Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:29

"Михась" Путиндин сыйлыгын алдыбы?


Орусиядагы «Солнцево» деп аталган белгилүү кылмыштуу топко байланышы бар деп саналып келген Сергей Михайлов.
Орусиядагы «Солнцево» деп аталган белгилүү кылмыштуу топко байланышы бар деп саналып келген Сергей Михайлов.

Орусиядагы «Солнцево» деп аталган белгилүү кылмыштуу топко байланышы бар деп шектелген Сергей Михайлов жакында эле президент Путин аны кол саат менен сыйлаганын айтып чыкты. Кремл бул фактыны четке кагууда.

Орус президенти Владимир Путин Советтер Союзу кулагандан кийинки «жапайы 90-жылдарда» орногон башаламандыкты, кылмыштуулукту жана бандиттик капитализмди бир нече ирет сынга алып келген. Эми ошол доордо пайда болгон, «Солнцево» деп аталган уюшкан кылмыштуу топтун бир кездеги лидери саналган Сергей Михайлов жакында эле Путин аны кол саат менен сыйлаганын жарыялады. Далил катары ал өз сайтына эки баштуу бүркүттүн жана президенттин кол тамгасы басылган саат менен өлкө башчысынын колун айгинелеген сертификаттын сүрөттөрүн жайгаштырды.

Михайлов бул сыйлыкка Экинчи дүйнөлүк согуш ардагерлерине, мамлекеттик сыйлык ээлеринин жесирлерине көрсөткөн жардамы үчүн татыганын жазат. Путиндин маалымат катчысы президент Михась аттуу ысым менен таанымал Сергей Михайловго эч кандай сыйлык ыйгарбаганын айтууда.

"Бул жалган”- деген Дмитрий Песков Кремл Михайловго анын жалган ырастоолоруна байланыштуу эч кандай доомат койбостугун да белгиледи.

“Бизге эмне кереги бар? Биз бул тууралуу расмий билдирүү жасабагандан кийин демек эч нерсе болгон жок”, - деди ал.

Михайловдун сайтындагы сүрөттөр.
Михайловдун сайтындагы сүрөттөр.

Михайлов Орусиянын, АКШнын жана Европанын укук коргоо органдарынын тизмесине орус кылмыш дүйнөсүнүн эң таасирдүү оюнчуларынын бири катары киргизилген. Ошентсе да ал мафия менен ыктымал байланышы бар адам катары бир да жолу сот жообуна тартылган эмес.

​Кийинчерээк Михайлов өз сайтында журналисттерге ачык кат да жарыялады. Анда ал “Мени Орусияда да, чет жактарда да камакка алышканы чын. Бирок акырында алар менден кечирим сурап чыгарышкан. Бул каталары үчүн укук коргоо органдарынын кызматкерлери отставкага кетүүгө мажбур болушкан” деп жазат. Михайлов кошумчалагандай, анын уюму акыркы жыйырма жыл ичинде жүз миллиондон ашык доллар кайрымдуулукка жумшаган жана мындай берешендик Кремлдин көз жаздымында калбаганы эч кимди таң калтырбашы керек эле. “Ардактуу журналисттер эмне себептен Путиндин сыйлыгына арзыганымды ушунча ызы-чуу кылдыңар? Мен эмне татыктуу эмесминби? -деп жазат ал өз билдирүүсүндө.

Москвадагы «Новая газета» басылмасынын кылмыштуулук маселесине адистешкен журналисти Сергей Канев бир тарап ырастап, экинчиси төгүндөгөн маалымат тууралуу мындай деди:

- Президенттин же премьер-министрдин атынан саат, сертификат же ушундай сыяктуу белек берген уюмдар бар. Ошондуктан бул тууралуу айтуу кыйын. Бирок Путин мындай кылмак эмес деп ойлойм.

1980- жылдары пайда болгон "Солнцево" кылмыштуулук тобу эксперттердин жана укук коргоо кызматкерлеринин айтымында, Советтер Союзу кулап жаткан учурда ишкерлерден акча өндүрүп, рекетчилик менен алектенген.

Михайлов топтун башка мүчөлөрү менен бирдикте 1989- жылы камакка алынып, акча талап кылганы үчүн айыпталган. Бул иш күбөлөр көрсөтмө берүүдөн баш тарткандыгы үчүн жабылып калганын ошол кездеги укук коргоо кызматкери Николай Упоров билдирет.

"Михась" кийин Европага көчүп кетип, Швейцарияда жашап жүрүп, 1996-жылдын октябрында уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү катары айыпталып, кармалгандыгы айтылат. Кийинки жылы сот Михайловду далилдердин жоктугуна байланыштуу актап чыгарган. Швейцария бийликтери анда орус кесиптештеринин иликтөөгө көмөк көрсөтпөй, кызматташпай коюшканына нааразы болгон.

2002-жылы Орусиянын уюшкан кылмыштуулукка каршы полициясы Михайловдун жайкы үйүндө мыйзамсыз акча өндүрүү жана адам уурдоо фактыларын иликтөөнүн алкагында рейд өткөргөн. Михайлов өзү эч качан кылмыш жасады деп шектелген эмес.

"Солнцево" тууралуу АКШнын Мамдепартаментинин 2012-жылдагы кыскача маалымдасында сөз болгон. Ал Wikileaks аркылуу белгилүү болуп, Британиянын The Guardian гезитине жарыяланган.

Маалымдамада эксперт Орусиянын Ички иштер министрлиги да, Федералдык коопсуздук кызматы да кылмыштуу синдикат менен “тыгыз байланышта” экенин, атүгүл ФСБ “Солнцево” тобун калкалай турганын белгилеген.

Михайлов бир нече жолу ал ишкер экенин айтып, "Солнцево" синдикатына байланышы бардыгын четке кагып келет.

Путин бийликте болгон акыркы он беш жыл ичинде Михайлов Орусиянын саясий элитасы, аскерий, ишкер жана диний чөйрөлөрү менен мамиле куруп, аралаша алгандай.

"Михайловдун бул чөйрөлөргө кеңири аралашып жүргөндүгүнө карабастан, орусиялык жана эл аралык кылмыштуу топко байланышы бар адам алган сыйлыкка президент кол тамгасын пайдаланууга жол бергени таңкалычтуу",- деди орус уюшкан кылмыштуулук боюнча эксперт Марк Галеоти.

- Бул эки себептен улам таңкалычтуу. Биринчиден, Михась улуттук жана эл аралык деңгээлде абдан белгилүү. Сиз Москвадагы каалаган китеп дүкөнгө кирип ал жана анын кылмыш ишмердүүлүгү тууралуу китептерди тандап алсаңыз болот. Экинчиден, мындай иш мамлекет атынан жасалса бир жөн, бирок ага президент Путиндин өзү тартылганы, албетте, таңкалычтуу.

Михайлов өз сайтында ошондой эле Орусия Украинанын Крым аймагын расмий түрдө аннексиялап алардан төрт күн мурда, бул аймактын тарыхый биригүүсүнө кошкон салымы үчүн советтик жана орус аскерий деңиз флотторунун мурдагы башчысы, адмирал Владимир Чернавиндин атайын медалына ээ болгонун да жазат.

XS
SM
MD
LG