Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:12

10-февралда Аксыда жергиликтүү активисттер жыйын уюштурат


Анда жергиликтүү эл беш талап менен чыгышмакчы. Бул тууралуу митингдин уюштуруучуларынын бири Шекербек Камчыбек уулу “Азаттыкка” билдирди:

- Талаптарыбыз: соцфонддун төлөмүн мурдагы калыбына келтирүү, жөлөк пулдарды азайтууну токтотуу жана жаш балдардын ырыскысын кеспөө, электр энергиясына акы төлөөдөгү 700 кВттан кийинки кымбаттатууну алып салуу, Аксыдагы чек ара маселесин тез арада чечүү, мамлекеттик камсыздандыруу боюнча 2016-жылдын 1-февралында күчүнө кирет деген мыйзамды жокко чыгаруу.

Уюштуруучулардын айтуусунда, ушул эле талаптар кат жүзүндө 10 күн мурун президентке, өкмөткө жана Жогорку Кеңешке жолдонуп, бирок жооп болгон эмес.

Акциянын уюштуруучулары митингге катышуу талабы менен социалдык өнүктүрүү министрине, соцфонддун төрагасына, Энергохолдингдин башчысына, Жалал-Абад облусундагы өкмөт өкүлүнө жана Аксы районунун акимине кат жиберилгенин маалымдашты. (ZKo)

XS
SM
MD
LG