Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 19:58

БУУ Пхеньяндын ракета учурганына жооп кайтарат


Пхеньян Ким Чен Ындын буйругу менен космоско сателлит учурулганын маалымдады.
Пхеньян Ким Чен Ындын буйругу менен космоско сателлит учурулганын маалымдады.

БУУнун Коопсуздук кеңеши Түндүк Кореянын ракета учурганын катуу айыптап, “мындай кооптуу жана олуттуу” кадамга жооп катары санкциялар киргизилерин эскертти.

Улуттар Уюму Пхеньяндын ракета учурганына жооп кайтара турганы боюнча билдирүүнү 7-февралда чукул жыйынга чогулган Коопсуздук кеңешинин 14 мүчөсү жана Пхеньяндын өнөктөшү Кытай колдоду.

Жабык жыйын өткөрүүнү Түндүк Корея космоско узун аралыкка учуучу ракетасын жөнөткөндөн кийин АКШ, Түштүк Корея жана Жапония өтүнгөн.

Коммунисттик Кореянын мамлекеттик телеканалы өлкө лидери Ким Чен Ындын буйругу менен космоско сателлит учурулганын, ал ийгиликтүү өткөнүн маалымдады.

Маалыматка караганда, Kwangmyongson-4 деп аталган жабдык Жер орбитасын 94 мүнөт сайын айланууда жана келечекте Пхеньян сателлиттерди учурууну улантууну көздөөдө.

Бирок Түндүк Корея иш жүзүндө ядролук дүрмөт ташыган баллистикалык ракетаны сыноодон өткөргөнүн жаап жашыргысы келет деген божомолдор да айтылууда. Андай сыноолорго Коопсуздук кеңешинин резолюциялары жол бербейт.

Пхеньян январда суутек бомбасын сыноодон өткөргөнүн билдирген. Бирок эл аралык коомчулук чын эле суутек бомбасы жарылганынын далилдери жоктунун айткан.

БУУнун баш катчысы Пан Ги Мун 7-февралдагы ракета учурууга камтамасын билдирип, Түндүк Корея бийлигин “провокацияларды” токтотууга үндөдү.

Москва Пхеньян “дагы бир жолу эл аралык мыйзамдын нормаларына көңүл кош мамилесин көргөздү” деп сындады.

“Мындай аракеттер Корей жарым аралындагы жана Түндүк-чыгыш Азиядагы кырдаалдын курчушуна алып келүүдө жана региондогу өлкөлөрдүн, биринчи кезекте Түндүк Кореянын өзүнүн коопсуздугуна залкасын тийгизүүдө" - деп айтылат Орусиянын тышкы мекемесинин билдирүүсүндө.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги “эл аралык коомчулуктун каршылыгына карабай, Түндүк Кореянын көшөрүп ракета учурушуна байланыштуу өкүнүчүн” ортого салды.

Австралиянын тышкы иштер министри Жюли Бишоп жергиликтүү телеканалга интервью берип:

- Түндүк Корея регионго, бүт дүйнөгө, тынчтыкка кооптонуу жаратууну улантууда. Австралия өкмөтү эл аралык коомчулукка кошулуп, Түндүк Кореянын чагымчыл, кооптуу жана кырдаалды дестабилдештирген аракеттерин айыптайт. Өлкөнүн бийлиги андан көрө көптөн бери азап чегип келаткан элинин муктаждыктарына көңүл бурса, - деп айтты.

Француз президентинин кеңсеси Коопсуздук кеңеши аркылуу мындай ачык провокацияга жооп кайтарууга чакырды.

АКШ мамлекеттик катчысы Жон Керри Вашингтон Жапония жана Түштүк Корея алдында коргонуу жаатында алган милдеттенмелерин жактаарын кайталады. Вашингтон Пхеньянды Улуттар Уюмунун санкцияларын бузгандыгы үчүн жоопко тартуунун үстүнөн Коопсуздук кеңеши менен биргелешип иштеп жатканын кошумчалады.

Ал тапта Кошмо Штаттардын стратегиялык командачылыгы алардын системасы болжол менен Түндүк Корея жаңы учурган ракетанын изин тапканын, ал АКШга коопсуз экенин билдирди.

Жапониянын улуттук телеканалы ракета Окинава аралынын үстүнөн учуп өткөн деген Токио өкмөтүнүн чукул билдирүүсүн тартуулады. Ошондой эле аралдагы Patriot коргоо системасы кореялык ракетанын ыктымал зыянын алдын алууга даяр турганын көргөздү.

Ал эми кошуна Түштүк Кореянын Коргоо министрлиги Сеул жана Вашингтон заманбап ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу боюнча сүйлөшүүлөрдү башташканын билдирди.

Маалыматка караганда, Terminal High Altitude Area Defense (THAAD) деп аталган система Түштүк Корея менен АКШга Пхеньян жараткан коркунучтан коргонууга багытталмакчы.

Бээжин менен Москва болсо ал системаны жайгаштыруу стабилдүүлүккө көлөккө түшүрүп, аймакта жарыша куралданууга жем ташташы мүмкүн деп ырасташат.

Кытайдын тышкы иштер министрлиги расмий сүйлөшүүлөрдү баштоо чечимине “терең камтамасын” билдирди.

Орусия Мамлекеттик думасынын коргоо комитетинин төрагасы Владимир Комоедов "АКШнын Кореяда ракетадан коргонуу системасын жайгаштыруу убадасы бизге, асыресе атомдук күчтөрүбүзгө коркунуч болуп калмакчы” – деди.

XS
SM
MD
LG