Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:39

Кыргызстан

Кыргыз режимине Орусиянын “кыйыр таасири”

Орусия ЖККУнун алкагында Кыргызстанда экинчи аскерий базасын жайгаштыраары быйыл Чолпон-Ата саммитинде айтылган. 1-ноябрга чейин Москва менен Бишкек ал боюнча келишимге кол коюшу керек. Ага болгону үч күн калды.

Президенттер Д.Медведев менен К.Бакиев Чолпон-Атадагы чечимин ырастоого даярбы?
Текст көлөмү - +
“Азаттык” бул маселе боюнча пикирин сурап, Борбор Азия боюнча орусиялык эксперт, Москвадагы “Карнеги” корунун аналитиги Алексей Малашенкого кайрылды.

Төрөкул Дооров: Демек, айтылган мөөнөткө үч күн калды. Эки өлкө орус аскерий базаларынын статусу тууралуу келишимге кол коюшабы же, Ташкендин пикири эске алынып, бул кийинкиге калтырылышы мүмкүнбү?

Алексей Малашенко
Алексей Малашенко:
Биринчиден, келишимге кол коюу – Орусия менен Кыргызстандын жеке иши. Буга эч кандай үчүнчү тарап кийлигише албайт. Экинчиден, бул база башка жерге эмес, Кыргызстандын Өзбекстан менен чектеш аймагына жайгашаары анык. Ал жерде, өзгөчө Фергана өрөөнүндө, проблемалар арбын экенин билебиз. Өзбекстан акырындап Кыргызстандын аймагына сылжып баратат. Бул – эң туруксуз чекара.

Бирок базанын ачылышы менен эки негизги проблема жана суроо жаралышы мүмкүн: Биринчиден, ал жерде чекарада кандайдыр бир конфликт чыгып кетсе, орус аскерлеринин аракети кандай болот? Экинчиден, азыр Өзбекстан ЖККУнун (Жамааттык Коопсуздук Келишими - ред.) алкагындагы иш-чараларга дээрлик катышпай калды. Бирок расмий түрдө анын катарында. Бул уюмдун шарттарына ылайык, эгерде ага мүчө өлкөлөрдүн биринде коркунуч пайда болсо, баардык калган мүчөлөр ага жардам бериши керек. Кыргызстан болсо Өзбекстан менен чекарасында чыр чыга турган болсо, аны “өлкөгө коркунуч” деп таанышы ыктымал. Мындай учурда ЖККУнун аракети кандай болот? Ушундай суроолор бар. Андыктан бул базанын турушу, Бакиев жана анын орус өнөктөшү айтып жатышкандай, региондо туруктуулукту камсыз кылууга кепил болуп эле калбайт. Бул аймактагы көп тараптуу алакалардагы проблемаларды ачыктайт. Андыктан базаны жайгаштыраардан мурда, жакшылап ойлонуп көрүш керек.

Төрөкул Дооров: Кыргызстан менен Орусия 1-ноябрга чейин ал келишимге кол коюшат деп ишенесизби?

База туруктуулукка кепил гана эмес, талаштуу проблемаларга себепчи да болушу мүмкүн
Алексей Малашенко:
Менимче, алар келишимге кол коюшат. Негизи, саясатчылар жөнүндө сүйлөгөндө кандай болоорун болжош кыйын. Анткени саясатта дайыма “макул” жана “каршы” деген чечимдер жанаша жүрөт. Анын үстүнө Борбор Азияда адаттан сырт саясий кадамдар жасалып калат. Менимче, келишимге кол коюшат. Бирок анын эртеси эле аймакта танка-пушкалар пайда боло калбайт, бул өзүнчө бир узакка созулчу жараяндын башталышы гана болот.

Төрөкул Дооров: Кыргызстанга экинчи орус базасы эмне үчүн керек экени белгилүү - ал түштүк аймагын куралдуу топтордонбу, Өзбекстанданбы, айтор, коргогусу келет. Ал эми Орусияга аны ачуунун эмне кереги бар? Орусиянын максаты эмнеде?

