныгүл деп тааныштырган аял Кыргызстандан 14 кишиден турган топту айына 80-90 миң рубль айлык төлөйт, деп убада берип Москвага, андан ары Ковров шаарына жол киресин төлөп алып кеткен.

Кыргызстандын жана Орусиянын Ички иштер жана Өзгөчө кырдаалдар министрликтеринин өкүлдөрү 20 - 21-ноябрь күндөрү алдын-ала түшкөн маалыматтын чын-төгүнүн аныктоо үчүн аталган шаарга барышкан. Натыйжада тигүү фабрикасында иштегендер эшиги катуу бекитилген имаратта иштеп жатканы аныкталган.

Атайын аракеттин негизинде Кыргызстандын 17 жараны кулчулуктан куткарылды. Алардын сегизи Чыныгүл деген аял алып кеткен топтун катарында болгону аныкталды.

Тергөөдө кыргызстандыктардын паспортторун администратор алып алганы, жасалма келишим түзүлгөнү, айына 7-8 миң рубль айлык төлөгөнү белгилүү болгон. Мигранттар ным, караңгы жерде иштеп, жашап келишкен. Алардын бардыгына паспорттору кайтарылып берилди. Тергөө-иликтөө иштери жүрүүдө. (КЕ)

XS
SM
MD
LG