Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:56

"Кара тизмеден" кутулуу мөөнөтү аяктоодо


Москвадагы кыргыз мигранттар (сүрөттөгү каармандардын макалага тиешеси жок)
Москвадагы кыргыз мигранттар (сүрөттөгү каармандардын макалага тиешеси жок)

Орусияда "кара тизмеге" кирип калуу ыктымалдыгы жогору делген тобокел тобундагы 190 миң адамдын 30 миңдейи гана учурда бул топтон чыга алышты.

Орусияда тобокел тобунда жүрүп, аймактан чыкса эле "кара тизмеге" түшүп калуу коркунучундагылар быйыл 10-июлдан 1-ноябрга чейин өлкөдөн чыгып, кайра кирсе, миграциялык тарыхы тазаланмак. Мындай чечим быйыл жай алдында кабыл алынган. Анткен менен мөөнөт аяктарга жакын тобокел тобунда делген 190 миң адамдын 30 миңдейи гана учурда бул топтон чыга алышты. Айрымдар "чыгып кайра кире албагандар көп" деп, бул келишимге ишенбей жатышат.

Тимурлан Тураталиев окуучу кезинде КМШ мамлекеттери ортосундагы эл аралык Олимпиадага катышып, космонавтика-аэронавтика боюнча 3-орунду алган. Ошондон кийин Москвадагы техникалык Станкин университетине тапшырып, аны кызыл диплом менен аяктап, быйыл магистратурага тапшырган. Ал Бишкекке үйүнө учурашканы келген бойдон кете албай отурат:

- Эки сабактан калдым. Эми группалаштарга жетиш үчүн аябай окушум керек. Мени "кара тизмеге" киргизип койгонуна аябай таң калдым. Анткени биздин – студенттердин документтерин, каттоосун окуу жай бүтүрөт. Бул жагынан баары жайында болчу. Эмнеге киргизгенин билбейм.

Быйыл жайында эле президенттердин деңгээлинде келишимге кол коюлуп, ага ылайык, Орусиянын аймагында жүрүп, административдик жазага кириптер болгондор, же миграциялык эрежелерди бузгандар, кыскасы, Орусиядан чыкса эле "кара тизмеге" түшүп калчуларга атайын шарт коюлган.

Ага ылайык, алар 10-июлдан 1-ноябрга чейин Орусия Федерациясынын аймагынан сыртка чыгып, кайра эч тоскоолдуксуз кире алмак. Биздин каарман Тимурлан ошондой кылганына карабастан Москвадагы окуусуна жете албай отурат. Ал Кыргызстандын Эмгек, миграция жана жаштар министрлигине арыз менен кайрылды. Расмийлер студенттердин маселеси башкаларга караганда батыраак чечилерин айтышат.

Макаланы жазып атканда 13-июлда чыгып, кайра кире албай калган, атын атагысы келбеген дагы бир жаран кайрылды. Ал бирок, расмий органдарга арыз жазбаптыр. Минтип арыз менен кайрылбагандар көп.

Алар маселеси таптакыр чечилбей жатканын тууган-досторуна айтып, же интернетке жазып, тобокел тобунан чыгуу мүмкүн эмес деген пикир жаралууда дейт Москвадагы кыргыздар үчүн чыккан гезиттин редактору Жылдыз Осмонова:

- "1-ноябрга чейин кирип чыккыла" дегенге кайра кире албай калгандар бар экенин уккандар ишенбей атышат. Алар тобокелдикке баргылары келбей атат. Чыккандан кийин кайра кире албай калсам, жумушумдан айрылып калам деп корккондор көп. Ошон үчүн алар башка жолдор менен каттоосун узартып атышат. Мисалы, алар чек арадан чыкпай эле документ жасагандардан миграциялык карта сатып алышат. Ошону менен үч айга каттоого туруп, ал бүтсө кайра дагы жасатышат. Алар баары бир бир-эки жыл иштесем, Кыргызстанга биротоло кетем, ага чейин тобокел кылбай эле ушул жерде жасалма документ менен жүрө турайын дешет.

Анткен менен жасалма документ менен жүргөндөр кармалып кала турган болсо же кийин чек арадан өтүп калса соттун чечими менен 5тен 10 жылга чейин кайра кирүүсүнө тыюу салынышы мүмкүн.

Кыргызстандын расмийлери келишим иштебей атканын техникалык себептерге байланыштырууда. Ошондой эле канча адам чыгып, кайра кире албай калганы тууралуу да статистикалык маалыматтары жок. Ошентсе да, арыз менен кайрылгандардын ар бирине жардам берип, алардын аты-жөнүн Орусия Федералдык миграция кызматына жеткирип, кайра кирүүсүнө жардам беребиз дейт Эмгек миграция жана жаштар министрлигинин маалымат катчысы Айсулуу Исабекова:

- Келишимге ишенип, кирди-чыкты жасоо керек. Эгер чыгып кайра кире албай калгандар болсо, биздин министрликтин коомдук кабылдамасына жана миграциялык саясат башкармалыгына арыз менен кайрылышсын. Биз аларды бекер тейлейбиз.

Эки тараптуу келишимдин бүтөрүнө 20 күндөн бир аз көбүрөөк гана убакыт бар. Ошого чейин миграциялык тарыхын тазалабагандар кийин бул мүмкүнчүлүктөн кол жууйт деп расмий органдар эскертүүдө.

XS
SM
MD
LG