Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 23:27

Сариев эмгек жамааттарын жаңы жылдык кечелерде ашыкча чыгымга барбоого чакырды


Ала-Тоо аянты, 2014-жыл
Ала-Тоо аянты, 2014-жыл

Бул туурасында премьер- министр Темир Сариев өкмөттүн жыйынында билдирди. Ал жаңы жылдык корпоративдердин ордуна интернаттардагы камкордукка муктаж адамдарга майрам уюштуруп берүү пайдалуураак болоорун белгиледи. Ошол эле учурда ал эмгек жамааттарында жаңы жылды тосуу салт болуп калгандыктан, аларга тыюу салуу мүмкүн эместигин айтып, мындай кечелер артыкбаш чыгымдардан оолак болуп, андагы кызматкерлердин жеке каражатынын эсебинен гана өткөрүлүшү керектигин кошумчалады.

Жыйында келе жаткан аптадан тарта KG сериясындагы автомобилдик номурду колдонуудан баш тартуу чечими да кабыл алынды. Муну менен катар премьер-министр мыйзамга ылайык, анын үй-бүлөсүнө бекитилип берилген унаадан да баш тартты.

Премьер ушул тапта министрлик ведомстволордун ишин анализдөө боюнча комиссия түзүлгөнүн, анын ишинин жыйынтыгында кызматкерлердин штаттарын, автоунааларды жана иш сапарларга кетчү чыгымдардын суммасын оптимизациялоо маселеси караларын билдирди. (AzK)

XS
SM
MD
LG