Алексей Малашенко: Орусия дайыма аскерий-саясий таасирин күчөтүүгө аракет кылып келген. Ошондуктан базалар Москва үчүн өзгөчө мааниге ээ. Бул Орусиянын ошол жердеги таасири күч экенин көрсөтөт, Кыргызстан менен аскерий, саясий тармактарда кызматташтык бар экенин айгинилейт. Мен муну, керек болсо, азыркы кыргыз режимине каршы “кыйыр таасирдин формасы” деп атамакмын.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Рахат каяктан: Ош Бишкек
01.11.2009 22:02
Менимче өлкөлөр арасындагы саясат, дегеле жалпы мамиле жөнүндө сүйлөгөнүбүздө, айрыкча биздин Орто Азия, Россия өндүү эл эркиндиги ченелген региондордо, "Кыргызстан" же "кыргыздар", "кыргыз тарап " дегендин ордуна "Бакиев" деп, "Өзбекстан", "өзбектер" ж.б.у.с дебей "Каримов" деп, "Россия" ж.б.у.с дебей Путин (балким Медведев) деп сүйлөсөк так, туура болот.

кимден: дурус каяктан: москва
30.10.2009 13:04
менин айтарым биз тигил бул дейбиз бирок командир акам өзү билип өзү койот бир жагы бизге жакшы себеби кудай сактасын го бизге бирөө кол салса биздин ишенеерлик эмнебиз бар жок дегенде бир жаңы танккабыз барбы ошол жагында ойлонуш керек кыскасы базаны ачканы жакшы кичине болсо дагы конушулаштар чоочулап турат.

кимден: Толкунбай каяктан: Москва
29.10.2009 19:48
Канчалаган кыргызды багып келет россия,Турк тилдүү тууганыбыз Казахстан кандай кабыл алганын билсеңер керек кыргыз ачка калганда,Азыр орусиядагы жүз миңдеген кыргызды, өгөйлөсө да баткырып айлык берип багып келе жатат орустар. Алар бизди өзбектер менен уруштурганы эмес бизге жардам бергени келе жатат

кимден: БТА каяктан: Бишкек
29.10.2009 17:12
Албетте Кыргызстан башка бирөөлөрдүн базаларын өз аймагында жайгаштырбай эле койсо дагы жакшы болмок. Бирок Аташ айткандай өзбектердин таасирин басандатуу үчүн башка азырынча чара жоктой....

кимден: Жаку каяктан: Бишкек
29.10.2009 16:12
Озбектер эч качан согуш жарыялап, биздин жерибизди басып албайт.Орустар адаттагыдай түрк элдерин бир-бирине каршылатып келген жана каршылата берет. Бекер өзбек туугандарды душман кылбагыла, орус жүргөн жери чатак.Орустун күчү турк элдеринин бир-бирине душман болгонунда, анткени оздорундо турк элдери бар, алар кокус кучтуу болуп эгемендуулукту коздоп калса, анда кучтуу Орусия жок болот. Ошондуктан алар бизге жамандык эле каалайт. Ошону унутпай жургуло, бекер аталарыбыз айткан эмес "Орус менен дос болсон,ай балтанды ала жур" деп.Аскер базасы кереги жок, кийин окунуп калабыз!

кимден: Аташ каяктан: Өзгөн
29.10.2009 13:35
Мен буга макулмун, себеби өзбек туугандарды бир аз порядкага келтирүү керек! Түндүктө жашагандар, бул жакта чек арада жашагандарга канчалык кыйын экенин билишпейт. А, өзбектер кыргыздарды канчадан бери кыйнап келетат. Мамлекет кээде гана бул маселени көтөрүп коет.

кимден: Kyrgyzbai каяктан: Bishkek
29.10.2009 11:13
Kyrgyzstandyn tushtuguno Orustardyn asker maidanyn achkysy kelip jatkany Orus otorchularynyn Orto Azia cholkomunon dagy ele chygyp ketkisi kelbei turganyn spattap turat...

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине

           
 
 
 
 
 
 
 

Биздин тасма

Видео тасма Лондон - 2012: Айсулууга ак жол!

Лондон олипиадасына аттана турган спортчулардын бири - 19 жаштагы эркин күрөш боюнча балбан кыз Айсулуу Тыныбекова. Ал Кыргызстандын спорт тарыхында олимпиадага күрөш боюнча аялдардан биринчи болуп катышат. "Азаттык" Айсулуунун спорттук жашоосуна кызыкты. 11-май, 2012 (EK/ZhDzh)