Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:30

Дүйнө

Пакистанда "сотту урматтабаган премьер" соттолушу мүмкүн

Жогорку сот премьер Юсуф Гиланини сотко келүүгө милдеттендирди. Ал президент Асиф Зардаринин коррупция боюнча ишинде күбө катары катышышы зарыл дешти.

Президент Асиф Али Зардари (солдо) премьер-министр Юсуф Реза Гилани менен, 16-январь, 2012
Текст көлөмү - +
“Гилани президентке каршы ишти иликтөөгө макул болбогону сотту урматтабагандыгын көрсөтөт”, - деп айтылат Жогорку соттун комментарийинде.

Жогорку сот премьер-министр Юсуф Реза Гиланини 19-янврага чейин өзү сотко келип, суракка катышышы керек деп билдирди.

Мунун баары азыркы президент Асиф Али Зардари айыпталган коррупция ишин иликтөөгө премьер-министр Гилани баш тарткандан кийин болуп жатат. Президентти учурунда 1990-жылдары өзүнүн жубайы Беназир Бхуттонун өкмөтүндө Инвестиция министри болуп турган кезде паракорлукка барган деп айыпташкан.

Гиланинин өкмөтү болсо Зардаринин президент катары иммунитетин эске алып, иликтөө иштерин баштоого каршы болгон.

Жогорку сот өкмөттүн бул чечимин жокко чыгарды. Бул дегени Гилани эми өзү да, премьер-министр катары кол тийбестигине карабай, сот жообуна тартылып калышы ажеп эмес дегенди туюндурат. Непада окуя ушундайча өнүксө, анда Гилани кызматтан кетип, эрте шайлоо жарыяланып калышы ыктымал.

Жогорку соттун бүгүнкү чечими - Пакистандагы жетекчилик өткөн аптада аскерий жетекчилик менен араздашуу башталгандан бери баштан кечирип жаткан мыйзамдуу кыйынчылыктарды бири. Бир апта мурун Гилани коргоо катчысын, аскерий элитанын негизги фигураларынын бирин кызматтан алган болчу.

Өткөн жумада Гилани армиянын башчысы генерал Ашфак Каянини жана Чалгын кызматтарынын ортосундагы кызмат агенттигинин башкы директору, генерал-лейтенант Ахмед Шуя Пашаны “непада өкмөт аркылуу иликтөө жүргүзүүгө болбой калса” деп өз алдынча сотко документтерди даярдап жатышкан, деп айыптаган.

Анын артынан генерал Каяни премьер-министрге “сөзүңүздү кайтарып алыңыз” деген, Гилани аны четке какты.

"Мен парламентке гана жооп берем. Башка эч кимдин айыптоолоруна жооп берүүгө милдеттүү эмесмин, - деди премьер-министр Гилани. - Менин турумум жөнүндө парламент сураса гана жооп берем".

Ал арада Жогорку сот президент Зардари аралашкан болушу мүмкүн делинип жаткан “кат жаңжалын” да изилдеп жаткан чагы.

Ага ылайык, Зардаринин жардамчысы былтыр майда, Пакистанда Усама бин Ладен өлтүрүлгөндөн кийин, АКШнын аскерий жетекчилигине кайрылып, өлкөдө аскерий төңкөрүш жасалып жатканын айтып, аны токтотууга жардам сураган имиш.

Ошол эле маалда, бүгүн Пакистанда парламент өлкөнүн саясий жетекчилигине именим көрсөтүү же көрсөтпөө боюнча добуш бергени жатат.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)