Бейшемби, Май 24, 2012 Бишкек убакыты: 22:42

Саясат

Путин Орусияны кантип коргойт?

“Независимая газетага” чыккан макаласында Путин улутчулдукту сындап, ошол эле учурда миграция боюнча мыйзамды катаалдаштырууну сунуштайт.

Президенттикке талапкер Владимир Путиндин интернеттеги шайлоо баракчасы.
Текст көлөмү - +

“Независимая газета” менен өкмөттүн интернет барагына жарыяланган көлөмдүү макала премьер Путиндин шайлоо алдындагы программасынын өзөгүн түзөөрү айтылууда. Макалада автор улутчул идеялардын жайылышын сынга алып, “бир тектүү мамлекетке айлануу - орус эли менен орус мамлекеттүүлүгүн жок кылуунун эң кыска жолу” деп сыпаттайт. Ошондой эле өлкөнүн учурдагы миграциялык саясаты коомдо нааразылыктардын пайда болушуна түрткү болгондуктан, мындан ары мыйзамды күчтөндүрүү сунушталат.

Путин дүйшөмбүдө Орусиянын түштүгүндөгү Кисловодск шаарындагы форумга  катышып, “Биздин өлкөдө жашаган ар бир адам өз дини менен этностук тегин унутпашы керек. Бирок ал баарынан мурда улуу Орусия өлкөсүнүн жараны болуусу абзел”, - деп белгиледи.

- Көпчүлүк учурда улут аралык кагылыштардын башкы себеби -  Орусиянын ар кыл аймактарында экономикалык өнүгүүнүн тегиз эместигинде. Буга массалык эмиграция, жергиликтүү бийликтердин тартипти орнотууда алсыздыгы, коррупция, жакырчылык, социалдык камсыздоонун алсыздыгы жана мыйзамсыздык кошумча болууда.

Өз макаласында Владимир Путин саясий оппозициянын алдыңкы сабына чыккан,  улутчул маанайдагы таанымал блоггер Алексей Навальныйдын Кремлге “Кавказды багууну токтот!” деп, Сибирь менен Москва облусуна субсидия бөлүүнү токтотууга чакырыгын дагы сындап өтөт.

“Биз кылымдар бою бирге жашап келебиз. Эң каардуу согуштарды чогуу баштан өткөрдүк. Келечекте дагы чогуу жашайбыз. Ал эми бизди экиге бөлүүнү самагандарга менин айтаарым - күтө тургула”, - деп жазат автор. 

Улутчулдукту сындаган бул макалада Орусиянын миграциялык саясатын катаалдаштыруу, өлкөгө келгендерди каттоону, алардан орус тил, тарых жана адабияттан экзамен алууну мыйзамга киргизүү сунуштары айтылат.

Орусиядагы таанымал жазуучу, Владимир Путинди такай сындап жүргөн Борис Акунин премьердин улут аралык сабырдуулукка чакырганы риторикалык мүнөзгө гана ээ болуп, Орусиянын чыныгы турмушуна сыйбай тургандыгын айтат:  

- Владимир Путиндин теориялык көз караштан айткандары иши менен дал келбейт. Бул макаладагы анын улуттук өзгөчөлүккө токтолуп, адамдардын этностук теги аркылуу саясий көз карашын аныктоосу жөнүндө айтканы бири-бирине коошпогон нерселер.

Москвадагы Карнеги борборунун серепчиси Маша Липман өлкө башына келүүгө камынган саясатчынын маанилүү маселени козгогону жакшы жышаан экенин белгилеп, бирок макаладагы карама-каршылыктуу ойлор кооптонууну жаратаарына токтолот:  

- Макалада айтылгандардын көбү бири-бирине карама-каршы келет. Маселен, Путиндин мигранттарды каттоо боюнча мыйзамды катаалдаштыруу сунушу. Путин бул жөнүндө орусиялыктарга видео кайрылуусунда айткан эле. Каттоо практикасы бул советтик мезгилдеги аскердик мыйзамдан калган. Каттоого талаптарды күчөтүү, албетте, өлкөнүн ичинде ээн-эркин жүрүүнү чектейт, бул болсо Конституцияга карама-каршы келет.

Өкмөт башчы Путин улут аралык маселени президенттик шайлоону утурлап көтөрдү. Учурдагы премьер алдыдагы 12 жылга бийлик башына келээрин жарыялагандан бери Орусияда Кремлге нааразылыктын толкуну күчөдү.

Жүктөө
​​
Өткөн жылдын 10-декабрында Москвада бийликке нааразы болгон миңдеген адамдар митингге чыккан. 

Орусияда ушул тапта 4-мартта өтө турган президенттик шайлоого талапкерлерди каттоо жүрүүдө. Азырынча шайлоого парламенттеги төрт партия сунуштаган төрт талапкер “Бирдиктүү Орусиядан»  Владимир Путин, коммунисттердин лидери Геннадий Зюганов, “Акыйкат Орусия” партиясынан Сергей Миронов жана либерал-демократиялык партиянын жетекчиси Владимир Жириновский расмий катталды.
Бул шерине жабылды, эми талкуу "Фейсбуктагы" барагыбызда (Azattyk.unalgysy) уланат.
Электөө
Пикир
     
кимден: Болот каяктан: Москва
28.01.2012 12:30
Путин бул пландарын ишке ашырса, жаны корупсияга алып келет.Россияда закон закон эмес бардык , нерсени акча чечет .

кимден: Аты-жөнү жазылбаган
24.01.2012 23:58
Путин предложил ужесточить правили перерегистрации для мигрантов. Путин сказал, что мигранты должны будут сдавать экзамены на знание русского языка, русской литературы, истории Руси. У меня по этому такой вопрос: разве в в России живут только русские? Там ведь так же живут татары, башкиры, калмаки, якуты, буряты, хакасы, корейцы, кумыки и т.д. 90% территории нынешней России составляют нерусские земли. Почему Путин собирается проверать только знание русской литературы и истории Руси? А как же история Тюркского Мира, к которым относяться татары, башкиры, хакасы, якуты, кумыки, ногайцы, казахи, саха. Как же знание тюркских языков и тюркской литературы? Русские хотят, чтобы их культурные права не нарушались в Казахстане, Кыргызстане, в странах Балтии, куда они попали 70-130 лет назад. А малые народы России живут на своиз землях с самого начало, и это русские пришлые. Но там для них нет таких культурных прав какими русские обладают в Кыргызстане и Казахстане. Что за несправедливость? Путин дискриминтрует права нацменьшинств.

кимден: голивуд каяктан: Бишкек
24.01.2012 10:16
эгерде анын бул аракети ишке аша турган болсо кыргызстан үчүн дагы чоң проблема жаралаары бышык. анткени азыркы учурда биздин жүз миңдеген мигранттарыбыз россияда тил билсе билбесе да эптеп жан багып жүрүшөт. а негизи менин жеке пикиримде Путиндин бул кадамы жөн гана саясий лозунг катары кетти десе болот. анткени бул аракет менен ал эки тараптын тең көңүлүн алгысы келип жатат. катаалдатыш керек деген сөзү менен улутчулдардын көңүлүн жайгарат. ал эми бардыгыбыз Россиянын жараны болуш керек деп башка улуттарды өзүнө чакырык таштап жатат.

Назарда

Видео тасма Тагдырдын сыноосунан өткөндөр

“Укук жана тагдыр” түрмөгүнүн каармандары Үкөй Мураталиева жана жыгач сатып иштөөчү ишкана ээси Рустам Орозов. Толук

Онлайн шерине