Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:50

Таластагы митингдин катышуучулары бийликке он күн мөөнөт берди


Талас району
Талас району

Бул тууралуу жергиликтүү активист Малик Тойгожоев “Азаттыкка” билдирди:

- Он күндүк мөөнөт менен талап койдук: Жерүй алтын кени баш болгон 53 кен иштетилбесин, социалдык төлөмдөр кымбаттатылбасын, электр энергиясынын баасы 70 тыйынга түшүрүлсүн. Он күнгө чейин талаптар аткарылбаса, облустук администрациянын алдына митингге чыгабыз.

22-февралда Талас районундагы Манас айыл өкмөтүндө жергиликтүү тургундар митингге чыгышкан. Алар облустагы Жерүй баштаган 53 кенди иштетүүнү токтотууну, социалдык төлөмдөрдү көтөрбөө жана дагы бир нече талаптар менен бийликке кайрылуу жолдошкон.

Жыйын айыл өкмөттөгү Маданият үйүндө өттү. Митингге райондун акими, жергиликтүү аткаминерлер катышкан.

Өткөн жумада Геология жана минералдык ресурстар боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Дүйшөнбек Зилалиев Таласта жыйын куруп, Жерүйдү иштетүү боюнча иштер жазында башталат деп билдирген.(ZKo)

XS
SM
MD
LG