Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:36

Дүйнө

Орусия жаңы атомдук электр станциясын кура баштады

Орусия Литванын чекарасынан 20 чакырымдай эле алысыраакта жаңы атомдук станциясын кура баштады. Буга жергиликтүү тургундар менен экологдор тынчсыздануусун билдирип жатышат.

Көптөр региондо азырга чейин 1986-жылкы Чернобыль кырсыгынын кесепетин унута элек
x
Көптөр региондо азырга чейин 1986-жылкы Чернобыль кырсыгынын кесепетин унута элек
Текст көлөмү - +
Орусия Калининград облусунда жаңы атомдук электр станциясынын (АЭС) курулушун баштады. 25-февралда анын пайдулабын тургузуу аземине орус вице-премьер-министри Сергей Иванов, Калининграддын губернатору Георгий Бус жана “Росатом” корпорациясынын башчысы Сергей Кириенко катышты.

1986-жылкы Чернобыль кырсыгын эстен чыгара элек аймакта жаңы АЭСтин курулушу тынчсыздануу менен кабыл алынды.

Орусиялык эколог Алексей Яблоков Чернобыль окуяларынан бери коопсуздук күчөтүлгөнүнө карабай, атомдук электр станциялары дале коркунучтуу бойдон калууда дейт.

“Албетте, азыркы АЭСтердин коопсуздугу, Чернобыль станциясыныкына караганда, алда канча жакшыртылган, - деди ал. - Бирок ал баары бир коркунучтуу бойдон калууда. Анткени атомдук станциялар - электр берүүчү бомба. Кандай гана атомдук станция болбосун, жарылып кетиши мүмкүн. Анын күчү атомдук бомбаныкындай болбойт деңизчи, бирок Чернобылдагыдай кырсыкка алып келиши ажеп эмес. Кырсыктын кесепети 10 эсе аз болгон күндө да, ал миллиондогон адамдын кылымдарга созулчу трагедиясына айланышы ыктымал”.

Бирок аны куруп жаткан “Ростатом” Балтика атомдук станциясы толугу менен Европанын стандарттарына ылайык экенин, андан коркуштун кажети жоктугун билдирди. Компаниянын расмий өкүлү Сергей Новиков “Чернобыль кырсыгынан бери атомдук электр станцияларынын коопсуздугу алда канча жакшырганын” айтты.

“Чернобылдагыдан айырмаланып, жаңы станцияга такыр башка типтеги реакторлор коюлат. Биз Калининграддагы Балтика АЭСин 2016-жылы ишке бергенге чейин элдер үчүн атайын маалымат борборун ишке киргизебиз. Адамдар ал жерден АЭС жөнүндө маалымат алышат”, - деди “Ростатомдун” өкүлү Сергей Новиков.

Жаңы АЭСтин курулушуна экологдор да тынчсыздануусун айтышууда. “ЭКОперестройка” бейөкмөт уюмунун өкүлү Рашид Алимов бийликтер берген жооп жетишсиз дейт.

“Алар “Станциядан чыккан уулуу калдыктар Орусиянын өзүндөгү кайра иштетүүчү жайларга жиберилет” деген гана бир ооз сөз айтышты. Калдыктарды Литвадан жер үстүнөн поезд менен гана ташый алышат. Аны суу аркылуу Балтика деңизинен гана алып кеткенге жол бар. Бул – аябай коркунучтуу нерсе”, - дейт Алимов.

Калининградда АЭС куруу боюнча буйрукту Орусиянын премьер-министри Владимир Путин былтыр сентябрда берген. Анын курулушу жалпысынан 6 млрд.доллардан ашат дешет жана биринчи бөлүгү 2016-жылы, экинчиси 2018-жылы ишке берилээри күтүлүүдө.

Балтика атомдук электр станциясынын курулушун анклавтын айланадагы чет-мамлекеттерден көзкарандылыгын жоюу аракети катары да атагандар бар. Орусиянын негизги бөлүгүнөн сыртта жайгашкан Калининград облусу электр энергиясын Литвадан алып келген. Былтыр декабрда Литванын “Игналина” станциясы жабылган эле.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Пикир
     
Бул шеринеге эч пикир жарыялана элек. Башаттык ойду сиз жаза аласыз.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)