Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 01:08

Бишкек мэри Кулматов кызматтан кетти


Кубанычбек Кулматов
Кубанычбек Кулматов

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматов өз арызы менен кызматтан кеткенин "Азаттыкка" тастыктады жана жакында маалымат жыйынын өткөрөрүн билдирди.

Кулматов кызматтан кетүү тууралуу арызын өкмөткө тапшырды.

Бишкек шаарынын мэри Кубанычбек Кулматовдун өз каалоосу менен кызматтан кетүү тууралуу арызы өкмөт башчыга келип түштү. Бул тууралуу премьер-министр Темир Сариевдин маалымат катчысы Бакыт Асанов “Азаттыкка” билдирди.

Кубанычбек Кулматов башка мамлекеттик кызматка дайындалат деген маалымат да бар.

Алмазбек Атамбаев былтыр 24-декабрда жылды аяктаган маалымат жыйынында, мэрдин ишинин натыйжасы январь айында караларын билдирген. Ал Кулматовдун шаарды таштандылардан арылтуу боюнча чечимин гениалдуу деп атаган. Андан мурдараак Атамбаев Кулматовду таштанды маселеси боюнча кескин сынга алган жана жыл этегине чейин мөөнөт чектеген.

Кубанычбек Кулматов Бишкектин мэри болуп 2014-жылдын башында шайланган эле. Ага чейин өкмөттүн Чүй облусундагы өкүлү, Бажы кызматынын башчысы болуп иштеген.

XS
SM
MD
LG