Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:37

Аба ырайы: Күндүн ысыгы 24 градуска жетет


Абанын температурасы кескин жогорулаганына байланыштуу Кыргызстандын тоолуу райондорунда, андагы унаа жолдорунда кар көчкү түшүүсү мүмкүн, айрым жерлерде кар күрткүсү топтолот, айрым жолдор тайгак болуп түнкүсүн муз тоңот. Унаалардын ортосундагы аралык 500 метрден ашпоосу керек, деп эскертет ӨКМ басма сөз кызматы.

27-февралда жаан-чачын болбойт, күн ачык тиет. Тоолуу райондордо жана тоо этектеринде жолдор тоңголок, тайгак болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 3…8 градус жылуу, күндүзү 18…23 градус ысык болот.

Талас облусунда түнкүсүн 0…5, күндүзү 18…23 градус ысыйт.

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 4…9, күндүзү 19…24 градус ысык болот.

Ысык-Көлдө түнкүсүн -1...-6, күндүзү 6...11 градус жылыйт.

Нарында түнкүсүн -9…-14 градус суук, ал эми күндүзү 2…7 градус жылуу.

Суусамыр өрөөнүндө абанын температурасы түнкүсүн -20…-25 градуска чейин төмөндөп, күндүзү -1…-6 градус суук болот. Тоолордо түнкүсүн -18…-23 градус суук, күндүзү 0…5 градуска чейин жылыйт.

27-февралда Бишкекте күн ачык болот. Шамалдын багыты өзгөрүлүп турат, ылдамдыгы 1-6 м/с. Абанын түнкү температурасы 3…5° жылуу, күндүзгү температурасы 20…22° жетет.

XS
SM
MD
LG